قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (143) سۈرە: سۈرە بەقەرە
وَكَذَٰلِكَ جَعَلۡنَٰكُمۡ أُمَّةٗ وَسَطٗا لِّتَكُونُواْ شُهَدَآءَ عَلَى ٱلنَّاسِ وَيَكُونَ ٱلرَّسُولُ عَلَيۡكُمۡ شَهِيدٗاۗ وَمَا جَعَلۡنَا ٱلۡقِبۡلَةَ ٱلَّتِي كُنتَ عَلَيۡهَآ إِلَّا لِنَعۡلَمَ مَن يَتَّبِعُ ٱلرَّسُولَ مِمَّن يَنقَلِبُ عَلَىٰ عَقِبَيۡهِۚ وَإِن كَانَتۡ لَكَبِيرَةً إِلَّا عَلَى ٱلَّذِينَ هَدَى ٱللَّهُۗ وَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيُضِيعَ إِيمَٰنَكُمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ بِٱلنَّاسِ لَرَءُوفٞ رَّحِيمٞ
Силер кыяматта пайгамбарлар өз үммөттөрүнө Аллахтын буйругун жеткиргендерине күбө болушуңар үчүн, ошондой эле Мухаммад пайгамбар дагы ага жиберилген нерсени силерге жеткиргендигине күбө болушуңар үчүн силерге Өзүбүз ыраа көргөн кыбыланы кылган сыяктуу, силерди бардык үммөттөрдүн арасынан ишенимдерде, ибадаттарда жана өз ара мамилелерде ортолукту карманган эң жакшы үммөт кылдык. Биз ким Аллахтын шариятына ыраазы болуп, Ага баш ийип, пайгамбарды ээрчийт экенин жана ким өз дининен баш тартып, напси каалоосун ээрчип, Аллах шарият кылган нерсеге моюн сунбай кетерин анык билип жана ага ылайык жазасын бериш үчүн сен мурда жүздөнүп жүргөн кыбыланы (Акса мечитин) өзгөрттүк. Биринчи кыбыланын өзгөрүүсү Аллах Өзүнө жана пенделерине шарият кылган нерселерге ыйман келтирүүгө ийгилик бергендерден башкаларына оор иш болгон. Чындыгында Ал аны улуу даанышман сырлар себептүү гана шариятка киргизет. Аллах силердин Ага болгон ыйманыңарды, анын ичинде кыбыла өзгөргөнгө чейинки окуган намаздарыңарды текке кетирбейт. Чындыгында Аллах адамдарга Боорукер, Мээримдүү. Ал аларга кыйынчылык жаратпайт жана иш-аракеттеринин соопторун да жок кылбайт.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• أن الاعتراض على أحكام الله وشرعه والتغافل عن مقاصدها دليل على السَّفَه وقلَّة العقل.
Аллахтын өкүмдөрүнө, шариятына каршы чыгуу жана алардын максаттарына кайдыгер кароо – бул кем акылдыкка жана аңкоолукка далил.

• فضلُ هذه الأمة وشرفها، حيث أثنى عليها الله ووصفها بالوسطية بين سائر الأمم.
Бул үммөттүн артыкчылыгы жана кадыр-баркы. Анткени Аллах аны мактады жана бардык үммөттөрдүн арасынан ортолукту карманганы деп сыпаттады.

• التحذير من متابعة أهل الكتاب في أهوائهم؛ لأنهم أعرضوا عن الحق بعد معرفته.
Китеп ээлерин напси каалоолорунда ээрчүүдөн эскертүү. Анткени алар чындыкты билип туруп, андан баш тартышкан.

• جواز نَسْخِ الأحكام الشرعية في الإسلام زمن نزول الوحي، حيث نُسِخَ التوجه إلى بيت المقدس، وصار إلى المسجد الحرام.
Вахий түшүп турган мезгилде Исламдагы шарият өкүмдөрүн жокко чыгаруунун уруксаттыгы. Анткени Акса мечитине жүздөнүү жокко чыгарылып, анын ордуна Аль-Харам мечити болду.

 
مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (143) سۈرە: سۈرە بەقەرە
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

تاقاش