قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (254) سۈرە: سۈرە بەقەرە
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَنفِقُواْ مِمَّا رَزَقۡنَٰكُم مِّن قَبۡلِ أَن يَأۡتِيَ يَوۡمٞ لَّا بَيۡعٞ فِيهِ وَلَا خُلَّةٞ وَلَا شَفَٰعَةٞۗ وَٱلۡكَٰفِرُونَ هُمُ ٱلظَّٰلِمُونَ
Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Кыямат күн келгенге чейин Биз силерге ырыскы кылып берген ар кандай адал мал-мүлктөрдөн сарптагыла. Ал убакта адамга иштеп тапкан соода да, кыйынчылыкта пайдасы тийген достук да, зыянды кайтара турган же пайда келтире турган ортомчулук да пайдасын тийгизбейт. Бирок Аллах Өзү каалагандарга жана ыраазы болгондорго уруксат бергенден кийин гана пайдасы тиет. Ал эми каапырлар Аллах таалага каапырлык кылышкандары себептүү чыныгы залымдар.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• أن الله تعالى قد فاضل بين رسله وأنبيائه، بعلمه وحكمته سبحانه.
Аллах таала Өзүнүн илими жана даанышмандыгы менен пайгамбарларын жана элчилерин бири-биринен артык кылды.

• إثبات صفة الكلام لله تعالى على ما يليق بجلاله، وأنه قد كلم بعض رسله كموسى ومحمد عليهما الصلاة والسلام.
Аллах таала Өз улуулугуна жараша сүйлөө сыпатына ээ экендигин тастыктоо. Ал Муса жана Мухаммад сыяктуу кээ бир пайгамбарлары менен сүйлөшкөн.

• الإيمان والهدى والكفر والضلال كلها بمشيئة الله وتقديره، فله الحكمة البالغة، ولو شاء لهدى الخلق جميعًا.
Ыйман, туура жол, каапырлык жана адашуу, мунун баарысы Аллахтын каалоосу жана тагдыры менен болот. Мунун артында чоң сыр бар. Эгер Аллах кааласа, бардык адамдарды туура жолго салып коймок.

• آية الكرسي هي أعظم آية في كتاب الله، لما تضمنته من ربوبية الله وألوهيته وبيان أوصافه .
Аят аль-Курси – Аллахтын китебиндеги эң улук аят. Анткени ал өзүнө Аллахтын жаратуучулугун, сыйынууга татыктуулун жана Анын сыпаттарынын түшүндүрмөсүн камтыган.

• اتباع الإسلام والدخول فيه يجب أن يكون عن رضًا وقَبول، فلا إكراه في دين الله تعالى.
Исламды ээрчүү жана ага кирүү ыраазылык жана макулдук менен болуусу керек. Аллах тааланын дининде мажбурлоо жок.

• الاستمساك بكتاب الله وسُنَّة رسوله أعظم وسيلة للسعادة في الدنيا، والفوز في الآخرة.
Аллахтын китебин жана Анын элчисинин сүннөтүн кармануу – бул дүйнөдөгү бактылуулуктун жана акыреттеги жеңиштин эң чоң себеби.

 
مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (254) سۈرە: سۈرە بەقەرە
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

تاقاش