Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: نەھل   ئايەت:

Нахл

سۈرىنىڭ مەقسەتلىرىدىن:
التذكير بالنعم الدالة على المنعم سبحانه وتعالى.
Жакшылык берүүчүнү көрсөтүүчү жакшылыктарды эскертүү.

أَتَىٰٓ أَمۡرُ ٱللَّهِ فَلَا تَسۡتَعۡجِلُوهُۚ سُبۡحَٰنَهُۥ وَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشۡرِكُونَ
Эй, каапырлар! Аллах өкүм кылган силердин азабыңар да жакындап калды. Андыктан силер аны убактысынан мурун шаштырбагыла! Аллах мушриктердин Ага кылган шериктеринен Аруу жана Бийик.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
يُنَزِّلُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ بِٱلرُّوحِ مِنۡ أَمۡرِهِۦ عَلَىٰ مَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦٓ أَنۡ أَنذِرُوٓاْ أَنَّهُۥ لَآ إِلَٰهَ إِلَّآ أَنَا۠ فَٱتَّقُونِ
Аллах Өз элчилеринин кимисине кааласа, анда Өзүнүн өкүм-буйруктары менен: «Эй, элчилер! Адамдарды Аллахка ширк кылуудан коркуткула! Менден башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Оо, адамдар! Андыктан менин буйруктарымды аткарып, тыйгандарымдан алыстап Менден корккула!» – деген кабар менен периштелерди түшүрөт.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ بِٱلۡحَقِّۚ تَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشۡرِكُونَ
Аллах асмандар менен жерди мурда болбогондой көрүнүштө акыйкат менен жаратты. Аларды жөн эле жаратып койгон жок. Аларды Өзүнүн улуктугуна далил кылыш үчүн жаратты. Ал алардын кошкон шериктеринен аруу.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
خَلَقَ ٱلۡإِنسَٰنَ مِن نُّطۡفَةٖ فَإِذَا هُوَ خَصِيمٞ مُّبِينٞ
Ал инсанды алсыз бел суудан жаратты. Анын дене-түзүлүшү улам өөрчүп өстү. Кийин эле ал акыйкатты жок кылыш үчүн жалганга таянып, ачык эле талашып тартышкан адам болуп чыга келди.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَٱلۡأَنۡعَٰمَ خَلَقَهَاۖ لَكُمۡ فِيهَا دِفۡءٞ وَمَنَٰفِعُ وَمِنۡهَا تَأۡكُلُونَ
Оо, адамдар! Ошондой эле Ал силердин пайдаңар үчүн төө, уй, кой сыяктуу үй жаныбарларын жаратты. Ал эми бул пайдалардан – алардын жүндөрү жылуулук үчүн пайдаланылат. Ошондой эле алардын сүтүндө, терисинде жана аларды минүүдө башка дагы пайдалар бар жана алардан жейсиңер.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَلَكُمۡ فِيهَا جَمَالٌ حِينَ تُرِيحُونَ وَحِينَ تَسۡرَحُونَ
Ошондой эле алар кечинде жайыттан кайтып келишкенде жана таң эрте жайытка чыгышканда да силер үчүн кооздуктар бар.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• عناية الله ورعايته بصَوْن النبي صلى الله عليه وسلم وحمايته من أذى المشركين.
Аллахтын пайгамбарды мушриктердин зыяндарынан коргоосу жана Ага көрсөткөн камкордугу.

• التسبيح والتحميد والصلاة علاج الهموم والأحزان، وطريق الخروج من الأزمات والمآزق والكروب.
Аллахты аруулоо, Ага мактоо айтуу жана пайгамбарга дуба жолдоо – кайгы-капачылыктан арылуунун дабасы жана кыйынчылыктардан кутулуунун жолу.

• المسلم مطالب على سبيل الفرضية بالعبادة التي هي الصلاة على الدوام حتى يأتيه الموت، ما لم يغلب الغشيان أو فقد الذاكرة على عقله.
Мусулман адамга өлүм келгенге чейин намаз ибадатын калтырбай аткаруу милдеттүү түрдө парз кылынган. Бир гана эси ооп калып же акыл-эсин жоготуп койгон учурда гана кечиримдүү.

• سمى الله الوحي روحًا؛ لأنه تحيا به النفوس.
Аллах асмандан түшкөн кабарды рух деп атады. Анткени ал адамдардын жан дүйнөсүн тирилтет.

• مَلَّكَنا الله تعالى الأنعام والدواب وذَلَّلها لنا، وأباح لنا تسخيرها والانتفاع بها؛ رحمة منه تعالى بنا.
Аллах таала Өзү ырайым кылып бизди үй жаныбарларына жана айбанаттарга ээлик кылды жана аларды бизге баш ийдирди. Ошондой эле аларды пайдаланууга жана колдонууга уруксат берди.

 
مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: نەھل
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش