Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: زۇمەر   ئايەت:
أَفَمَن شَرَحَ ٱللَّهُ صَدۡرَهُۥ لِلۡإِسۡلَٰمِ فَهُوَ عَلَىٰ نُورٖ مِّن رَّبِّهِۦۚ فَوَيۡلٞ لِّلۡقَٰسِيَةِ قُلُوبُهُم مِّن ذِكۡرِ ٱللَّهِۚ أُوْلَٰٓئِكَ فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٍ
Аллах көкүрөгүн Исламга ачып, Өзүнө карай багыттап, Раббиси тараптан көрөгөчтүк берилген адам Аллахты эстебей жүрөгү мерез болуп калган адам менен тең болобу? Алар эч качан тең болушпайт! Туура жолдогулар куткарылат, ал эми Аллахты эстебей жүрөктөрү мерез болуп калгандар кыйроого туш болушат. Мына ошолор акыйкаттан анык адашууда.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
ٱللَّهُ نَزَّلَ أَحۡسَنَ ٱلۡحَدِيثِ كِتَٰبٗا مُّتَشَٰبِهٗا مَّثَانِيَ تَقۡشَعِرُّ مِنۡهُ جُلُودُ ٱلَّذِينَ يَخۡشَوۡنَ رَبَّهُمۡ ثُمَّ تَلِينُ جُلُودُهُمۡ وَقُلُوبُهُمۡ إِلَىٰ ذِكۡرِ ٱللَّهِۚ ذَٰلِكَ هُدَى ٱللَّهِ يَهۡدِي بِهِۦ مَن يَشَآءُۚ وَمَن يُضۡلِلِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِنۡ هَادٍ
Аллах пайгамбары Мухаммадга эң мыкты сөз болгон Куранды түшүрдү. Ал аны чындыкта, көркөмдүктө жана шайкештикте жана карама-каршылыктардын жоктугунда бири-бирине окшош кылып түшүрдү. Анын ичинде көптөгөн окуялар, өкүмдөр, убадалар, коркутуулар, акыйкат жана жалган жолдогу адамдардын сыпаттары тууралуу айтылган. Раббисинен корккондор андагы келген коркутууларды жана эскертүүлөрдү укканда терилери титирейт. Андан соң эгер алар андагы үмүт жараткан нерселерди жана сүйүнчү кабарларды угушса, Аллахты эстеп алардын терилери жана жүрөктөрү тынч алат. Курандагы бул айтылгандар жана анын таасири – Аллах Өзү каалаганды багыттаган туура жолу. Аллах кимди жардамсыз таштаса жана туура жолго ийлигик бербесе, анда аны эч ким туура жолго сала албайт.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
أَفَمَن يَتَّقِي بِوَجۡهِهِۦ سُوٓءَ ٱلۡعَذَابِ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۚ وَقِيلَ لِلظَّٰلِمِينَ ذُوقُواْ مَا كُنتُمۡ تَكۡسِبُونَ
Аллах туура жолго салган, дүйнөдө ийгилик берген жана акыретте бейишке киргизген адам менен каапырлык кылып ошол жолдо өлгөн, колу-буту кишенделип тозокко кирген адам тең болобу? Ал жер сүргөн жүзү менен тозоктон коргоно албайт. Каапырлык жана күнөө кылып өздөрүнө зыян бергендерге жемелөө катары айтылат: «Өзүңөр кылган каапырлык менен күнөөлөрдүн азабын таткыла! Бул силердин жазаңар».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
كَذَّبَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ فَأَتَىٰهُمُ ٱلۡعَذَابُ مِنۡ حَيۡثُ لَا يَشۡعُرُونَ
Ал мушриктерден мурунку коомдор да жалганга чыгарышкан. Ошондо алар аны сезип тообо кылып даярдык көрүүгө жетишпей тургандай абалда аларга капыстан азап келген.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَأَذَاقَهُمُ ٱللَّهُ ٱلۡخِزۡيَ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَاۖ وَلَعَذَابُ ٱلۡأٓخِرَةِ أَكۡبَرُۚ لَوۡ كَانُواْ يَعۡلَمُونَ
Ошондо Аллах аларга бул азап менен дүйнө жашоосунда кордукду, шерменделикти жана маскаралыкты таттырды. Ал эми акыретте аларды күткөн азап мындан да катаал, эгер алар муну билишкенде.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَلَقَدۡ ضَرَبۡنَا لِلنَّاسِ فِي هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانِ مِن كُلِّ مَثَلٖ لَّعَلَّهُمۡ يَتَذَكَّرُونَ
Биз Мухаммадга түшүрүлгөн бул Куранда адамдарга жакшылык менен жамандык, акыйкат менен жалган, ыйман менен каапырлык тууралуу түрдүү мисалдарды келтирдик. Биз муну адамдар мисалдардан үлгү алып, акыйкатты иш жүзүндө аткарып, жалганды таштап сабак алат деген үмүттө кылдык.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
قُرۡءَانًا عَرَبِيًّا غَيۡرَ ذِي عِوَجٖ لَّعَلَّهُمۡ يَتَّقُونَ
Биз аны араб тилиндеги Куран кылдык, анда эч кандай бурмалоо, өзгөртүү жана бүдөмүк нерсе жок. Биз муну алар анын буйруктарына ээрчип жана тыюуларын таштап Аллахтан коркушат деген үмүттө кылдык.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
ضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلٗا رَّجُلٗا فِيهِ شُرَكَآءُ مُتَشَٰكِسُونَ وَرَجُلٗا سَلَمٗا لِّرَجُلٍ هَلۡ يَسۡتَوِيَانِ مَثَلًاۚ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِۚ بَلۡ أَكۡثَرُهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ
Аллах ширк кылган адам менен Ага гана сыйынган адамды салыштырып мисал келтирди. Ыркы келишпеген эки шериктин бир эркек кулу бар, ал бирөөсүн ыраазы кылса, экинчисин ачуулантат. Ошол себептеп ал эмне кыларын билбей башы маң. Ошондой эле бир эркекке тийиштүү бир кул бар, ал ага өзү гана ээлик кылат, ал анын максатын билет. Анын көңүлү тынч, эч кандай кабатырлануу жок. Эми ушул эки эки эркек тең болобу? Аллахка мактоолор болсун! Бирок алардын көпчүлүгү билишпейт. Ошол себептен Аллахка башкаларды шерик кылышат.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
إِنَّكَ مَيِّتٞ وَإِنَّهُم مَّيِّتُونَ
Оо, пайгамбар! Акыйкатта сен дагы, алар дагы сөзсүз өлөсүңөр.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
ثُمَّ إِنَّكُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ عِندَ رَبِّكُمۡ تَخۡتَصِمُونَ
Эй, адамдар! Кийин силер кыяматта Раббиңердин алдында талашып-тартышасыңар. Ошондо чынчыл менен жалганчы ачык билинет.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• أهل الإيمان والتقوى هم الذين يخشعون لسماع القرآن، وأهل المعاصي والخذلان هم الذين لا ينتفعون به.
Ыймандуулар менен такыбалар Куранды жан дили менен берилип угушат. Ал эми күнөөкөрлөр менен жоготууга учурагандар андан эч кандай пайда алышпайт.

• التكذيب بما جاءت به الرسل سبب نزول العذاب إما في الدنيا أو الآخرة أو فيهما معًا.
Пайгамбарлар алып келген нерселерди жалганга чыгаруу бул дүйнөдө же акыретте же экөөсүндө тең азаптын түшүүсүнө себеп болот.

• لم يترك القرآن شيئًا من أمر الدنيا والآخرة إلا بيَّنه، إما إجمالًا أو تفصيلًا، وضرب له الأمثال.
Дүйнөгө жана акыретке байланыштуу кандай гана иш болбосун, ал тууралуу жалпы же жеке түрдө Куранда сөзсүз баяндалган жана ага мисалдар келтирилген.

 
مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: زۇمەر
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش