Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (102) سۈرە: نىسا
وَإِذَا كُنتَ فِيهِمۡ فَأَقَمۡتَ لَهُمُ ٱلصَّلَوٰةَ فَلۡتَقُمۡ طَآئِفَةٞ مِّنۡهُم مَّعَكَ وَلۡيَأۡخُذُوٓاْ أَسۡلِحَتَهُمۡۖ فَإِذَا سَجَدُواْ فَلۡيَكُونُواْ مِن وَرَآئِكُمۡ وَلۡتَأۡتِ طَآئِفَةٌ أُخۡرَىٰ لَمۡ يُصَلُّواْ فَلۡيُصَلُّواْ مَعَكَ وَلۡيَأۡخُذُواْ حِذۡرَهُمۡ وَأَسۡلِحَتَهُمۡۗ وَدَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَوۡ تَغۡفُلُونَ عَنۡ أَسۡلِحَتِكُمۡ وَأَمۡتِعَتِكُمۡ فَيَمِيلُونَ عَلَيۡكُم مَّيۡلَةٗ وَٰحِدَةٗۚ وَلَا جُنَاحَ عَلَيۡكُمۡ إِن كَانَ بِكُمۡ أَذٗى مِّن مَّطَرٍ أَوۡ كُنتُم مَّرۡضَىٰٓ أَن تَضَعُوٓاْ أَسۡلِحَتَكُمۡۖ وَخُذُواْ حِذۡرَكُمۡۗ إِنَّ ٱللَّهَ أَعَدَّ لِلۡكَٰفِرِينَ عَذَابٗا مُّهِينٗا
Оо, элчи, душмандар менен согуш учурунда аскерлериң менен бирге намаз окуй турган болсоң, аскерди эки жамаатка бөл. Биринчи жамаат сени менен намазга турсун, намазга курал-жарактары менен тура берсин. Экинчи жамаат болсо силерге кароол болуп турсун. Биринчи жамаат имам менен бир ирекет окуган соң, намаздын калганын өздөрү акырына чыгарат. Акырына чыгаргандар силердин артыңарга өтүп душманга бет турат, бул учурда коргоп турган экинчи жамаат келип имам менен бир ирекет окуйт, имам салам берген соң намаздарын толуктап бүтүрөт. Бул учурларда душмандан этият болушсун жана курал-жарагын алып алышсын. Анткени каапырлар, силер намазга турганда курал-жарак, буюм-теримиңерден капарсыз калсаңар, капарсыздыгыңардан пайдаланып дароо кол салууну көздөп турушат. Эгер жамгырдын айынан же ооруу себептүү зыян тартып жатсаңар, анда курал-жарагыңарды жерге коюп турсаңар деле күнөө эмес, болгону, колуңардан келишинче душмандан этиет кылгыла. Аллах Таала чынында каапырларга аларды кордоочу азапты даярдап койгон
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• استحباب صلاة الخوف وبيان أحكامها وصفتها.
Коркуу намазынын мустахабтыгы, анын өкүмүн жана окуу тартибин баяндоо.

• الأمر بالأخذ بالأسباب في كل الأحوال، وأن المؤمن لا يعذر في تركها حتى لو كان في عبادة.
Кандай абалда болсо да себепти аткаруу зарыл, ыймандуу адамга ибадат учурунда да аны таштоого уруксат жок.

• مشروعية دوام ذكر الله تعالى على كل حال، فهو حياة القلوب وسبب طمأنينتها.
Бардык учурда Аллахты зикир кылуу зарыл, зикир жүрөктү ойготот жана анын тынчтануусуна себеп болот

• النهي عن الضعف والكسل في حال قتال العدو، والأمر بالصبر على قتاله.
Согуш учурунда алсыроого жана жалкоолук кылууга тыю салынып сабырдуу болууга буйрулган

 
مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (102) سۈرە: نىسا
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش