Check out the new design

Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - Muhtasar Kur'an-ı Kerim Tefsiri Kırgızca Tercümesi * - Mealler fihristi


Anlam tercümesi Sure: Sûratu'l-A'râf   Ayet:
قَالَ يَٰمُوسَىٰٓ إِنِّي ٱصۡطَفَيۡتُكَ عَلَى ٱلنَّاسِ بِرِسَٰلَٰتِي وَبِكَلَٰمِي فَخُذۡ مَآ ءَاتَيۡتُكَ وَكُن مِّنَ ٱلشَّٰكِرِينَ
Аллах Таала Мусага: "Эй, Муса, Мен сени Өзүмдүн диним менен жөнөткөндө сени адамдардан тандап артыкча кылдым. Ошондой эле, эч ортомчусуз сүйлөп сени артыкча кылдым. Мен берген бул кадыр-баркты ал жана бул улуу сый үчүн Аллахка шүгүр кылуучулардан бол" - деди.
Arapça tefsirler:
وَكَتَبۡنَا لَهُۥ فِي ٱلۡأَلۡوَاحِ مِن كُلِّ شَيۡءٖ مَّوۡعِظَةٗ وَتَفۡصِيلٗا لِّكُلِّ شَيۡءٖ فَخُذۡهَا بِقُوَّةٖ وَأۡمُرۡ قَوۡمَكَ يَأۡخُذُواْ بِأَحۡسَنِهَاۚ سَأُوْرِيكُمۡ دَارَ ٱلۡفَٰسِقِينَ
Анан Мусага Исраил урпактары дүйнө жана акырет иштеринде муктаж боло турган бардык иштерди угуучулар үчүн насаат кылып жана баяндоого муктаж болгон өкүмдөрдүн баян-чечилмелерин тактайга ж.б. нерселерге жазып бердик. Эй, Муса, Тооротту бекем кармап, коомуң Исраил урпактарын анда айтылган сабырдуулук, кечиримдүүлүк сыяктуу сооп-сыйы көп жакшы иштерди аткарууга буйру. Менин буйругумду аткарбай, баш ийүүдөн чыгып кеткендердин акыбети кыйроо болорун силерге көрсөтөмүн".
Arapça tefsirler:
سَأَصۡرِفُ عَنۡ ءَايَٰتِيَ ٱلَّذِينَ يَتَكَبَّرُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِ بِغَيۡرِ ٱلۡحَقِّ وَإِن يَرَوۡاْ كُلَّ ءَايَةٖ لَّا يُؤۡمِنُواْ بِهَا وَإِن يَرَوۡاْ سَبِيلَ ٱلرُّشۡدِ لَا يَتَّخِذُوهُ سَبِيلٗا وَإِن يَرَوۡاْ سَبِيلَ ٱلۡغَيِّ يَتَّخِذُوهُ سَبِيلٗاۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا وَكَانُواْ عَنۡهَا غَٰفِلِينَ
Аллахтын пенделерине жана чындыкка акыйкатсыздык менен текеберленип, далил-белгилерди көргөн сайын жокко чыгарып, ага тоскоолдук кылып, андан четтеге жана Аллах менен Анын элчисинин чегинен чыккан, Аллахтын ыраазылыгына алып бара турган туура жолду көрсө ага түшпөгөн жана кызыкпаган, Аллахтын казабына алып бара турган тескери жолду көрсө, ошого түшүп кеткен адамдарды өзүндөгү жана ааламдагы белгилерге көңүл бурбай турган жана китебимдеги аяттарды түшүнө албай турган кылып буруп коёмун. Бул алардын элчилер алып келген нерсенин чын экендигине далил болгон Аллахтын аят-белгилерин жалганга чыгарып, ага көңүл буруп карабаганы үчүн болду.
Arapça tefsirler:
وَٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا وَلِقَآءِ ٱلۡأٓخِرَةِ حَبِطَتۡ أَعۡمَٰلُهُمۡۚ هَلۡ يُجۡزَوۡنَ إِلَّا مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Пайгамбарларыбыздын чындык экенине далил болгон биздин аяттарбызды жана кыямат күну Аллахка жолугууну жалганга чыгаргандардын ибадат катары жасаган иштери жараксыз болуп текке кетет жана ал үчүн сооп алышпайт, анткени иштердин кабыл болуусунун негизги шарты болгон ыйман болбоду. Кыямат күнү алар Аллахка ширк кылганы жана каапырлыгы үчүн жазаланат, алардын жазасы тозоктоо түбөлүк калуу.
Arapça tefsirler:
وَٱتَّخَذَ قَوۡمُ مُوسَىٰ مِنۢ بَعۡدِهِۦ مِنۡ حُلِيِّهِمۡ عِجۡلٗا جَسَدٗا لَّهُۥ خُوَارٌۚ أَلَمۡ يَرَوۡاْ أَنَّهُۥ لَا يُكَلِّمُهُمۡ وَلَا يَهۡدِيهِمۡ سَبِيلًاۘ ٱتَّخَذُوهُ وَكَانُواْ ظَٰلِمِينَ
Муса Раббиси менен сүйлөшүүгө кеткенден кийин, өздөрүндөгү жасалгаларынан жаны жок, үн чыга турган музоонун айкелин жасатып алышты. Бул музоо аларга сүйлөй албастыгын, жакшы жолго материалдык жактан да, моралдык жактан да баштай албастыгын, аларга пайдасын тийгизе албастыгын жана зыяндан тыя албастыгын билишпей беле?! Алар ушундай нерсени ибадат кылуучу кылып алып, өз жандарына зыян кылышты.
Arapça tefsirler:
وَلَمَّا سُقِطَ فِيٓ أَيۡدِيهِمۡ وَرَأَوۡاْ أَنَّهُمۡ قَدۡ ضَلُّواْ قَالُواْ لَئِن لَّمۡ يَرۡحَمۡنَا رَبُّنَا وَيَغۡفِرۡ لَنَا لَنَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡخَٰسِرِينَ
Качан гана, музоону Аллах менен бирге ибадат кылуучу нерсеге айландыруу аркылуу туура жолдон адашканын билиишип, өкүнүшкөндө, Аллах Таалага жалбарып: "Өзүңө баш ийүүгө топук берип ырайым кылбасаң, музоого ибадат кылган күнөөбүздү кечирбесең, дүйнө акыретте зыянга учуроочулардан болуп калабыз" - дешти.
Arapça tefsirler:
Bu sayfadaki ayetlerin faydaları:
• على العبد أن يكون من المُظْهِرين لإحسان الله وفضله عليه، فإن الشكر مقرون بالمزيد.
Пенде Аллах берген жакшылык жана артыкчылыкка шүгүр кылуучу болуусу керек, шүгүр аркылуу берлиген нерселер дагы көбөйөт

• على العبد الأخذ بالأحسن في الأقوال والأفعال.
Пенде сөздө да, иште да жакшысын кылуусу керек.

• يجب تلقي الشريعة بحزم وجد وعزم على الطاعة وتنفيذ ما ورد فيها من الصلاح والإصلاح ومنع الفساد والإفساد.
Шариятты кабыл кылганда ага баш ийүүгө, андагы оңдоо жана оңолууга тийиштүү буйруктарды ишке ашырууга, бузуудан жана бузулуудан тыюуга чечкиндүүлүк, туруктуулук менен киришүүсү зарыл.

• على العبد إذا أخطأ أو قصَّر في حق ربه أن يعترف بعظيم الجُرْم الذي أقدم عليه، وأنه لا ملجأ من الله في إقالة عثرته إلا إليه.
Пенде эгер Раббисинин акысына кемчилик кетирип же ката иш кылса, ошого алып барган күнөөнү моюнуна алуусу керек.

 
Anlam tercümesi Sure: Sûratu'l-A'râf
Surelerin fihristi Sayfa numarası
 
Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - Muhtasar Kur'an-ı Kerim Tefsiri Kırgızca Tercümesi - Mealler fihristi

Kur'an Araştırmaları Tefsir Merkezi Tarafından Yayınlanmıştır.

Kapat