Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Mealler fihristi


Anlam tercümesi Ayet: (58) Sure: Sûratu'l-A'râf
وَٱلۡبَلَدُ ٱلطَّيِّبُ يَخۡرُجُ نَبَاتُهُۥ بِإِذۡنِ رَبِّهِۦۖ وَٱلَّذِي خَبُثَ لَا يَخۡرُجُ إِلَّا نَكِدٗاۚ كَذَٰلِكَ نُصَرِّفُ ٱلۡأٓيَٰتِ لِقَوۡمٖ يَشۡكُرُونَ
Таза топурактуу жерде, Аллахтын уруксаты менен, өсүмдүк кооз,жетиле өсүп чыгат. Ошол сыяктуу эле ыймандуу адам насаатты угуп, андан пайдаланып, жакшы иштерди аткарат. Ал эми шор каптаган таштак жерге өсүмдүк кыйынчылык менен чыгып, көрксүз болот. Ошол сыяктуу каапыр адам насааттан пайда албайт, ага пайдасын тийгизүүчү жакшы иши да жок. Раббисине баш ийип, Ага каапырлык кылбай, Анын жакшылыктарына шүгүр кылган адамдарга чындыкты бекемдөө үчүн ушундай түрдүү далилдерди көрсөтөбүз.
Arapça tefsirler:
Bu sayfadaki ayetlerin faydaları:
• الأرض الطيبة مثال للقلوب الطيبة حين ينزل عليها الوحي الذي هو مادة الحياة، وكما أن الغيث مادة الحياة، فإن القلوب الطيبة حين يجيئها الوحي، تقبله وتعلمه وتنبت بحسب طيب أصلها، وحسن عنصرها، والعكس.
Жашоонун негизи болгон аян кабар түшкөндө аны кабыл кылган таза жүрөк, тирүүлүктүн негизи болгон жамгыр жааганда аны кабыл кылган жумшак топурактуу жакшы жерге окшош. Таза жүрөк ага аян кабар айтылганда кабыл кылып, аны үйрөнөт жана анын таза негизи менен тарбияланып өсөт. Ал эми таза эмес жүрөк, мунун тескерисинче болот.

• الأنبياء والمرسلون يشفقون على الخلق أعظم من شفقة آبائهم وأمهاتهم.
Пайгамбарлар жана элчилер адамдарга алардын ата-энелерине караганда көбүрөөк боорукер болушат.

• من سُنَّة الله إرسال كل رسول من قومه وبلسانهم؛ تأليفًا لقلوب الذين لم تفسد فطرتهم، وتيسيرًا على البشر.
Ар бир элге алардын өздөрүнөн, ошолордун тилинде сүйлөгөн адамды элчи кылып жиберүү Аллахтын сүннөт жолу. Адам баласына жеңил болуусу жана таза ишеними бузулбаган жүрөктөргө ыңгайлуу болуусу үчүн ушундай кылат.

• من أعظم السفهاء من قابل الحق بالرد والإنكار، وتكبر عن الانقياد للعلماء والنصحاء، وانقاد قلبه وقالبه لكل شيطان مريد.
Чындыкты кайтарып, четке кагуу, аалымдарга жана насаат айтуучуларга текеберленүү, шайтандын жолун ээрчип, жүрөгу менен ага берилүү кем акылдыктын жеткен чеги.

 
Anlam tercümesi Ayet: (58) Sure: Sûratu'l-A'râf
Surelerin fihristi Sayfa numarası
 
Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Mealler fihristi

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Kapat