Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: ئەھزاب   ئايەت:
تَحِيَّتُهُمۡ يَوۡمَ يَلۡقَوۡنَهُۥ سَلَٰمٞۚ وَأَعَدَّ لَهُمۡ أَجۡرٗا كَرِيمٗا
Ыймандуулар Раббисине жолуккан күндөгү алардын учурашуулары «Салам!» сөзү болот жана бардык жамандыктардан саламатта болушат. Алар Аллахка моюн сунуп, Ага баш ийбестик кылышпаганы үчүн Ал аларга улуу сыйлык бейишти даярдады.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ إِنَّآ أَرۡسَلۡنَٰكَ شَٰهِدٗا وَمُبَشِّرٗا وَنَذِيرٗا
Оо, пайгамбар! Биз сени адамдарга сага түшкөн нерсени жеткирүүгө күбө болуучу, алардын арасындагы ыймандуулар үчүн Аллах даярдаган бейишти сүйүнчүлөөчү жана каапырларга даярдалган азаптан коркутуучу кылып жибердик.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَدَاعِيًا إِلَى ٱللَّهِ بِإِذۡنِهِۦ وَسِرَاجٗا مُّنِيرٗا
Жана сени Аллахка гана сыйынууга, Анын буйругуна баш ийүүгө чакыруу үчүн жибердик. Ошондой эле сени туура жолго түшүүнү каалаган ар бир адам үчүн жаркыраган чырак кылып жибердик.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَبَشِّرِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ بِأَنَّ لَهُم مِّنَ ٱللَّهِ فَضۡلٗا كَبِيرٗا
Жана Аллахтын шариятын аткарып Ага ыйман келтиргендерге, алар үчүн Аллах тараптан бул дүйнөдөгү жеңишти жана акыретте бейишке киргизген ийгиликти өзүнө камтыган улуу артыкчылык болору тууралуу сүйүнчү кабарды жеткир.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَلَا تُطِعِ ٱلۡكَٰفِرِينَ وَٱلۡمُنَٰفِقِينَ وَدَعۡ أَذَىٰهُمۡ وَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱللَّهِۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلٗا
Аллахтын дининен жүз бурууга чакырган каапырлар менен эки жүздүүлөргө моюн сунба жана алардан баш тарт! Балким бул аларды сен алып келген нерсеге ыйман келтирүүгө түрткү берет. Бүткүл иштериңде, душмандарыңдын үстүнөн жеңишке жетүүдө да Аллахка гана таян! Аллах жетиштүү Коргоочу, пенделери дүйнөдөгү жана акыреттеги бардык иштеринде Ага таянышат.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا نَكَحۡتُمُ ٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ ثُمَّ طَلَّقۡتُمُوهُنَّ مِن قَبۡلِ أَن تَمَسُّوهُنَّ فَمَا لَكُمۡ عَلَيۡهِنَّ مِنۡ عِدَّةٖ تَعۡتَدُّونَهَاۖ فَمَتِّعُوهُنَّ وَسَرِّحُوهُنَّ سَرَاحٗا جَمِيلٗا
О, Аллахка ыйман келтирип, Аны шариятын аткаргандар! Эгерде ыймандуу аялдарды никеге алгандан кийин жыныстык мамиле кылбай туруп талагын берсеңер, анда алар мейли айыз мөөнөтү болсун, мейли ай мөөнөтү болсун иддага отурбайт. Анткени, жыныстык мамиле болбогон үчүн алардын боюнда жок. Талактын айынан чөккөн көңүлүн көтөрүп, жоомарттыгыңарга жараша мал-мүлкүңөрдөн бергиле жана аларга зыян тийгизбестен төркүнүнө коё бергиле.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ إِنَّآ أَحۡلَلۡنَا لَكَ أَزۡوَٰجَكَ ٱلَّٰتِيٓ ءَاتَيۡتَ أُجُورَهُنَّ وَمَا مَلَكَتۡ يَمِينُكَ مِمَّآ أَفَآءَ ٱللَّهُ عَلَيۡكَ وَبَنَاتِ عَمِّكَ وَبَنَاتِ عَمَّٰتِكَ وَبَنَاتِ خَالِكَ وَبَنَاتِ خَٰلَٰتِكَ ٱلَّٰتِي هَاجَرۡنَ مَعَكَ وَٱمۡرَأَةٗ مُّؤۡمِنَةً إِن وَهَبَتۡ نَفۡسَهَا لِلنَّبِيِّ إِنۡ أَرَادَ ٱلنَّبِيُّ أَن يَسۡتَنكِحَهَا خَالِصَةٗ لَّكَ مِن دُونِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَۗ قَدۡ عَلِمۡنَا مَا فَرَضۡنَا عَلَيۡهِمۡ فِيٓ أَزۡوَٰجِهِمۡ وَمَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُهُمۡ لِكَيۡلَا يَكُونَ عَلَيۡكَ حَرَجٞۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمٗا
Оо, пайгамбар! Чындыгында Биз сен махр (калың) төлөп алган аялдарыңды сага адал кылдык, Аллах сага олжо кылып берген кол астыңдагы туткун күңдөрдү да адал кылдык, ошондой эле сени менен Мединадан Меккеге көчкөн атаң менен бир тууган кишилердин кыздарына үйлөнүүнү, атаңдын эже-карындаштарынын кыздарына үйлөнүүнү, тайкеңдин кыздарына үйлөнүүнү, таежелериңдин кыздарына үйлөнүүнү сага адал кылдык. Ошондой эле махр (калың) сурабастан өзүн сага сунуштаган ыймандуу аялдарды сага адал кылдык, эгер сен аларга үйлөнүүнү каалаган болсоң. Өзүн белек кылуу никеси пайгамбарга гана тиешелүү, үммөттөн андан башка эч кимге уруксат эмес. Биз ыймандууларга алардын аялдарына тийиштүү парз кылган нерселерди билебиз, аларга төрттөн ашык аял алууга уруксат жок. Жана Биз алардын күндөрүнө тийиштүү шарият өкүмдөрүн да билебиз, алар өздөрүнүн күңдөрүнөн каалагандай ырахаттанууга укуктуу, алардын саны да чектелүү эмес. Жогоруда айтылгандарды сага да адал кылдык жана жалпы мусулмандарга уруксат берилбеген өзгөчөлүктөрдү сага гана уруксат бергенибиздин себеби сени сыгылбасын, кыйналбасын дедик. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• الصبر على الأذى من صفات الداعية الناجح.
Кыйынчылыктарга сабыр кылуу ийгиликтүү үгүт кылуучу адамдын сыпаттарынан.

• يُنْدَب للزوج أن يعطي مطلقته قبل الدخول بها بعض المال جبرًا لخاطرها.
Жыныстык мамиле кылбастан аялына талак берген эркекке анын көңүлүн жоошутуу үчүн өз байлыгынан бергени жакшы амалдардан болуп эсептелет.

• خصوصية النبي صلى الله عليه وسلم بجواز نكاح الهبة، وإن لم يحدث منه.
Пайгамбар тараптан сунуш түшпөсө да өзүн ага белек кылып сунуштоо никеси ага гана уруксат берилген өзгөчөлүктөрдөн.

 
مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: ئەھزاب
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش