Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قىرغىزچە تەرجىمىسى - شەمسىددىن ھەكىمۇپ * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: نىسا   ئايەت:
وَٱلَّٰتِي يَأۡتِينَ ٱلۡفَٰحِشَةَ مِن نِّسَآئِكُمۡ فَٱسۡتَشۡهِدُواْ عَلَيۡهِنَّ أَرۡبَعَةٗ مِّنكُمۡۖ فَإِن شَهِدُواْ فَأَمۡسِكُوهُنَّ فِي ٱلۡبُيُوتِ حَتَّىٰ يَتَوَفَّىٰهُنَّ ٱلۡمَوۡتُ أَوۡ يَجۡعَلَ ٱللَّهُ لَهُنَّ سَبِيلٗا
(О, ыймандуулар) зайыптарыңардын арасында бузукулук (зынаа) кылгандары болсо, аларга өзүңөрдөн (мусулмандардан) төрт күбө алып келгиле. Эгер алар (анык далилдер менен) күбөлүккө өтсө, аларды ажал алып кеткенге чейин же болбосо, Аллах аларга (бул жазадан башка жазалоочу) жол көрсөткөнгө чейин үйлөргө камап койгула.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَٱلَّذَانِ يَأۡتِيَٰنِهَا مِنكُمۡ فَـَٔاذُوهُمَاۖ فَإِن تَابَا وَأَصۡلَحَا فَأَعۡرِضُواْ عَنۡهُمَآۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ تَوَّابٗا رَّحِيمًا
Силерден (эркек-аялдардан) экөө ушуну (зынааны) жасаган болсо, ал экөөнүн сазайын бергиле. Анан эгер тообосуна таянып оңолсо, алардан жүз бургула (жазаны токтоткула). Албетте, Аллах тооболорду кабыл алуучу, Мээримдүү.[1]
[1] Исламдын абалкы күндөрүндө мусулмандар бузуку аялдарды үйлөрүнөн чыгарбай камап коюшчу. Эгер зынаа кылуучу эркек болсо, уруу, сөгүү жана бир маскаралуу абалда элге шерменде кылуу менен жаза берилген. Эгер аял киши болсо аны уруп-сабалбаган, маскара кылынбаган. Болгону камак жана башка ушул сыяктуу шермендесиз жаза берилген. Кийинчерээк Аллах бул жазадан башка жаза чарасын парыз кылды. Ал жаза - бузуктугу төрт күбө менен далилденген аял же эркекти - эгер турмуш көргөн болсо - ташбараң кылып өлтүрүү эле.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
إِنَّمَا ٱلتَّوۡبَةُ عَلَى ٱللَّهِ لِلَّذِينَ يَعۡمَلُونَ ٱلسُّوٓءَ بِجَهَٰلَةٖ ثُمَّ يَتُوبُونَ مِن قَرِيبٖ فَأُوْلَٰٓئِكَ يَتُوبُ ٱللَّهُ عَلَيۡهِمۡۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمٗا
Албетте, Аллахтын тооболорду кечирүүсү күнөө ишти билбестен жасап алып, кийин дароо тообо келтирген кишилерге арналган. Аллах андай адамдардын тообосун кабыл алат. Аллах Билүүчү, Даанышман.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَلَيۡسَتِ ٱلتَّوۡبَةُ لِلَّذِينَ يَعۡمَلُونَ ٱلسَّيِّـَٔاتِ حَتَّىٰٓ إِذَا حَضَرَ أَحَدَهُمُ ٱلۡمَوۡتُ قَالَ إِنِّي تُبۡتُ ٱلۡـَٰٔنَ وَلَا ٱلَّذِينَ يَمُوتُونَ وَهُمۡ كُفَّارٌۚ أُوْلَٰٓئِكَ أَعۡتَدۡنَا لَهُمۡ عَذَابًا أَلِيمٗا
Ал эми, күнөө кылып жүрө берип, качан алардан бирине өлүм (жазасы) келгенде гана “Мен эми тообо кылдым!” дей турган адамдарга жана каапыр бойдон өлүп кетүүчүлөрдүн тооболору кабыл алынбайт. Андай адамдарга Биз жан ооруткан азапты даярдап койгонбуз.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا يَحِلُّ لَكُمۡ أَن تَرِثُواْ ٱلنِّسَآءَ كَرۡهٗاۖ وَلَا تَعۡضُلُوهُنَّ لِتَذۡهَبُواْ بِبَعۡضِ مَآ ءَاتَيۡتُمُوهُنَّ إِلَّآ أَن يَأۡتِينَ بِفَٰحِشَةٖ مُّبَيِّنَةٖۚ وَعَاشِرُوهُنَّ بِٱلۡمَعۡرُوفِۚ فَإِن كَرِهۡتُمُوهُنَّ فَعَسَىٰٓ أَن تَكۡرَهُواْ شَيۡـٔٗا وَيَجۡعَلَ ٱللَّهُ فِيهِ خَيۡرٗا كَثِيرٗا
О, ыйман келтиргендер! Силер үчүн (өлгөн жакыныңардын никесинде болгон) аялдарды (алар каалабаса да) мажбурлап мурас-мүлк кылып алуу адал болбойт. Жана силер (эгер аялыңарды сүйбөй калсаңар), берген махырыңардын бир бөлүгүн алып, (силерден ажырап) кетишине тоскоол болбогула. Ал эми, качан бир анык бузук иш (зына) жасаганда гана (махырыңарды кайрып алуу үчүн аларга тоскоолдук кылсаңар болот). Аялдар менен сылык-сыпаа жашагыла. Эгер аларды жаман көрүп калсаңар(да катуу тийбегиле. Анткени), Аллах силер жаман көргөн нерседе көп жакшылыктарды катып койгон болушу мүмкүн.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
 
مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: نىسا
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قىرغىزچە تەرجىمىسى - شەمسىددىن ھەكىمۇپ - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

شەمسىددىن ھەكىمۇپ ئابدۇخالىق تەرجىمە قىلغان، رۇۋۋاد تەرجىمە مەركىزىنىڭ رىياسەتچىلىكىدە تەرەققى قىلدۇرىلغان.

تاقاش