Аллахтын аяттарында каапыр болгондор гана талашышат.[1] (Оо, Мухаммад!) алардын шаарларды кезип жүрүшү сени азгырып койбосун![2]
[1] Мусулмандар дароо моюн сунганга шашылат. [2] Шаарларды кезип жүрүү үчүн күч-кубат, бийлик жана байлык керек. Эгер каапырларда ушул нерселер болсо, мунун мааниси «Аллах аларды сүйөт экен» дегенди билдирбейт. Аллах аларды сүйбөйт. Болгону аларга мөөнөт берип жатат. Качан тообо кылып келээр экен деп. Же болбосо, алар дагы да көбүрөөк күнөөгө батып, көбүрөөк азапка ылайык болуулары үчүн өмүр, байлык берүүдө. Алар өткөндөгү каапырлардын кайгылуу тагдырынан сабак алуулары керек.
Алардан илгери Нухтун (каапыр) коому, алардан кийинки (каапыр) жамааттар дагы (пайгамбарларын) «жалганчы» дешкен. Ар бир эл өз пайгамбарын өлтүрүүгө ниеттенген жана жалгандары менен Акыйкатты жеңип алабыз дешип талашып-тартышышкан. Анан Биз аларды (апаат-балээ менен) «кармап койдук». Менин жазалоом кандай болгон!
Аршты көтөргөн жана анын айланасында турган периштелер Раббисин мактап тасбих айтышат, Ага ыйман келтиришет жана ыймандуу пенделерге Аллахтан кечирим сурап (мындай дуба кылышат): «Оо, Рабби! Ар бир нерсени ырайымың жана илимиң менен камтып турасың! (Сага) тообо кылып, Сенин жолуңа ээрчиген (момун) пенделериңдин күнөөлөрүн кечире көр?! Аларды тозок азабынан сакта!
Оо, Жараткан! Аларды жана алардын ата-бабаларынан, жубайларынан жана урпактарынан салих (таза) болгондорун Өзүң аларга убада кылган түбөлүк бейишиңе киргиз! Чынында, Сен Кудуреттүү, Даанышмансың!
Каапыр адамдарга бийик добуш менен айтылат: «(Азыр) өзүңөрдү-өзүңөр жек көргөндөн, Аллахтын жек көрүүсү улугураак! Бир кезде силерди ыйманга чакырылганда каапыр болдуңар!
(Каапырлар) айтышты: «Оо, Рабби! Сен бизди эки ирет өлтүрүп, эки ирет тирилттиң![1] Биз күнөөбүздү мойнубузга алабыз! (Бул тозоктон) чыгууга жол барбы?!» («Жол жок» деп айтылат аларга)
[1] Пенде эненин курсагында жансыз бир тамчы суу эле. Анан Аллах ага жан берди. Өүрү бүткөндө экинчи ирет өлдү жана Кыямат сурагы үчүн экинчи ирет тирилет.
«Мунун себеби, силерди Аллахтын Өзүнө (эч нерсени шерик кошпой ибадат кылууга) чакырылганда каапыр болгонсуңар жана Ага шерик кошулса, (ошол жалган кудайга) ыйман келтиргенсиңер! (Бүгүн) өкүм эң Улук, эң Жогорку Аллахка таандык!»
(Эй, инсандар!) Ал силерге Өзүнүн (кудуретинин) белгилерин көргөзүп, силер үчүн асмандан ырыскы түшүргөн Зат. (Муну) Аллахка кайткан адамдар гана эскеришет.
(Силердин Кудай) Бийик даражалуу жана (Улук) Арштын Кожоюну! Ал пенделеринин арасынан Өзү каалаган адамга жолугушуу Күндөн эскертүү үчүн, Өз буйругу менен вахий түшүрөт.
«Ал Күнү алар (инсандар мүрзөлөрүнөн) көтөрүлүп чыгышат. Эч нерсе Аллахтан жашыруун боло албайт. Ал Күнү мүлк (падышалык) кимдин колунда? Жалгыз Каардуу Аллахтын Колунда!»
(Оо, Мухаммад!) Сен аларды (ошол) жакын Күн менен коркут. Анда жүрөктөр алкымга тыгылып, (адамдар сөздөрүн) ичине жуткан абалда (болушат)! Залымдарга эч бир боорукер, эч бир шапааты кабыл алынган актоочу болбойт!
Аллах акыйкат менен өкүм кылат. Ал эми, Аллахтан башка, (мушриктер) дуба кылып жаткан «кудайлар» эч нерсени өкүм кыла алышпайт. Чынында Аллах Өзү гана (бардык нерселерди) Угуучу, Көрүүчү!
(Мушриктер) жер жүзүн кезип, саякат кылып көрүшпөйбү? Ошондо алар өздөрүнөн мурунку (мушрик) адамдардын акыбети эмне болгонун көрүшмөк. Алар булардан күч-кубаттуураак жана жер бетинде калтырган (маданий, аскерий) издери көбүрөөк болгон. Анан Аллах аларды (ширк) күнөөлөрү себептүү кыйратып салды. Аларга Аллах тарабынан эч кандай сактоочу болбоду!
Мунун себеби: аларга өз пайгамбарлары анык аят-далилдер менен келгенде, каапыр болушкан. Анан Аллах аларды кыйраткан. Чынында, Ал Кубаттуу жана азабы катуу!
Муса аларга Биздин алдыбыздан Акыйкатты алып келгенде алар: «Муса менен бирге ыйман келтирген Исраил урпактарынын уул перзенттерин өлтүрүп, кыз перзенттерине жашоо бергиле!» дешкен. Каапырлардын айлакерлиги анык адашуучулукта.[1]
[1] Тактап айтканда, алардын түзгөн айлакер эрежелери максатка жетпейт. Алар Исраил урпагынын эркек балдарын өлтүрө берсек, бир нече жылдардан кийин өзүнөн өзү жоголуп кетет деп эреже түзүшкөн. Бирок Аллах алардын эрежелерине каршы эреже түзүп, бардыгын деңизге чөктүрүп жиберген. Бул окуялардын толук баяны өткөн сүрөлөрдө айтылды.
Фараон айтты: «Мага койгула, Мусаны өлтүрөйүн. Жана ал Раббисине жалбара берсин. Мен силердин диниңерди (Муса) өзгөртүп же болбосо жер бетинде бузукулук чыгарып жиберишинен коркуп жатамын».
(Ошондо) Фараондун туугандарынан болгон (жана) ыйманын жашырып жүргөн бир ыймандуу киши[1] айтты: «(Эмне, силер) «Раббим – Аллах» дегени үчүн эле, бир адамды өлтүрүп саласыңарбы?! Ал силерге Раббиңерден далил-баяндар алып келди го! Эгер ал жалганчы болсо, жалганы өз моюнуна! Эгер сөзү чын болуп калса, ал силерге убада кылган кээ бир азаптар башыңарга түшүп жүрбөсүн! Чынында, Аллах чектен чыккандарды, жалганчыларды туура жолго баштабайт!
[1] Аалымдар «бул киши кыйла мансаптуу болуш керек. Анткени, коомдо даражасы төмөн адам ачыктан-ачык Мусаны актап сүйлөй алмак эмес» - дешет.
Оо, коомум! Бүгүн бийлик силердин колуңарда. Жер бетинде жеңүүчү болуп турасыңар. Эгер Аллахтын азабы келип калчу болсо, андан бизди ким куткара алат?!» Фараон айтты: «Мен силерге өзүмдүн пикиримден башка пикирди сунуш кылбаймын. Мен силерди туура жолго гана баштаймын»
Нух коомунун, Аад, Самуд жана алардан кийинки (каапыр) элдердин иши (сыяктуу иш башыңарга түшүп калышынан коркомун!) Аллах эч качан пенделерге зулумду каалабайт!
Оо, коомум! Мен кыйкырышуу Күнүндө[1] силерге (азап болушунан) коркомун!
[1] Кыяматтын сот-сурагы бүтүп, адамдар тозок менен бейишке бөлүнгөндө тозоктогулар бейиштегилерге суктанып, бир аз суудан кайрымдуулук көргөзүп коюуларын суранып, кыйкырып кайрылышат.
Ошол күнү (азаптан) кетенчиктеп качасыңар. (Бирок) силерге Аллах тарабынан эч бир жардамчы болбойт. Аллах кимди адаштырып койсо, аны туура жолго баштоочу жок!
Силерге мындан мурун Юсуф (пайгамбар) далил-баяндар алып келгенде да, ал алып келген динден такай шектенүүдө болгонсуңар. (Ал эми) качан ал өлгөндө «Аллах андан кийин эч качан пайгамбар жибербейт» – дедиңер. Аллах чектен чыккан, шекчил адамдарды ушинтип адаштырат!
Өздөрүнө (Аллах тарабынан эч кандай) далил келбесе деле, Аллахтын аяттары жөнүндө талашып-тартышкандар, Аллахтын алдында жана ыймандуу кишилердин алдында эң жек көрүндү болгон адамдар! Аллах ар бир текебер, зордукчул адамдын жүрөгүнө ушинтип мөөр басат!»
Асмандардын жолдоруна! Анан Мусанын кудайын (өз көзүм менен) көрөйүн. Мен ойлойм, ал (Муса) жалганчы болуш керек». Ошентип Фараонго (шайтан тарабынан) өз ишинин жамандыгы кооз көргөзүлдү жана (туура) жолдон тосуп коюлду. Фараондун (бул) амалкөйлүгү чынында пайда бербеди.
Ким бир күнөө иш жасаса, ошол ишине жараша гана жаза алат. Ал эми, эркек же болбосо аялдардан кимиси ыймандуу болуп, жакшы иш жасаса бейишке кирет (жана) анда (ага) эсепсиз ырыскы берилет.
Силер мени Аллахка каапыр болуп, өзүм (кудай экенин) билбеген нерселерди Ага шерик кылууга чакырып жатасыңар. А мен болсо силерди кудуреттүү, кечиримдүү Кудайга (Аллахка) чакырып жатамын.
Силер мени ага чакырып жаткан «кудайыңар» дүйнөдө да, Акыретте да чакырууга арзыбайт (дубаларды укпайт). Бардыгыбыз Аллахка гана кайтабыз. Жана (Аллахка душмандык менен) чектен чыккандар, дал ошолор тозок элдери!
Мен силерге айткан (бул) сөздөрдү тез аранын ичинде (Кыяматта) эскерип калаарсыңар. Мен ишимди Аллахка тапшырамын. Чынында Аллах пенделерди(н ар бир кыймыл аракетин) көрүп туруучу!» (Фараон аны өлтүртмөк болду).
(Бирок), Аллах алардын айла – амалдарынан аны сактап калды. Ал эми, Фараон менен анын элин коркунучтуу азап ороду.[1]
[1] Фараон Исраил урпактарын бир түндүн ичинде Мисирден чыгарып кеткен Мусанын артынан куугун салып, бүт Мисир элин ээрчитип, Кызыл деңиз жээгинде аларды кууп жетет. Аллах Муса менен анын элине деңизден он эки катар жол ачып аман-эсен өткөрүп, артынан Фараон эл-аскерин ээрчитип киргенде, деңиз кайра кошулуп, аларды коркунучтуу азап ороп алат.
Аларга (Фараон менен элине) эртели-кеч тозок көргөзүлүп турулат.[1] Ал эми, Кыямат болгондо, (бир добуш): «Фараон элин эң катуу азапка киргизгиле!» (дейт.)
[1] Аларга тозоктун көргөзүп турулуусу мүрзөдө боло турган азап. Бул аят Барзах (кабыр) азабынын бар экенине далил болот.
Ошондо алар тозокто туруп бири-бирине (күнөө тагып) далил айтышат. Алсыз (ээрчиген) мушриктер текеберленген (жетекчи) мушриктерге: «Биз силерге ээрчиген элек. Эми (бүгүн) силер бизден тозоктун бир үлүшүн болсо да арылта аласыңарбы!» – дешет.
Аллахтын аяттары жөнүндө, өздөрүнө (эч кандай илахий) далил келбесе да, талашып-тартыша турган кишилердин жүрөгүндө текберленүүдөн башка эч нерсе жок.[1] Алар ага (чындыкка) жете албайт. Эми сен Аллахтан коргоо тиле. Ал – Угуучу, Көрүүчү!
[1] Же колунда илахий китептен далили жок, же илим-билими жок. Ушул караңгы абалында Аллах жөнүндө талашып, Ага ылайык келбеген сыпаттарды берет. Бул текебер адамдар чындап бир чындыктын түбүнө жетүүнү максат кылышпайт. Көздөгөнү бирөө гана: Аллахтын Динине бут тосуу.
Жана (эч качан) сокур менен көздүү адам жана ыйман келтирип, салих амал кылгандар менен күнөөкөр (адамдар) тең боло албайт. (Оо, Адамдар Аллахты) өтө сейрек эскерүүдөсүңөр.
Силердин Раббиңер: «Мага дуба кылгыла силерге жооп беремин (кабыл аламын)» деди. Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко киришет.
Аллах силерге эс алып, тынчтанууңар үчүн түндү, (ал эми тиричилик үчүн) жарык күндүздү жаратып берди. Аллах аныгында, адамдарга абдан пазилеттүү! Бирок көпчүлүк адамдар шүгүр кылбай жатышат.
Аллах силерге жерди үй, асманды там кылып берди. Жана силерге шекил-сүрөт берип, эң мыкты келбеттүү кылып жаратты. Жана силерге (ар түрдүү) таза-пакиза ырыскыларды берди. Ушул Аллах силердин Раббиңер! Ааламдардын Раббиси Аллах Улук-Берекеттүү!
Ал (түбөлүк) Тирүү! Эч бир кудай жок, Бир Өзү гана бар! Демек, ибадатты Бир Өзүнө арнап, Бир Өзүнө дуба кылгыла! Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоо(лор) болсун!
(Оо, пайгамбар,) айткын: «Мага Раббим тарабынан анык баяндар (Куран аяттары) келгенде, мен Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан «кудайларга» ибадат кылуудан кайтарылдым жана ааламдардын Раббиси үчүн гана (жүрөгүм, бүт дене мүчөлөрүм менен) моюн сунууга буйрулдум.
Аллах силерди (оболу) топурактан, андан соң бир тамчы бел суудан, андан соң коюу кандан жаратты. Андан кийин бөбөк абалыңарда (жарык дүйнөгө) чыгарды. Андан кийин күч-кубатка толгон жашка жетишиңер үчүн, жана андан соң картайган (чал-кемпир) болуп калышыңар үчүн (муундан муунга өткөрдү.) Силерден кээ бирөөңөр (карылыктан) мурун өтүп кетишет. (Дагы бирөөңөр болсо) белгиленген мөөнөткө (картайып, анан өлүм табууга) жетишиңер үчүн (узун өмүр сүрөт). Кана эми акылыңарды иштетсеңер!
(Оо, Мухаммад,) сабыр кыл. Аллахтын убадасы – Акыйкат! Аларга убада кылган азаптын кээ бирөөлөрүн сага көргөзөбүз, же болбосо, (аларга азап жибере электе) жаныңды алабыз. (Анда алардын азап тартканын Акыретте көрөсүң. Анткени бардыгы) Өзүбүзгө гана кайтарылышат.
Биз сага чейин (көп) пайгамбарларды жибердик. Алардын арасынан сага (Куранда) баяндап бергенибиз да бар, баян кылып бербегенибиз да бар. Эч бир пайгамбар Аллахтын уруксаты болмоюнча эч кандай моожиза келтире албайт![1] Ал эми, качан Аллахтын буйругу келгенде, акыйкат менен өкүм кылынат. Ошол жерде жалганчылар зыянга учурашат!
[1] Мушриктер Мухаммад саллаллооху алайхи ва салламга «эгер пайгамбарлыгың чын болсо, бизге үрөй учурган нерселерди моожиза кылып көргөзчү?! Же болбосо, биздин башыбызга азап келтирчи?!» - деп капа кылышканда, анын көңүлүн көтөрүү үчүн ушул аяттар түшүрүлгөн.
Аллах силерге (ар түрдүү) айбандарды жаратып (моюн сундуруп) берди. Алардын арасынан минишиңер үчүн (жаратканы бар). Алардын арасынан (этин) жешиңер үчүн (жараткандары бар).
Ал айбандарда силер үчүн (көп) пайдалар бар. Жана аларга минип көңүлүңөрдөгү максат-муктаждыгыңарга жетишиңер үчүн алардын үстүнө жана кемелердин үстүнө (Аллахтын пазилети менен) мингизип коюлдуңар.
(Мушриктер) жер жүзүн кезип саякат кылышпайбы. Ошондо өздөрүнөн мурунку (каапыр) элдердин акыбети кандай болгонун көрүп алышмак. Алар булардан күч-кубаттуурак, жана жер бетинде калтырган (тарыхий-маданий) издери көбүрөөк эле! Бирок, жасаган өнөрлөрү аларга (Аллахтын азабы келгенде) пайда бере албады!
Аларга пайгамбарлары далил-баяндар менен келгенде, өздөрүндөгү илим менен текеберлене сүйүнүшкөн (жана бейиш-тозок жөнүндөгү кабарларды мыскылдашкан). Анан аларды мыскылдаган нерселери (тозок оту) ороп алды.[1]
[1] Тафсирчи аалымдар Куранды кабыл албай коюуга себеп болгон жана каапырлар аны менен текберлене сүйүнгөн илимди философия илими болушу ыктымал дешет. Чынында көпчүлүк учурда таза Куран акидасын кабыл алууга, адашкан философтор менен ар кандай философиялар тоскоол болот.
Ал эми, качан Биздин азапты (өз көздөрү менен) көргөндө гана «Аллахтын жалгыз Өзүнө ыйман келтирдик! Аллахка шерик кошкон «кудайларыбыздан» кайттык!» деп (кокуйлап) калышты.
Бирок, Биздин азабыбызды көрүп калгандагы ыймандары аларга пайда бербеди! (Бул) (байыркы) пенделеринин арасында өткөн Аллахтын (сыналган) Жолу. Каапырлар ошондо (азап келгенде) өлүмгө жолугушту!
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
ئىزدەش نەتىجىسى:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".