قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (87) سۈرە: سۈرە بەقەرە
وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ وَقَفَّيۡنَا مِنۢ بَعۡدِهِۦ بِٱلرُّسُلِۖ وَءَاتَيۡنَا عِيسَى ٱبۡنَ مَرۡيَمَ ٱلۡبَيِّنَٰتِ وَأَيَّدۡنَٰهُ بِرُوحِ ٱلۡقُدُسِۗ أَفَكُلَّمَا جَآءَكُمۡ رَسُولُۢ بِمَا لَا تَهۡوَىٰٓ أَنفُسُكُمُ ٱسۡتَكۡبَرۡتُمۡ فَفَرِيقٗا كَذَّبۡتُمۡ وَفَرِيقٗا تَقۡتُلُونَ
Биз Мусага Тооратты бердик, анын артынан пайгамбарларды жибердик. Ал эми Мариямдын уулу Исага анын чынчылдыгын билдирген өлүктү тирилтүү, тубаса сокур, ала жана пес оорусу менен ооругандарды айыктыруу сыяктуу ачык айкын аят-белгилерди бердик жана аны Жебреил периште менен кубаттадык. Эй, Исраил урпактары! Силерге Аллах тараптан бир пайгамбар каалооңорго туура келбеген нерсени алып келген сайын силер акыйкатка текеберленип жана Аллахтын элчилерине бой көтөрүү менен алардын кээ бирлерин жалганга чыгарып, кээ бирлерин өлтүрө бересиңерби?!
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• من أعظم الكفر: الإيمان ببعض ما أنزل الله والكفر ببعضه؛ لأن فاعل ذلك قد جعل إلهه هواه.
Аллах түшүргөн нерселердин кээ бирлерине ыйман келтирип, кээ бирлерине каапырлык кылуу – эң чоң каапырлыктардан. Анткени мындай кылган адам өз напси каалоосун кудай кылып алган.

• عِظَم ما بلغه اليهود من العناد، واتباع الهوى، والتلاعب بما أنزل الله تعالى.
Жөөттөрдүн баш ийбестик, напси каалоону ээрчүү жана Аллах түшүргөн нерселерди оюн тутуу аркылуу жеткен нерселеринин оордугу.

• فضل الله تعالى ورحمته بخلقه، حيث تابع عليهم إرسال الرسل وإنزال الكتب لهدايتهم للرشاد.
Пенделерди тууралыкка багыттоо үчүн аларга пайгамбарларды байма-бай жиберүү жана китептерди түшүрүү – Аллахтын аларга болгон жакшылыгы жана ырайымлуулугу.

• أن الله يعاقب المعرضين عن الهدى المعاندين لأوامره بالطبع على قلوبهم وطردهم من رحمته؛ فلا يهتدون إلى الحق، ولا يعملون به.
Туура жолдон баш тарткандарды, буйруктарына баш ийбестик кылгандарды Аллах алардын жүрөктөрүнө мөөр басып, аларды Өз ырайымынан алыстатуу менен жазалайт. Ошондо алар акыйкатка карай жол табышпайт жана аны иш жүзүнө да ашыра алышпайт.

 
مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (87) سۈرە: سۈرە بەقەرە
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

تاقاش