Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Mealler fihristi


Anlam tercümesi Ayet: (179) Sure: Sûratu'l-A'râf
وَلَقَدۡ ذَرَأۡنَا لِجَهَنَّمَ كَثِيرٗا مِّنَ ٱلۡجِنِّ وَٱلۡإِنسِۖ لَهُمۡ قُلُوبٞ لَّا يَفۡقَهُونَ بِهَا وَلَهُمۡ أَعۡيُنٞ لَّا يُبۡصِرُونَ بِهَا وَلَهُمۡ ءَاذَانٞ لَّا يَسۡمَعُونَ بِهَآۚ أُوْلَٰٓئِكَ كَٱلۡأَنۡعَٰمِ بَلۡ هُمۡ أَضَلُّۚ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡغَٰفِلُونَ
Акыйкатта, тозокко ылайыктуу иштерди кыларын билип, көптөгөн жиндерди жана адамдарды тозокко татыктуу кылып жараттык. Алардын жүрөгү болгон менен жүрөгү пайда берүүчүнү да, зыян берүүчүнү да сезбейт. Алардын көздөрү болгон менен өздөрүндөгү жана ааламдагы Аллахтын белгилерин көрбөйт жана андан этибар алышпайт. Алардын кулагы болгону менен Аллахтын аяттарын угушпайт жана ага акыл калчабайт. Ушул жогорудагы сыпаттар менен сыпатталган адамдар акылсыздыкта айбандар сыяктуу, а түгүл, адашууда булар айбандарга караганда жаман. Булар Аллахка жана кыямат күнүнө ыйман келтирүүдөн бей капар калышкан.
Arapça tefsirler:
Bu sayfadaki ayetlerin faydaları:
• خلق الله للبشر آلات الإدراك والعلم - القلوب والأعين والآذان - لتحصيل المنافع ودفع المضار.
Аллах адам баласына пайдалууну кабылдап, пайдасыздан сактануу үчүн сезүү жана билүү аспаптарын - жүрөктү, көздү, кулакты жараткан.

• الدعاء بأسماء الله الحسنى سبب في إجابة الدعاء، فيُدْعَى في كل مطلوب بما يناسب ذلك المطلوب، مثل: اللهمَّ تب عَلَيَّ يا تواب.
Аллахтын кооз ысымдары аркылуу дуба кылуу дубанын кабыл болуусуна себеп болот. Суралган нерсеге жараша, ошого ылайык ысымы айтылып дуба кылынат, мисалы: Аллахым, менин күнөөлөрүмдү кечир, оо, Тобону кабыл кылуучу ж.б.у.с.

• التفكر في عظمة السماوات والأرض، والتوصل بهذا التفكر إلى أن الله تعالى هو المستحق للألوهية دون غيره؛ لأنه المنفرد بالصنع.
Асман менен жердин улуктугуна пикир кылып, ушулардын баарын жасаган жалгы Аллах деген пикир аркылуу Аллах Таала ибадатка ылайыктуу жалгаз экенин билүү керек.

 
Anlam tercümesi Ayet: (179) Sure: Sûratu'l-A'râf
Surelerin fihristi Sayfa numarası
 
Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Mealler fihristi

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Kapat