قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (247) سۈرە: سۈرە بەقەرە
وَقَالَ لَهُمۡ نَبِيُّهُمۡ إِنَّ ٱللَّهَ قَدۡ بَعَثَ لَكُمۡ طَالُوتَ مَلِكٗاۚ قَالُوٓاْ أَنَّىٰ يَكُونُ لَهُ ٱلۡمُلۡكُ عَلَيۡنَا وَنَحۡنُ أَحَقُّ بِٱلۡمُلۡكِ مِنۡهُ وَلَمۡ يُؤۡتَ سَعَةٗ مِّنَ ٱلۡمَالِۚ قَالَ إِنَّ ٱللَّهَ ٱصۡطَفَىٰهُ عَلَيۡكُمۡ وَزَادَهُۥ بَسۡطَةٗ فِي ٱلۡعِلۡمِ وَٱلۡجِسۡمِۖ وَٱللَّهُ يُؤۡتِي مُلۡكَهُۥ مَن يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ وَٰسِعٌ عَلِيمٞ
Ошондо пайгамбары аларга: «Анын туусунун астында согушууңар үчүн Аллах силерге Талутту падыша кылып дайындады» – деди. Алардын кадыр-барктуулары бул тандоону жактырбай, ага каршы чыгып: «Эгерде ал падышалардын тукумунан болбосо, падышалыкка колдонуу үчүн ага көп байлык берилбесе жана биз ага караганда падышалыкка татыктуу болсок, ал кантип бизге падыша болсун?!» – дешти. Пайгамбары аларга: «Аны силерге Аллах Өзү тандады жана силерге караганда анын илимин терең, денесин күч-кубаттуу кылды. Аллах Өз даанышмандыгы жана ырайымы менен кимге кааласа падышалыкты берет. Аллахтын жакшылыгы кенен, аны Өзү каалаганга берет жана ага пенделеринен кимиси татыктуу экенин билет».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• التنبيه إلى أهم صفات القائد التي تؤهله لقيادة الناس؛ وهي العلم بما يكون قائدًا فيه، والقوة عليه.
Аскер башчынын адамдарды башкаруу жөндөмдүүлүгүн билдирген эң негизги сыпаттарына көңүл буруу. Бул анын башчылык кылган нерсеси тууралуу илими жана ага болгон күч-кубаттуулугу.

• إرشاد من يتولى قيادة الناس إلى ألا يغتر بأقوالهم حتى يبلوهم، ويختبر أفعالهم بعد أقوالهم.
Адамдарды башкаруу жоопкерчилигин алгандарга адамдарды сынамайынча сөздөрүнө алданбоого жана айткан сөздөрүнөн кийин иш-аракеттерин сынап көрүүгө насаат кылуу.

• أن الاعتبارات التي قد تشتهر بين الناس في وزن الآخرين والحكم عليهم قد لا تكون هي الموازين الصحيحة عند الله تعالى، بل هو سبحانه يصطفي من يشاء من خلقه بحكمته وعلمه.
Башкаларды таразалоодо жана чечим чыгарууда адамдардын арасында белгилүү болгон ойлор – кээде Аллах тааланын алдындагы туура таразалоого ылайык келбей калышы мүмкүн. Акыйкатта Аллах даанышмандыгы жана илими менен жараткандарынан Өзү каалаганын тандайт.

 
مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (247) سۈرە: سۈرە بەقەرە
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

تاقاش