قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (246) سۈرە: سۈرە بەقەرە
أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلۡمَلَإِ مِنۢ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ مِنۢ بَعۡدِ مُوسَىٰٓ إِذۡ قَالُواْ لِنَبِيّٖ لَّهُمُ ٱبۡعَثۡ لَنَا مَلِكٗا نُّقَٰتِلۡ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِۖ قَالَ هَلۡ عَسَيۡتُمۡ إِن كُتِبَ عَلَيۡكُمُ ٱلۡقِتَالُ أَلَّا تُقَٰتِلُواْۖ قَالُواْ وَمَا لَنَآ أَلَّا نُقَٰتِلَ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَقَدۡ أُخۡرِجۡنَا مِن دِيَٰرِنَا وَأَبۡنَآئِنَاۖ فَلَمَّا كُتِبَ عَلَيۡهِمُ ٱلۡقِتَالُ تَوَلَّوۡاْ إِلَّا قَلِيلٗا مِّنۡهُمۡۚ وَٱللَّهُ عَلِيمُۢ بِٱلظَّٰلِمِينَ
Оо, пайгамбар! Мусанын доорунан кийинки Исраил урпактарынын кадыр-барктуу адамдары тууралуу кабарды билген жоксуңбу? Алар өздөрүнүн бир пайгамбарына: «Бизге бир падыша дайында, аны менен бирге Аллах жолунда согушалы» – дешти. Пайгамбары аларга: «Эгер Аллах силерге согушту парз кылса, силер согушпай коюшуңар да мүмкүнбү?» – деди. Алар анын оюн четке кагып: «Бизден муну талап кылган себептер болуп жатса, биз үчүн Аллах жолунда согушууга дагы эмне тоскоол болмок эле? Душмандарыбыз бизди өз жерибизден кууп чыкты, бала-чакабызды туткунга алды, эми биз өз жерибизди кайтарып, туткундарыбызды бошотуу үчүн согушабыз» – дешти. Качан Аллах аларга согушууну парз кылганда, алар убада кылган нерсени аткарбай, аз бөлүгүнөн башкалары жүз буруп кетишти. Аллах Анын буйругунан жүз бурган залымдарды, келишимди бузгандарды Билүүчү. Жакында аларга мунун жазасын берет.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• التنبيه إلى أهم صفات القائد التي تؤهله لقيادة الناس؛ وهي العلم بما يكون قائدًا فيه، والقوة عليه.
Аскер башчынын адамдарды башкаруу жөндөмдүүлүгүн билдирген эң негизги сыпаттарына көңүл буруу. Бул анын башчылык кылган нерсеси тууралуу илими жана ага болгон күч-кубаттуулугу.

• إرشاد من يتولى قيادة الناس إلى ألا يغتر بأقوالهم حتى يبلوهم، ويختبر أفعالهم بعد أقوالهم.
Адамдарды башкаруу жоопкерчилигин алгандарга адамдарды сынамайынча сөздөрүнө алданбоого жана айткан сөздөрүнөн кийин иш-аракеттерин сынап көрүүгө насаат кылуу.

• أن الاعتبارات التي قد تشتهر بين الناس في وزن الآخرين والحكم عليهم قد لا تكون هي الموازين الصحيحة عند الله تعالى، بل هو سبحانه يصطفي من يشاء من خلقه بحكمته وعلمه.
Башкаларды таразалоодо жана чечим чыгарууда адамдардын арасында белгилүү болгон ойлор – кээде Аллах тааланын алдындагы туура таразалоого ылайык келбей калышы мүмкүн. Акыйкатта Аллах даанышмандыгы жана илими менен жараткандарынан Өзү каалаганын тандайт.

 
مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (246) سۈرە: سۈرە بەقەرە
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

تاقاش