Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: ھۇد   ئايەت:
وَيَٰقَوۡمِ لَآ أَسۡـَٔلُكُمۡ عَلَيۡهِ مَالًاۖ إِنۡ أَجۡرِيَ إِلَّا عَلَى ٱللَّهِۚ وَمَآ أَنَا۠ بِطَارِدِ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْۚ إِنَّهُم مُّلَٰقُواْ رَبِّهِمۡ وَلَٰكِنِّيٓ أَرَىٰكُمۡ قَوۡمٗا تَجۡهَلُونَ
Оо, элим! Динди силерге жеткирүүдө силерден акча сурабаймын. Бул нерсеге сыйлык Аллахтан гана болот. Силер талап кылгандай ыймандуулардын кедейлерин кууп жибербеймин. Чындыгында алар кыямат күнү Раббисине жолугушат. Раббиси алардын ыйман келтиргендиктери үчүн сыйлыктарын берет. Силер ыйман келтиргендердин алсыздарын кууп жибер деп талап койгондугуңардан, мен силерди бул дааваттын акыйкатын түшүнбөгөн коом деп билдим.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَيَٰقَوۡمِ مَن يَنصُرُنِي مِنَ ٱللَّهِ إِن طَرَدتُّهُمۡۚ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ
Оо, элим! Эгерде мен ал ыймандууларды эч кандай күнөөсүз эле аларга зулумдук кылып кууп жиберсем, анда мени Аллахтын азабынан ким коргой алат? Мына эми эсиңерге келип, пайдалуу нерсеге аракет кылбайсыңарбы?
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَلَآ أَقُولُ لَكُمۡ عِندِي خَزَآئِنُ ٱللَّهِ وَلَآ أَعۡلَمُ ٱلۡغَيۡبَ وَلَآ أَقُولُ إِنِّي مَلَكٞ وَلَآ أَقُولُ لِلَّذِينَ تَزۡدَرِيٓ أَعۡيُنُكُمۡ لَن يُؤۡتِيَهُمُ ٱللَّهُ خَيۡرًاۖ ٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِمَا فِيٓ أَنفُسِهِمۡ إِنِّيٓ إِذٗا لَّمِنَ ٱلظَّٰلِمِينَ
Оо, элим! Мен силерге: “Менде ырыскыга толгон Аллахтын казыналары бар. Эгерде ыйман келтирсеңер, андан мен силерге сарптаймын” – деп айтпаймын. Жана мен силерге: “Мен кайыпты билемин” – деп да айтпаймын. Силерге: “Мен периштелерденмин” – дебеймин. Мен силердей эле адаммын. Силер кенебей жана кемсинтип жаткан кедейлер туурасында: “Аларга Аллах ийгилик жана туура жол бербейт” – дебеймин. Алардын абалдарын жана ниеттерин Аллах Өзү жакшы билет. Эгерде мен бул сөздөрдү айта турган болсом, анда мен Аллахтын азабына татыктуу болгон заалымдардан болуп каламын.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
قَالُواْ يَٰنُوحُ قَدۡ جَٰدَلۡتَنَا فَأَكۡثَرۡتَ جِدَٰلَنَا فَأۡتِنَا بِمَا تَعِدُنَآ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ
Алар кыйкымчылдык жана текеберлик менен мындай деп айтышты: “Эй, Нух! Сен биз менен талашып-тартыштың. Талашканды да көбөйтүп жибердиң. Эгерде айткан сөзүңдө чынчыл болсоң, анда бизге убада кылган азабыңды алып келчи”.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
قَالَ إِنَّمَا يَأۡتِيكُم بِهِ ٱللَّهُ إِن شَآءَ وَمَآ أَنتُم بِمُعۡجِزِينَ
Нух аларга айтты: “Азапты мен алып келе албаймын. Эгерде Аллах кааласа Өзү алып келет. Эгерде Ал силерге азап жиберүүнү кааласа, анда Аллахтын азабынан качып кутула албайсыңар”.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَلَا يَنفَعُكُمۡ نُصۡحِيٓ إِنۡ أَرَدتُّ أَنۡ أَنصَحَ لَكُمۡ إِن كَانَ ٱللَّهُ يُرِيدُ أَن يُغۡوِيَكُمۡۚ هُوَ رَبُّكُمۡ وَإِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ
Эгерде Аллах силерди туура жолдон адаштырууну кааласа жана көк беттенгениңер үчүн туура жолунан алыстатса, анда мен силерди эскерткеним жана насаат кылганым силерге пайда бербейт экен. Ал силердин Раббиңер. Ал гана силердин ишиңердин баарын башкарат. Андыктан Ал кааласа адаштырат. Кыямат күнүндө Ага гана кайтып барасыңар. Ошондо кылган иш-аракетиңердин жазасын берет.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
أَمۡ يَقُولُونَ ٱفۡتَرَىٰهُۖ قُلۡ إِنِ ٱفۡتَرَيۡتُهُۥ فَعَلَيَّ إِجۡرَامِي وَأَنَا۠ بَرِيٓءٞ مِّمَّا تُجۡرِمُونَ
Нухтун коому каапыр болгонунун себебинен алар аны Аллахтын атынан өзү ойлоп тапкан дин алып келди деп ойлошот. Эй, пайгамбар! Аларга айткын: “Эгерде мен бул динди ойлоп тапкан болсом, анда анын күнөөсү өзүмө гана болот. Жана мен да силердин бул динди жалганга чыгарганыңардын күнөөсүн көтөрбөймүн. Мен андан алысмын.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَأُوحِيَ إِلَىٰ نُوحٍ أَنَّهُۥ لَن يُؤۡمِنَ مِن قَوۡمِكَ إِلَّا مَن قَدۡ ءَامَنَ فَلَا تَبۡتَئِسۡ بِمَا كَانُواْ يَفۡعَلُونَ
Аллах Нухка вахий кылып мындай деп айтты: “Ушул убакытка чейин ыйман келтиргендерден башка эми эч ким ыйман келтирбейт. Эй, Нух! Ушул узак убакыттын ичинде жалганга чыгаруулары жана шылдыңдоолору үчүн капа болбо.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَٱصۡنَعِ ٱلۡفُلۡكَ بِأَعۡيُنِنَا وَوَحۡيِنَا وَلَا تُخَٰطِبۡنِي فِي ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓاْ إِنَّهُم مُّغۡرَقُونَ
Биздин көз алдыбызда жана коргообуздун алдында кеме жаса. Кемени кантип жасоону үйрөтүп сага вахий кылабыз. Жана каапыр болуп өздөрүнө зулумдук кылгандардын азабын кечиктир деп Мага кайрылба. Алар каапырлыкка бекем туруп алгандыктары үчүн жазаланып топон сууга сөзсүз чөгүшөт.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• عفة الداعية إلى الله وأنه يرجو منه الثواب وحده.
Аллахтын жолуна даават кылган адам башкалардын мал-мүлкүнөн алымсынып Аллахтын гана сыйлыктарын үмүт кылат.

• حرمة طرد فقراء المؤمنين، ووجوب إكرامهم واحترامهم.
Ыймандуулардын кедейлерин кууп жиберүү арам. Аларды урматтоо жана ызаттоо милдет болуп саналат.

• استئثار الله تعالى وحده بعلم الغيب.
Кайып илимди Аллах Өзү гана билет.

• مشروعية جدال الكفار ومناظرتهم.
Каапырлар менен талашып-тартышуу шариятта уруксат.

 
مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: ھۇد
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش