Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (136) سۈرە: بەقەرە
قُولُوٓاْ ءَامَنَّا بِٱللَّهِ وَمَآ أُنزِلَ إِلَيۡنَا وَمَآ أُنزِلَ إِلَىٰٓ إِبۡرَٰهِـۧمَ وَإِسۡمَٰعِيلَ وَإِسۡحَٰقَ وَيَعۡقُوبَ وَٱلۡأَسۡبَاطِ وَمَآ أُوتِيَ مُوسَىٰ وَعِيسَىٰ وَمَآ أُوتِيَ ٱلنَّبِيُّونَ مِن رَّبِّهِمۡ لَا نُفَرِّقُ بَيۡنَ أَحَدٖ مِّنۡهُمۡ وَنَحۡنُ لَهُۥ مُسۡلِمُونَ
Оо, ыймандуулар! Бул жалган дооматты айткан жөөттөр менен христиандарга айткын: «Биз Аллахка жана бизге түшкөн Куранга ыйман келтирдик, Ибрахимге жана анын уулдары Исмаил, Исхак, Якубга түшкөн нерсеге ыйман келтирдик, Якубдун урпагынан чыккан пайгамбарларга түшкөн нерсеге ыйман келтирдик, Аллах Мусага берген китепке жана Исага берген китепке ыйман келтирдик, Аллах бардык пайгамбарларга берген китептерге ыйман келтирдик. Биз алардын кээ бирине ыйман келтирип, кээ бирине каапырлык кылып, алардын эч бирин бөлбөйбүз. Тескерисинче, алардын баарына ыйман келтиребиз. Биз Аллахтын жалгыз Өзүнө моюн сунабыз жана багынабыз.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• أن دعوى أهل الكتاب أنهم على الحق لا تنفعهم وهم يكفرون بما أنزل الله على نبيه محمد صلى الله عليه وسلم.
Китеп ээлери өздөрүн акыйкаттабыз деп айтуусу аларга пайда келтирбейт жана алар Аллах пайгамбары Мухаммадга түшүргөн нерсеге каапырлык кылышат.

• سُمِّي الدين صبغة لظهور أعماله وسَمْته على المسلم كما يظهر أثر الصبغ في الثوب.
Диндин «боёк (сибга)» деп аталышынын себеби – кийимдеги боёктун тагы көрүнүп турган сыяктуу мусулмандын да иш-аракеттери жана асыл белгилери ачык көрүнүп турат.

• أن الله تعالى قد رَكَزَ في فطرةِ خلقه جميعًا الإقرارَ بربوبيته وألوهيته، وإنما يضلهم عنها الشيطان وأعوانه.
Аллах таала Өзүнүн жалгыз жаратуучулугун (рубубият) жана жалгыз Өзү сыйынууга татыктуулугун (улухият) моюнга алууну бүткүл макулуктардын табиятына салып койгон. Аларды андан шайтан жана анын жан-жөкөрлөрү гана адаштырат.

 
مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (136) سۈرە: بەقەرە
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش