قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - الترجمة القيرغيزية * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (9) سۈرە: سۈرە ئەنئام
وَلَوۡ جَعَلۡنَٰهُ مَلَكٗا لَّجَعَلۡنَٰهُ رَجُلٗا وَلَلَبَسۡنَا عَلَيۡهِم مَّا يَلۡبِسُونَ
Эгер Биз аны (пайгамбарды) периште кылсак деле, эркек (кейпинде) кылмакпыз жана аларга өздөрү тумандаткан нерсени (андан бетер) тумандатмакпыз.[1]
[1] Мушриктердин “Пайгамбарга периште түшүрсө болбойт беле?”, “Адамдан да пайгамбар болот бекен?”, “Пайгамбар периштеден болсо бир жөн” деген сыяктуу сөздөрдү таратуулары акыйкатты түшүнүү үчүн эмес, тетирисинче, анык-тунук акыйкаттын бетине күңүрттүк пардасын тартуу, адамдардын акыл-эсин тумандатуу үчүн эле. Адатта, яхудилер, христиандар жана Мекке мушриктери периштелерди нурдан жаратылганы үчүн аял киши кейипинде элестетишкен. (Чындыгында периштелер жыныска бөлүнбөйт) Жогорку аятта Аллах, периште-пайгамбар түшүрүүнү каалаганда деле, мушриктерди абдыратып коюш үчүн эркек киши сүрөтүндө түшүрүүсүн айтып, пайгамбарын шылдыңдаган адамдардын өздөрүн шылдыңдуу абалга салып коюуга кудуреттүү экендигин эскертүүдө.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
 
مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (9) سۈرە: سۈرە ئەنئام
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - الترجمة القيرغيزية - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

تاقاش