Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (82) سۈرە: كەھپ
وَأَمَّا ٱلۡجِدَارُ فَكَانَ لِغُلَٰمَيۡنِ يَتِيمَيۡنِ فِي ٱلۡمَدِينَةِ وَكَانَ تَحۡتَهُۥ كَنزٞ لَّهُمَا وَكَانَ أَبُوهُمَا صَٰلِحٗا فَأَرَادَ رَبُّكَ أَن يَبۡلُغَآ أَشُدَّهُمَا وَيَسۡتَخۡرِجَا كَنزَهُمَا رَحۡمَةٗ مِّن رَّبِّكَۚ وَمَا فَعَلۡتُهُۥ عَنۡ أَمۡرِيۚ ذَٰلِكَ تَأۡوِيلُ مَا لَمۡ تَسۡطِع عَّلَيۡهِ صَبۡرٗا
Ал эми сен мени жактырбай тургузган дубал болсо, ал биз барган шаардагы атасыз эки жетим баланыкы болчу. Ошол дубалдын астында атайын экөөнө арналып көмүлгөн байлык бар эле. Бул жаш жетимдердин атасы такыба адам болгон. Эй, Муса! Раббиң алар бойго жетип чоңоюгондо анын алдында көмүлгөн байлыкты табууларын каалады. Эгерде дубал азыр куласа, алардын байлыгы көрүнүп, жоголуп кетмек. Мына ушундай кылынганы – бул Раббиңдин аларга болгон мээримдүүлүгү. Муну мен өзүм билип кылган жокмун. Сен чыдап, сабыр кыла албаган нерселердин чечмелениши мына ушундай!».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• وجوب التأني والتثبت وعدم المبادرة إلى الحكم على الشيء.
Бир нерсеге өкүм кыларда шашылбоо жана тактык менен терең кароо милдет.

• أن الأمور تجري أحكامها على ظاهرها، وتُعَلق بها الأحكام الدنيوية في الأموال والدماء وغيرها.
Мал-мүлк, адамдардын ортосундагы төгүлгөн кан ж.б.у.с. дүйнөлүк иштерге сыртынан карап өкүм берилет.

• يُدْفَع الشر الكبير بارتكاب الشر الصغير، ويُرَاعَى أكبر المصلحتين بتفويت أدناهما.
Чоң жамандыктан сактануу үчүн айласыздан кичине жамандыкты кылуу мүмкүн. Эки иштин чоң жана кичине пайдасын бирдей алууга мүмкүн болбосо, анын чоң пайдалуулугун тандоо керек.

• ينبغي للصاحب ألا يفارق صاحبه ويترك صحبته حتى يُعْتِبَه ويُعْذِر منه.
Киши досун таштай турган абал пайда болсо, ага кемчилигин айтып, таштоонун себебин түшүндүргөндөн кийин гана кеткени жакшы.

• استعمال الأدب مع الله تعالى في الألفاظ بنسبة الخير إليه وعدم نسبة الشر إليه .
Жакшылыкты Аллахка тийиштүү кылуу жана Аны жамандыкка катышы жок кылуу тууралуу сөздөрдө Аллахка менен болгон адептүүлүктү кармануу.

• أن العبد الصالح يحفظه الله في نفسه وفي ذريته.
Аллах такыба пендесин жана анын урпактарын Өзү коргойт.

 
مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (82) سۈرە: كەھپ
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش