Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قىرغىزچە تەرجىمىسى - شەمسىددىن ھەكىمۇپ * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: مائىدە   ئايەت:
وَمِنَ ٱلَّذِينَ قَالُوٓاْ إِنَّا نَصَٰرَىٰٓ أَخَذۡنَا مِيثَٰقَهُمۡ فَنَسُواْ حَظّٗا مِّمَّا ذُكِّرُواْ بِهِۦ فَأَغۡرَيۡنَا بَيۡنَهُمُ ٱلۡعَدَاوَةَ وَٱلۡبَغۡضَآءَ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِۚ وَسَوۡفَ يُنَبِّئُهُمُ ٱللَّهُ بِمَا كَانُواْ يَصۡنَعُونَ
“Биз – насаараларбыз”[1] деген адамдардан да ант-убада алган элек. Алар дагы өздөрүнө эскертилген нерседен (Инжилден) бир бөлүгүн унутуп коюшту.[2] Натыйжада Биз алардын араларына тээ Кыяматка чейин (өз ара) душмандык жана жек көрүү салып койдук. Жакында Аллах аларга жасаган кылмыштарынын кабарын берет (жана ошого жараша азапка дуушар кылат.)
[1] Иса пайгамбар Насирия (Назарет) шаарында туулгандыгы себептүү христиандар өздөрүн «Насаара» (орусча булактарда «назаретянин») деп аташат. [2] Христиандар Инжилди унуткан себептүү өтө көп, бири-бирине душман жамааттарга бөлүнүп кетишти. Ал жамааттар тарых бою тынбай өз ара урушуп-сүрүшүп, тирешип-согушуп келүүдө. Аллах Тааланын күбөлүгү боюнча бул тирешүүлөр Кыяматка чейин токтобойт. Ушунун баары Аллахтын пайгамбарына түз-туура ээрчибей, өздөрүнө жиберилген Китеп аяттарын бурмалагандарынын, билип туруп “унутуп койгондорунун” жазасы.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
يَٰٓأَهۡلَ ٱلۡكِتَٰبِ قَدۡ جَآءَكُمۡ رَسُولُنَا يُبَيِّنُ لَكُمۡ كَثِيرٗا مِّمَّا كُنتُمۡ تُخۡفُونَ مِنَ ٱلۡكِتَٰبِ وَيَعۡفُواْ عَن كَثِيرٖۚ قَدۡ جَآءَكُم مِّنَ ٱللَّهِ نُورٞ وَكِتَٰبٞ مُّبِينٞ
О, китеп берилгендер! Мына, Биздин пайгамбарыбыз (Мухаммад) силер Китептен (Тоорат менен Инжилден) жашырып койгон көп нерселерди силерге баян кылып жана (башка) көп нерселерди(н сырын) ачпай, жөн койгон абалда келди. Силерге Аллахтан Нур (Мухаммад) жана анык Китеп (Куран) келди.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
يَهۡدِي بِهِ ٱللَّهُ مَنِ ٱتَّبَعَ رِضۡوَٰنَهُۥ سُبُلَ ٱلسَّلَٰمِ وَيُخۡرِجُهُم مِّنَ ٱلظُّلُمَٰتِ إِلَى ٱلنُّورِ بِإِذۡنِهِۦ وَيَهۡدِيهِمۡ إِلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ
«Аллах ал (Китеп) менен, Өзүнүн ыраазылыгына ээрчиген адамдарды (азаптан) кутултуучу жолдоруна баштайт. Жана аларды Өз каалоо-уруксаты менен, (каапырлыктын) караңгылыгынан (Исламдын) Нуруна чыгарып, туура жолго баштайт».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
لَّقَدۡ كَفَرَ ٱلَّذِينَ قَالُوٓاْ إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡمَسِيحُ ٱبۡنُ مَرۡيَمَۚ قُلۡ فَمَن يَمۡلِكُ مِنَ ٱللَّهِ شَيۡـًٔا إِنۡ أَرَادَ أَن يُهۡلِكَ ٱلۡمَسِيحَ ٱبۡنَ مَرۡيَمَ وَأُمَّهُۥ وَمَن فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعٗاۗ وَلِلَّهِ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَاۚ يَخۡلُقُ مَا يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ
“Аллах – бул Марямдын уулу Иса”- деген адамдар каапыр болушту. Айтчы: эгер Аллах Марямдын уулу Исаны, анын апасын жана жер жүзүндөгү бардык адамдарды жок кылууну кааласа, Аллах тарабынан (келген бул балээнин) бир гана нерсесин кайтарууга кимдин кудурети жетмек?! Асмандар жана Жердин жана экөөсүнүн ортосундагы бардык нерселердин падышалыгы (жалгыз) Аллахка таандык. Аллах Өзү каалагандай жаратат. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
 
مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: مائىدە
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قىرغىزچە تەرجىمىسى - شەمسىددىن ھەكىمۇپ - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

شەمسىددىن ھەكىمۇپ ئابدۇخالىق تەرجىمە قىلغان، رۇۋۋاد تەرجىمە مەركىزىنىڭ رىياسەتچىلىكىدە تەرەققى قىلدۇرىلغان.

تاقاش