Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Mealler fihristi


Anlam tercümesi Ayet: (94) Sure: Sûratu'n-Nisâ
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا ضَرَبۡتُمۡ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ فَتَبَيَّنُواْ وَلَا تَقُولُواْ لِمَنۡ أَلۡقَىٰٓ إِلَيۡكُمُ ٱلسَّلَٰمَ لَسۡتَ مُؤۡمِنٗا تَبۡتَغُونَ عَرَضَ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا فَعِندَ ٱللَّهِ مَغَانِمُ كَثِيرَةٞۚ كَذَٰلِكَ كُنتُم مِّن قَبۡلُ فَمَنَّ ٱللَّهُ عَلَيۡكُمۡ فَتَبَيَّنُوٓاْۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٗا
Эй, Аллахка ишенип, пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, Аллах жолунда казатка аттансаңар, ким менен согушарыңарды жакшылап билип алгыла. Мусулман экени көрүнүп турган адамга сен мусулман эмессиң, сен жаның же малың үчүн коркуп эле мусулман көрүнүп жатасың дебегиле. Анан анын болор-болбос дүйнөсүнө кызыгып өлтүрөсүңөр. Аллахтын алдында олжо көп, ал олжо мына бу силер алган нерседен жакшы жана түбөлүктүү. Силерде бир кезде тиги сыяктуу коомуңардан ыйманыңарды жашырып коркуп жүргөнсүңөр, кийин Аллах Таала силерди ислам менен кубаттандырды, каныңарды сактады, эми ишиңерди так билгиле. Силердин кылганыңар канчалык кичине болбосун Аллахка жашыруун калбайт, кийин ошол ишиңерге жараша сый же жаза аласыңар (Жихадга бара жаткан сахабалар, алдынан чыккан киши мусулманча салам айтса, "бул коркуп эле салам айтты, өзү каапыр экен" деп өлтүрүп, мал-келин айлап кетишет. Аллах Таала аларды туура эмес кылганы үчүн жемелеп, бир кезде өздөрү да ушинтип коркуп-үркүп жүргөнүн эскертти).
Arapça tefsirler:
Bu sayfadaki ayetlerin faydaları:
• جاء القرآن الكريم معظِّمًا حرمة نفس المؤمن، وناهيًا عن انتهاكها، ومرتبًا على ذلك أشد العقوبات.
Куран Карим ыймандуу адамдын жанын улуу, кол тийгис кылды, аны өлтүрүүгө тыюу салды жана өлтүргөн адамдын акыбети оор болорун эскертти

• من عقيدة أهل السُّنَّة والجماعة أن المؤمن القاتل لا يُخلَّد أبدًا في النار، وإنما يُعذَّب فيها مدة طويلة ثم يخرج منها برحمة الله تعالى.
Ахлу суннат вал жамаат (сүннөт жана жамаат ээлери) ишениминде ыймандуу адамды өлтүргөн киши тозокто түбөлүк калбайт, күнөөсүнө жараша азапталгандан кийин Аллахтын ырайымы менен тозоктон чыгат

• وجوب التثبت والتبيُّن في الجهاد، وعدم الاستعجال في الحكم على الناس حتى لا يُعتدى على البريء.
Казаттка чыкканда ким менен согушаарын жакшы билип, тактоо милдет, ошондой эле чындыкты билмейинче бирөөлөргө өкүм чыгарууга шашылбоо зарыл.

 
Anlam tercümesi Ayet: (94) Sure: Sûratu'n-Nisâ
Surelerin fihristi Sayfa numarası
 
Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Mealler fihristi

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Kapat