Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (57) سۈرە: ھۇد
فَإِن تَوَلَّوۡاْ فَقَدۡ أَبۡلَغۡتُكُم مَّآ أُرۡسِلۡتُ بِهِۦٓ إِلَيۡكُمۡۚ وَيَسۡتَخۡلِفُ رَبِّي قَوۡمًا غَيۡرَكُمۡ وَلَا تَضُرُّونَهُۥ شَيۡـًٔاۚ إِنَّ رَبِّي عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٍ حَفِيظٞ
Эгер мен алып келген нерседен жүз буруп каршы чыксаңар да силерге жеткирүү мага милдет. Аллах мага жиберген, жеткирүүгө буйруган бардык нерселерди мен силерге жеткирдим. Албетте силерге каршы күбө болуучу далил турду. Жакында силерди Раббим кыйратып жок кылат. Жана силердин ордуңарга силерден башка элди келтирип коёт. Силер Аллахты жалганга чыгарууңар менен жана Ага каршы чыгууңар менен чоң да кичине да зыян жеткире албайсыңар. Анткени Ал өз пенделерине муктаж эмес. Чындыгында, Раббим бардык нерсени көзөмөлдөөчү. Ошондуктан Ал мени амалкөйлүгүңөр менен кылган жамандыктардан сактайт.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• من وسائل المشركين في التنفير من الرسل الاتهام بخفة العقل والجنون.
• Мушриктер пайгамбарларды алар акылсыз, жинди деп элдерден жийиркентишип куру жалаа жабышат.

• ضعف المشركين في كيدهم وعدائهم، فهم خاضعون لله مقهورون تحت أمره وسلطانه.
• Мушриктердин амалкөйлүктөрү жана душмандыктары алсыз. Алар Аллахка баш ийишип Анын буйругун жана падышчылыгын астында аргасыз турашат.

• أدلة الربوبية من الخلق والإنشاء مقتضية لتوحيد الألوهية وترك ما سوى الله.
Жаратуучу жана жоктон бар кылуучу болгон Аллахтын Раббилик сыпаттарын далилдери жалгыз Аллахка сыйынуу башкача айткан Аллахтан башкаларды таштап Ага гана ибадат кылууну талап кылат.

 
مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (57) سۈرە: ھۇد
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش