قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (212) سۈرە: سۈرە بەقەرە
زُيِّنَ لِلَّذِينَ كَفَرُواْ ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَا وَيَسۡخَرُونَ مِنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْۘ وَٱلَّذِينَ ٱتَّقَوۡاْ فَوۡقَهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۗ وَٱللَّهُ يَرۡزُقُ مَن يَشَآءُ بِغَيۡرِ حِسَابٖ
Аллахка каапырлык кылгандарга бул дүйнө жашоосу жана андагы убактылуу ырахаттар менен жыргалчылыктар кооз көрсөтүлдү. Алар Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтиргендерди шылдыңдашат. Ал эми Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондор акыретте ал каапырлардан жогору болушат. Анткени Аллах аларды Адн бейиштерине жайгаштырат. Аллах Өзү жараткандардын каалагандарына эсепсиз жана санаксыз берет.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• ترك شكر الله تعالى على نعمه وترك استعمالها في طاعته يعرضها للزوال ويحيلها بلاءً على صاحبها.
Аллах тааланын жакшылыктарына шүгүр кылбоо жана аларды Ага моюн сунуу үчүн пайдаланбоо аларды жок кылат жана ээси үчүн балээге айланат.

• الأصل أن الله خلق عباده على فطرة التوحيد والإيمان به، وإبليس وأعوانه هم الذين صرفوهم عن هذه الفطرة إلى الشرك به.
Негизи Аллах пенделерин табияттан жалгыз кудайга сыйынуу жана Ага ыйман келтирүү ишениминде жараткан. Ал эми Иблис жана анын жан-жөкөрлөрү аларды бул түпкү табияттан ширк кылууга бурушат.

• أعظم الخذلان الذي يؤدي للفشل أن تختلف الأمة في كتابها وشريعتها، فيكفّر بعضُها بعضًا، ويلعن بعضُها بعضًا.
Ийгиликсиздикке алып бара турган эң чоң жоготуу – үммөт өз китеби жана шарияты тууралуу пикир келишпестикте болуп, бири-бирин каапырга чыгаруусу жана бири-бирине каргыш айтуусу.

• الهداية للحق الذي يختلف فيه الناس، ومعرفة وجه الصواب بيد الله، ويُطلب منه تعالى بالإيمان به والانقياد له.
Адамдардын арасында талаш-тартышты жараткан акыйкатка туура жол көрсөтүү жана туурасын билүү Аллахтын колунда жана аны Аллахка ыйман келтирип, Ага ээрчүү менен суроо керек.

• الابتلاء سُنَّة الله تعالى في أوليائه، فيبتليهم بقدر ما في قلوبهم من الإيمان به والتوكل عليه.
Аллахтын Өзүнүн сүйүктүү пенделерин сыноосу – Анын тутунган жолу. Ал аларды жүрөктөрүндөгү Ага болгон ыйманга жана тобокелге жараша сынайт.

• من أعظم ما يعين على الصبر عند نزول البلاء، الاقتداء بالصالحين وأخذ الأسوة منهم.
Сыноо келгенде сабыр кылууга жардам берген нерселердин эң чоңу – такыба адамдарды ээрчүү жана алардан үлгү алуу.

 
مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (212) سۈرە: سۈرە بەقەرە
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

تاقاش