Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: نىسا   ئايەت:
۞ لَّا خَيۡرَ فِي كَثِيرٖ مِّن نَّجۡوَىٰهُمۡ إِلَّا مَنۡ أَمَرَ بِصَدَقَةٍ أَوۡ مَعۡرُوفٍ أَوۡ إِصۡلَٰحِۭ بَيۡنَ ٱلنَّاسِۚ وَمَن يَفۡعَلۡ ذَٰلِكَ ٱبۡتِغَآءَ مَرۡضَاتِ ٱللَّهِ فَسَوۡفَ نُؤۡتِيهِ أَجۡرًا عَظِيمٗا
Адамдар күбүр-шыбыр кылган көп сөздөрдо жакшылык жок, алардан пайда да чыкпайт. Бирок, садага берүүгө буйруган, шариятка туура келген жана акылга сыйган жакшы иштерге чакырган, талашып-тартышкандарды жараштырууга үндөгөн сөздөр жакшы жана пайдалуу. ким ушундай сөздөрдү Аллахтын ыраазылыгын талап кылып айтса, жакында ага чоң сооп-сый тартуулайбыз.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَمَن يُشَاقِقِ ٱلرَّسُولَ مِنۢ بَعۡدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُ ٱلۡهُدَىٰ وَيَتَّبِعۡ غَيۡرَ سَبِيلِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ نُوَلِّهِۦ مَا تَوَلَّىٰ وَنُصۡلِهِۦ جَهَنَّمَۖ وَسَآءَتۡ مَصِيرًا
Чындык ачык-айкын болгондон кийин деле пайгамбарга кежирлик кылып, ага каршы иш кылса жана ыймандуулардын жолунан башка жолго түшсө, өзүнө тандаган жолуна жөн коёбуз. Атайын баш тартканы үчүн аны туура жолго багыттабайбыз. Аны табы күчтүү тозок отуна киргизебиз, кирген адам үчүн ал эң жаман жай.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَغۡفِرُ أَن يُشۡرَكَ بِهِۦ وَيَغۡفِرُ مَا دُونَ ذَٰلِكَ لِمَن يَشَآءُۚ وَمَن يُشۡرِكۡ بِٱللَّهِ فَقَدۡ ضَلَّ ضَلَٰلَۢا بَعِيدًا
Аллах Таала чынында Ага шерик кошкондорду кечирбейт, тескерисинче, шерик кошуучуларды тозокто түбөлүк калтырат. Ширктен башка күнөөлөрдү ырайымы жана артыкчылыгы менен каалаган адамдан кечирет. Ким Аллахка башка бир нерсени шерик кылып алса, чындыктан тайып андан өтө алыс кетиптир; анткени ал Жаратуучуну жаратылгандарга теңеди
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
إِن يَدۡعُونَ مِن دُونِهِۦٓ إِلَّآ إِنَٰثٗا وَإِن يَدۡعُونَ إِلَّا شَيۡطَٰنٗا مَّرِيدٗا
Бул бутпарастар (шерик кылуучулар) ибадат кылышпайт, Аллах менен бирге "Лат", "Узза" деген сыяктуу аял тегиндеги айкелдерге да дуба кылышат. Булардан пайда да, зыян да жок. Булар Аллахтын жолунан чыккан, эч пайдасы жок шайтанга ибадат кылышат; анткени ошол шайтан аларды айкелдерге ибадат кылууга буйруйт
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
لَّعَنَهُ ٱللَّهُۘ وَقَالَ لَأَتَّخِذَنَّ مِنۡ عِبَادِكَ نَصِيبٗا مَّفۡرُوضٗا
Ошон үчүн Аллах Таала аны ырайымынан кууганда, ал шайтан Жаратуучусуна ант берип: мага пенделериңден белгилүү бир бөлүгүн бер, мен аларды туура жолдон бурайын деген
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَلَأُضِلَّنَّهُمۡ وَلَأُمَنِّيَنَّهُمۡ وَلَأٓمُرَنَّهُمۡ فَلَيُبَتِّكُنَّ ءَاذَانَ ٱلۡأَنۡعَٰمِ وَلَأٓمُرَنَّهُمۡ فَلَيُغَيِّرُنَّ خَلۡقَ ٱللَّهِۚ وَمَن يَتَّخِذِ ٱلشَّيۡطَٰنَ وَلِيّٗا مِّن دُونِ ٱللَّهِ فَقَدۡ خَسِرَ خُسۡرَانٗا مُّبِينٗا
Аларды Сенин туура жолуңдан тосом, аларга адашуусун кооз көрсөтө турган жалган убадаларды берем, Аллах адал кылган малдарын арамга чыгартуу үчүн алардын кулагын кесүүгө буйруймун (айкелдерине арнап кээ бир төөлөрүнүн кулагын кесип, эн тамга салып, ошол төөнү ыйык санап, аны минбей, иштетпей, сойбой бош коё берип коюшкан) Аллахтын жаратканын жана табиятын өзгөртүүгө буйруймун (дейт шайтан). Ким шайтанды дос-башчы кылып, ага баш ийсе куулган шайтанды дос кылганы үчүн анык зыянга туш болуптур
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
يَعِدُهُمۡ وَيُمَنِّيهِمۡۖ وَمَا يَعِدُهُمُ ٱلشَّيۡطَٰنُ إِلَّا غُرُورًا
Аларга шайтан жалган убада берет, жалган кыялга берилтет, чынында эч бир акыйкаты жок жалган нерсени убада кылат.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
أُوْلَٰٓئِكَ مَأۡوَىٰهُمۡ جَهَنَّمُ وَلَا يَجِدُونَ عَنۡهَا مَحِيصٗا
Шайтандын жолуна түшкөңдөрдүн барып токтоочу жайы тозок оту, андан аларды куткарып чыгаруучуну таба алышпайт
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• أكثر تناجي الناس لا خير فيه، بل ربما كان فيه وزر، وقليل من كلامهم فيما بينهم يتضمن خيرًا ومعروفًا.
Адамдардын сүйлөшүүлөрүнүн көбүндө жакшылык жок, тескерисинче,кээде жамандык көп болот. Алардын сөзүнүн азы гана жакшылыкты камтыйт

• معاندة الرسول صلى الله عليه وسلم ومخالفة سبيل المؤمنين نهايتها البعد عن الله ودخول النار.
Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоосу болсун) кежирлик кылып, тоң моюн болуунун жана ыймандуулардын жолуна каршы туруунун акыр-аягы Аллахтан алыстап, тозокко кирүү менен бүтөт.

• كل الذنوب تحت مشيئة الله، فقد يُغفر لصاحبها، إلا الشرك، فلا يغفره الله أبدًا، إذا لم يتب صاحبه ومات عليه.
Ширктен башка күнөөнүн баары Аллахтын каалоосунда, каалаганын кечирет. Ал эми ширк кылган адам тообо кылбай өлүп кетсе, аны Аллах эч качан кечирбейт.

• غاية الشيطان صرف الناس عن عبادة الله تعالى، ومن أعظم وسائله تزيين الباطل بالأماني الغرارة والوعود الكاذبة.
Шайтандын самаганы - адамдарды Аллахка ибадат кылуудан тыюу, анын негизги куралы - куру кыял салуу жана жалган убада берүү менен туура эмести кооз кылып көрсөтүү

 
مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: نىسا
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش