Check out the new design

Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - Muhtasar Kur'an-ı Kerim Tefsiri Kırgızca Tercümesi * - Mealler fihristi


Anlam tercümesi Sure: Sûratu'l-Enfâl   Ayet:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ قُل لِّمَن فِيٓ أَيۡدِيكُم مِّنَ ٱلۡأَسۡرَىٰٓ إِن يَعۡلَمِ ٱللَّهُ فِي قُلُوبِكُمۡ خَيۡرٗا يُؤۡتِكُمۡ خَيۡرٗا مِّمَّآ أُخِذَ مِنكُمۡ وَيَغۡفِرۡ لَكُمۡۚ وَٱللَّهُ غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Оо, пайгамбар, Бадр согушунда силердин колуңарга туткунга түшкөн мушрик туткундарга: "Аллах силердин жүрөгүңөрдөгү жакшы максатыңарды жана ниетиңерди түздөгөнүңөрдү билсе, силерге өзүңөрдөн алынган кун-акыга караганда алда канча жакшы нерсени берет, силер үчүн берилген кун-акыга өкүнбөгүлө. Ал силердин күнөөңөдү кечирет, Аллах пенделеринен ким тообо кылса, аны Кечирүүчү жана ага Ырайымдуу" - деп айт. Чынында, Аллах убадасын аткарып, пайгамбардын агасы Аббасты жана башка динди кабыл кылгандарды кечирди.
Arapça tefsirler:
وَإِن يُرِيدُواْ خِيَانَتَكَ فَقَدۡ خَانُواْ ٱللَّهَ مِن قَبۡلُ فَأَمۡكَنَ مِنۡهُمۡۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ
Оо, Мухаммад, а эгер алар сага айтып жаткан сөздөрүндө сага кыянат кылууну максат кылса, алар буга чейин Аллахка да кыянат кылышкан, чынында Аллах сага жардам берди. Алардан өлгөндөр өлдү, туткунга түшкөндөр туткунга түштү. Эгер душмандык кылсаңар дагы ушундайды күтө бергиле. Аллах Өзү жараткандарды жана аларды эмне оңдоорун Билүүчү, аларды башкарууда Даанышман Өкүмдар.
Arapça tefsirler:
إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَهَاجَرُواْ وَجَٰهَدُواْ بِأَمۡوَٰلِهِمۡ وَأَنفُسِهِمۡ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱلَّذِينَ ءَاوَواْ وَّنَصَرُوٓاْ أُوْلَٰٓئِكَ بَعۡضُهُمۡ أَوۡلِيَآءُ بَعۡضٖۚ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَلَمۡ يُهَاجِرُواْ مَا لَكُم مِّن وَلَٰيَتِهِم مِّن شَيۡءٍ حَتَّىٰ يُهَاجِرُواْۚ وَإِنِ ٱسۡتَنصَرُوكُمۡ فِي ٱلدِّينِ فَعَلَيۡكُمُ ٱلنَّصۡرُ إِلَّا عَلَىٰ قَوۡمِۭ بَيۡنَكُمۡ وَبَيۡنَهُم مِّيثَٰقٞۗ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرٞ
Аллахка ыйман келтиргендер, Анын элчисин тастыктагандар, шариятын иш жүзүндө аткаргандар, каапырлардын шаарынан ислам шаарына, же Аллахка коопсуз ибадат кылууга мүмкүн болгон жерге көчүп келгендер, Аллахтын сөзү бийик болсун үчүн мал-жаны менен жихад кылгандар жана ошондой эле аларды өз жайларына отурукташтырып жардам бергендер, б.а. тиги мухажирлер (көчүп келгендер) менен аларды тосуп алган ансарлар (жергиликтүүлөр) жардам, кол кабыш кылууда бири-бирине дос. Ал эми Аллахка ыйман келтирип, бирок каапырлардын шаарынан Ислам шаарына көчүп келе электерге көчүп келүүсүнө жардам берип, кол кабыш кылсаңар болот, эй, ыймандуулар. Эгер аларга каапырлар зулум кылып, алар силерден жардам сураса, душмандарга каршы аларга жадам бергиле. Бирок, алардын душмандары менен силердин ортоңордо келишим болсо, анда ал келишимди бузбагыла (аларга жардам бербегиле). Аллах силердин эмне кылганыңарды Көрүүчү, силердин иш-амалдарыңардан эч нерсеси Ага билинбей калбайт, кийин силерди ошого жараша жазалайт.
Arapça tefsirler:
وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بَعۡضُهُمۡ أَوۡلِيَآءُ بَعۡضٍۚ إِلَّا تَفۡعَلُوهُ تَكُن فِتۡنَةٞ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَفَسَادٞ كَبِيرٞ
Аллахка ишенбегендерди каапырлыктары табыштырган, алар бири-бирин колдойт, аларга ыймандуу адам дос болбойт. Эгер ыймандууларды дос жана каапырларды душман санабасаңар, анда ыймандуулар арасында бузукулук болуп, динде аларга жардам берүүчү бир туугандарыңарды таппай каласыңар жана жер бетинде Аллахтын жолунан тоскон бузукулук тарайт.
Arapça tefsirler:
وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَهَاجَرُواْ وَجَٰهَدُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱلَّذِينَ ءَاوَواْ وَّنَصَرُوٓاْ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ حَقّٗاۚ لَّهُم مَّغۡفِرَةٞ وَرِزۡقٞ كَرِيمٞ
Аллахка ыйман келтирип, Анын жолунда хижрат кылып көчкөңдөр жана Аллах жолунда мухажирлерди тосуп алып, аларга жардам кылгандар, мына ушулар чыныгы ыйман сыпаты менен сыпатталгандар, Аллахтын алдындагы алардын сыйлыгы - күнөөлөрүнүн кечирилүүсү жана аларга чоң ырыскынын берилүүсү, ал - бейиш.
Arapça tefsirler:
وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنۢ بَعۡدُ وَهَاجَرُواْ وَجَٰهَدُواْ مَعَكُمۡ فَأُوْلَٰٓئِكَ مِنكُمۡۚ وَأُوْلُواْ ٱلۡأَرۡحَامِ بَعۡضُهُمۡ أَوۡلَىٰ بِبَعۡضٖ فِي كِتَٰبِ ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمُۢ
Мурда ыйманга келген мухажир жана ансарлардан кийинирээк ыйман келтиргендер жана каапыр шаарлардан Ислам шаарына көчүп келгендер, Аллахтын сөзү бийик, каапырлардын сөзү төмөн болуусу үчүн Аллах жолунда жихад кылгандар, алар да - силерден. Эй, ыймандуулар, силердин эмнеге укугуңар болсо, алардын да ошого укугу бар, силерге эмнени аткаруу важыб болсо, аларга да ошону аткаруу важыб. Аллахтын өкүмүндө курбандык кылуучулар ыйман жана хижра кылуу мурасын алууда бири-биринен артык болушат. Чынында, Аллах бардык нерсени Билүүчү, Ага эч нерсе жашыруун эмес, Ал пенделерин эмне оңдоорун билет жана аны аларга шарият кылат.
Arapça tefsirler:
Bu sayfadaki ayetlerin faydaları:
• يجب على المؤمنين ترغيب الأسرى في الإيمان.
Туткундарды ыйманга чакырып үндөө ыймандууларга важыб

• تضمنت الآيات بشارة للمؤمنين باستمرار النصر على المشركين ما داموا آخذين بأسباب النصر المادية والمعنوية.
Бул аяттар, ыймандуулар материалдык жана маанавий себептерди аткарып турган учурда, аларга мушриктерге каршы Аллахтын жардамы улам улана берерин сүйүнчүлөйт.

• إن المسلمين إذا لم يكونوا يدًا واحدة على أهل الكفر لم تظهر شوكتهم، وحدث بذلك فساد كبير.
Эгер мусулмандар каапырлыкка каршы бир муштум болуп согулбаса, чоң бузукулук пайда болот

• فضيلة الوفاء بالعهود والمواثيق في شرعة الإسلام، وإن عارض ذلك مصلحة بعض المسلمين.
Ислам шариятында убада-келишимди сактоонун орду зор, эгер кээ бир мусулмандардын пайдасына каршы болсо дагы

 
Anlam tercümesi Sure: Sûratu'l-Enfâl
Surelerin fihristi Sayfa numarası
 
Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - Muhtasar Kur'an-ı Kerim Tefsiri Kırgızca Tercümesi - Mealler fihristi

Kur'an Araştırmaları Tefsir Merkezi Tarafından Yayınlanmıştır.

Kapat