قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (104) سۈرە: سۈرە بەقەرە
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَقُولُواْ رَٰعِنَا وَقُولُواْ ٱنظُرۡنَا وَٱسۡمَعُواْۗ وَلِلۡكَٰفِرِينَ عَذَابٌ أَلِيمٞ
Аллах таала ыймандууларды жакшы сөздөрдү тандоого багыттап, аларга мындай деди: «Оо, ыйман келтиргендер! «Раъина (биздин жагдайыбызга көңүл бөл)» деген сөздү айтпагыла. Анткени жөөттөр аны бурмалап, пайгамбарга кайрылганда, анын «жеңил ойлуу» деген бузуку маанисин максат кылышат. Ошондуктан Аллах бул жолду жабуу үчүн ушул сөздү айтуудан тыйып, пенделерине анын ордуна «унзурна (сөзүңдү түшүнүүбүз үчүн бизди күт)» деп айтууну буйруду. Бул кооптонууну жаратпаган маанини туюнткан сөз. Ал эми Аллахка каапырлык кылгандар үчүн кыйноочу азап бар.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• سوء أدب اليهود مع أنبياء الله حيث نسبوا إلى سليمان عليه السلام تعاطي السحر، فبرّأه الله منه، وأَكْذَبَهم في زعمهم.
Жөөттөрдүн Аллахтын пайгамбарларына жасаган жаман мамилеси Сулайман пайгамбарды сыйкырчылыкка катышы деп айтуулары. Аллах анын ага катышы жок экенин айтып, алардын дооматтарын жалганга чыгарды.

• أن السحر له حقيقة وتأثير في العقول والأبدان، والساحر كافر، وحكمه القتل.
Сыйкырчылык – бул анык нерсе жана ал акылга жана денеге таасирин тийгизет. Сыйкырчы – каапыр болуп эсептелет жана анын өкүмү – өлүм жазага тартуу.

• لا يقع في ملك الله تعالى شيء من الخير والشر إلا بإذنه وعلمه تعالى.
Аллахтын ээлигинде кандай гана жакшылык же жамандык болбосун, ал Анын каалоосу жана илими менен гана болот.

• سد الذرائع من مقاصد الشريعة، فكل قول أو فعل يوهم أمورًا فاسدة يجب تجنبه والبعد عنه.
Зыяндарды алдын алуу – шарияттын максаттарынан. Жаман иштерге алып бара тургандай ойлорду жараткан кандай гана сөз же аракет болбосун, алардан алыс жана сак болуу милдет.

• أن الفضل بيد الله تعالى وهو الذي يختص به من يشاء برحمته وحكمته.
Жакшылык Аллахтын гана колунда. Ал аны Өз ырайымы жана даанышмандыгы менен Өзү каалаганга гана берет.

 
مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (104) سۈرە: سۈرە بەقەرە
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

تاقاش