Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (163) سۈرە: نىسا
۞ إِنَّآ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ كَمَآ أَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰ نُوحٖ وَٱلنَّبِيِّـۧنَ مِنۢ بَعۡدِهِۦۚ وَأَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰٓ إِبۡرَٰهِيمَ وَإِسۡمَٰعِيلَ وَإِسۡحَٰقَ وَيَعۡقُوبَ وَٱلۡأَسۡبَاطِ وَعِيسَىٰ وَأَيُّوبَ وَيُونُسَ وَهَٰرُونَ وَسُلَيۡمَٰنَۚ وَءَاتَيۡنَا دَاوُۥدَ زَبُورٗا
Оо, элчи, биз сага сенден мурдагы пайгамбарларга аян-кабар берген сыяктуу аян-кабар бердик. Сен биринчи элчи эмессиң. Биз Нухка да аян-кабар бергенбиз жана андан кийин келген пайгамбарларга да аян-кабар түшүргөнбүз. Ибрахимге аян-кабар бердик, анын балдары Исмаил менен Исхакка бердик, Исхактын уулу Якубга бердик жана алардын урпактарына бердик (алар Якуб пайгамбардын он эки уулунан тараган Исраил урпактарынан чыккан пайгамбарлар). Исага, Аюбга, Юнуска, Харунга жана Сулайманга аян-кабар бердик. Ошондой эле Даудга Забур китебин түшүрдүк
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• إثبات النبوة والرسالة في شأن نوح وإبراهيم وغيرِهما مِن ذرياتهما ممن ذكرهم الله وممن لم يذكر أخبارهم لحكمة يعلمها سبحانه.
Нух, Ибрахим жана булардын урпактарынан Аллах Таала атын атаган же Өзүнө гана маалым сыры менен аттарын атабаган башкаларга пайгамбарлык жана элчилик берилгени чындык

• إثبات صفة الكلام لله تعالى على وجه يليق بذاته وجلاله، فقد كلّم الله تعالى نبيه موسى عليه السلام.
Аллах Таалада Өзүнүн Улуулугуна жана Затына ылайык сүйлөө касиети бар, чынында Ал пайгамбары Мусага (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) сүйлөгөн

• تسلية النبي محمد عليه الصلاة والسلام ببيان أن الله تعالى يشهد على صدق دعواه في كونه نبيًّا، وكذلك تشهد الملائكة.
Пайгамбарлыгы чындык экенине Аллах Тааланын жана периштелердин күбөлүк бергенин баяндап Мухаммад пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) даражасын көтөрдү

 
مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (163) سۈرە: نىسا
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش