Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Mealler fihristi


Anlam tercümesi Ayet: (5) Sure: Sûratu'n-Nisâ
وَلَا تُؤۡتُواْ ٱلسُّفَهَآءَ أَمۡوَٰلَكُمُ ٱلَّتِي جَعَلَ ٱللَّهُ لَكُمۡ قِيَٰمٗا وَٱرۡزُقُوهُمۡ فِيهَا وَٱكۡسُوهُمۡ وَقُولُواْ لَهُمۡ قَوۡلٗا مَّعۡرُوفٗا
Оо, кепилдикке алгандар, жетимдердин мал-мүлкүн али иштетүүгө күч-кудурети жете элегинде аларга бербегиле. Бул малды Аллах Таала алардын жашоо-турмушун тикелей турган, адамдардын ортосундагы мамилени бекемдей турган себеп кылып койгон. Ал акылы жете электер, малын сактоону билбейт. Ошон үчүн аларды өзүнүн малдарынан жедирип-ичирип, кийинткиле. Аларга жакшы сөз айткыла. Балакатка жетип, ак-караны ажыратып калганыңарда мал-мүлкүңөрдү өзүңөргө берем деп кубанткыла.
Arapça tefsirler:
Bu sayfadaki ayetlerin faydaları:
• الأصل الذي يرجع إليه البشر واحد، فالواجب عليهم أن يتقوا ربهم الذي خلقهم، وأن يرحم بعضهم بعضًا.
Адамзаттын жаралышы да, кайтчу жери да бир. Жараткан Жаратуучусунан коркуу, бири-бирин урматтоо адам баласына важыб, милдет.

• أوصى الله تعالى بالإحسان إلى الضعفة من النساء واليتامى، بأن تكون المعاملة معهم بين العدل والفضل.
Аллах Таала аялдарга жана жетимдерге жакшы мамиле кылууну осуят кылды. Аларга адил, жакшы мамиле кылуу зарыл.

• جواز تعدد الزوجات إلى أربع نساء، بشرط العدل بينهن، والقدرة على القيام بما يجب لهن.
Төрт аял алууга уруксат, бирок баарына адилет болуу шарт жана алардын акысын берүүгө кудурети жетүүсү кажет.

• مشروعية الحَجْر على السفيه الذي لا يحسن التصرف، لمصلحته، وحفظًا للمال الذي تقوم به مصالح الدنيا من الضياع.
Малды туура пайдалана албаган акыл-эси кем адамдын мал-мүлкүн убактылуу алып турууга шариятта уруксат. Анткени, жашоого зарыл болгон мал-мүлкүн жоготуп алуу коркунучу бар жана буга жол бербүүгө болбойт

 
Anlam tercümesi Ayet: (5) Sure: Sûratu'n-Nisâ
Surelerin fihristi Sayfa numarası
 
Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Mealler fihristi

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Kapat