Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (90) سۈرە: بەقەرە
بِئۡسَمَا ٱشۡتَرَوۡاْ بِهِۦٓ أَنفُسَهُمۡ أَن يَكۡفُرُواْ بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ بَغۡيًا أَن يُنَزِّلَ ٱللَّهُ مِن فَضۡلِهِۦ عَلَىٰ مَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦۖ فَبَآءُو بِغَضَبٍ عَلَىٰ غَضَبٖۚ وَلِلۡكَٰفِرِينَ عَذَابٞ مُّهِينٞ
Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирүүдө алар өз бактысын алмаштырып жиберген нерсе кандай жаман! Алар Мухаммадга Куран жана пайгамбарлык түшкөнү үчүн көрө албастык жана зулумдук кылып, Аллах түшүргөн нерсеге каапырлык кылышты жана пайгамбарларын жалганга чыгарышты. Алар Мухаммадга каапырлык кылышканы жана ага чейин Тооратты бурмалашканы себептүү Аллахтын эселеген каарына татыктуу болушту. Ал эми кыямат күнү Мухаммаддын пайгамбарчылыгына каапырлык кылгандарга кордоочу азап бар.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• اليهود أعظم الناس حسدًا؛ إذ حملهم حسدهم على الكفر بالله وردِّ ما أنزل، بسبب أن الرسول صلى الله عليه وسلم لم يكن منهم.
Жөөттөр эң көрө албас адамдар. Анткени алардын көрө албастыгы Аллахка каапырлык кылууга жана Ал түшүргөн нерсени четке кагууга түрттү. Себеби пайгамбар алардан эмес болчу.

• أن الإيمان الحق بالله تعالى يوجب التصديق بكل ما أَنزل من كتب، وبجميع ما أَرسل من رسل.
Аллах таалага болгон чыныгы ыйман, Ал түшүргөн бардык китептерге жана Ал жиберген бардык пайгамбарларга ишенүүнү талап кылат.

• من أعظم الظلم الإعراض عن الحق والهدى بعد معرفته وقيام الأدلة عليه.
Чындыкты жана туура жолду билип туруп, ага далил келтиргенден кийин андан баш тартуу – эң чоң зулумдуктардан.

• من عادة اليهود نقض العهود والمواثيق، وهذا ديدنهم إلى اليوم.
Келишимдерди жана убадаларды бузуу жөөттөрдүн адаты жана ушул күнгө чейин кылып келген көнүмүш адаты.

 
مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (90) سۈرە: بەقەرە
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش