Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (248) سۈرە: بەقەرە
وَقَالَ لَهُمۡ نَبِيُّهُمۡ إِنَّ ءَايَةَ مُلۡكِهِۦٓ أَن يَأۡتِيَكُمُ ٱلتَّابُوتُ فِيهِ سَكِينَةٞ مِّن رَّبِّكُمۡ وَبَقِيَّةٞ مِّمَّا تَرَكَ ءَالُ مُوسَىٰ وَءَالُ هَٰرُونَ تَحۡمِلُهُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لَّكُمۡ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ
Пайгамбары аларга: «Аны силерге падыша кылып тандоосу чындык экендигинин белгиси – Аллахтын силерге Табутту (Исраил урпактары аздектеген сандык, аны тарттырып жиберишкен) кайтарып бериши, анда аны коштогон бейпилдик бар жана Мусанын үй-бүлөсү менен Харундун үй-бүлөсүнөн калган таяк, кээ бир ыйык тактайлар сыяктуу таберик буюмдар бар. Эгер чындап ыймандуу болсоңор, мында силер үчүн ачык-айкын белгилер бар».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• التنبيه إلى أهم صفات القائد التي تؤهله لقيادة الناس؛ وهي العلم بما يكون قائدًا فيه، والقوة عليه.
Аскер башчынын адамдарды башкаруу жөндөмдүүлүгүн билдирген эң негизги сыпаттарына көңүл буруу. Бул анын башчылык кылган нерсеси тууралуу илими жана ага болгон күч-кубаттуулугу.

• إرشاد من يتولى قيادة الناس إلى ألا يغتر بأقوالهم حتى يبلوهم، ويختبر أفعالهم بعد أقوالهم.
Адамдарды башкаруу жоопкерчилигин алгандарга адамдарды сынамайынча сөздөрүнө алданбоого жана айткан сөздөрүнөн кийин иш-аракеттерин сынап көрүүгө насаат кылуу.

• أن الاعتبارات التي قد تشتهر بين الناس في وزن الآخرين والحكم عليهم قد لا تكون هي الموازين الصحيحة عند الله تعالى، بل هو سبحانه يصطفي من يشاء من خلقه بحكمته وعلمه.
Башкаларды таразалоодо жана чечим чыгарууда адамдардын арасында белгилүү болгон ойлор – кээде Аллах тааланын алдындагы туура таразалоого ылайык келбей калышы мүмкүн. Акыйкатта Аллах даанышмандыгы жана илими менен жараткандарынан Өзү каалаганын тандайт.

 
مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (248) سۈرە: بەقەرە
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش