Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: زۇخرۇپ   ئايەت:
وَمَا نُرِيهِم مِّنۡ ءَايَةٍ إِلَّا هِيَ أَكۡبَرُ مِنۡ أُخۡتِهَاۖ وَأَخَذۡنَٰهُم بِٱلۡعَذَابِ لَعَلَّهُمۡ يَرۡجِعُونَ
Биз Фараон менен анын элиндеги башчыларга Муса алып келген нерсе акыйкат экендигине кандай далилдерди көргөзбөйлү, андан кийинки келген далил андан дагы күчтүү болчу. Биз аларды дүйнөдө азап менен алдык. Балким алар каапырлыктан кайтышар деп үмүт кылдык, бирок эч кандай пайда чыккан жок.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَقَالُواْ يَٰٓأَيُّهَ ٱلسَّاحِرُ ٱدۡعُ لَنَا رَبَّكَ بِمَا عَهِدَ عِندَكَ إِنَّنَا لَمُهۡتَدُونَ
Аларга кээ бир азаптар келгенде Мусага айтышты: «Эй, сыйкырчы! Раббиңдин ыйман келтирсеңер азаптан куткарабыз деп сага айтканы боюнча биз үчүн Ага дуба кылчы. Эгер Ал бизди куткарса, Биз Ага карай туура жолго түшөбүз».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَلَمَّا كَشَفۡنَا عَنۡهُمُ ٱلۡعَذَابَ إِذَا هُمۡ يَنكُثُونَ
Качан Биз аларды азаптан куткарсак, ошол замат убадаларын бузушту, аны аткарышкан жок.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَنَادَىٰ فِرۡعَوۡنُ فِي قَوۡمِهِۦ قَالَ يَٰقَوۡمِ أَلَيۡسَ لِي مُلۡكُ مِصۡرَ وَهَٰذِهِ ٱلۡأَنۡهَٰرُ تَجۡرِي مِن تَحۡتِيٓۚ أَفَلَا تُبۡصِرُونَ
Фараон бийлигине чиренип элине жар салды: «Эй, элим! Мисирдин бийлиги жана хан сарайларымдын астынан аккан Нил сыяктуу дарыялар мага таандык эмеспи?! Силер бийлигимди көрбөй жатасыңарбы жана улуктугумду тааныбай жатасыңарбы?!
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
أَمۡ أَنَا۠ خَيۡرٞ مِّنۡ هَٰذَا ٱلَّذِي هُوَ مَهِينٞ وَلَا يَكَادُ يُبِينُ
Мен куулган жана алсыз Мусага караганда артыкмын. Ал сөздү да тыңдап сүйлөй албайт.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَلَوۡلَآ أُلۡقِيَ عَلَيۡهِ أَسۡوِرَةٞ مِّن ذَهَبٍ أَوۡ جَآءَ مَعَهُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ مُقۡتَرِنِينَ
Аны жиберген Аллах анын элчи экенин көргөзүү үчүн ага алтындан билериктерди такса болбойт беле же бири-бирин ээрчиген периштелерди аны менен жиберсе болбойт беле?!».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَٱسۡتَخَفَّ قَوۡمَهُۥ فَأَطَاعُوهُۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَوۡمٗا فَٰسِقِينَ
Фараон өз элин азгырып алдады. Ошондо алар анын адашуусуна моюн сунушту. Чындыгында алар Аллахка баш ийбеген коом эле.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَلَمَّآ ءَاسَفُونَا ٱنتَقَمۡنَا مِنۡهُمۡ فَأَغۡرَقۡنَٰهُمۡ أَجۡمَعِينَ
Качан алар каапырлыктан такыр баш тартпай ачуубузду келтиргенде Биз алардан өч алып, алардын баарысын сууга чөктүрдүк.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَجَعَلۡنَٰهُمۡ سَلَفٗا وَمَثَلٗا لِّلۡأٓخِرِينَ
Биз Фараон менен анын жан жөкөрлөрүн адамдардан алдын кылдык, ал эми анын каапыр коомун алардан кийин кылдык жана адамдар алардын кылгандарын кылып, алардын башына түшкөн нерсеге кабылбаш үчүн аларды ибарат алгандарга сабак кылдык.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
۞ وَلَمَّا ضُرِبَ ٱبۡنُ مَرۡيَمَ مَثَلًا إِذَا قَوۡمُكَ مِنۡهُ يَصِدُّونَ
О, пайгамбар! Мушриктер Аллах Тааланын: «Силер жана силер сыйынган Аллахтан башка нерселер силер кире турган тозоктун отуну» деген сөзүнө христиандар сыйынган Иса дагы кирип калат деп ойлошкон. Бирок, Аллах Таала айкелдерге сыйынуудан тыйган сыяктуу Исага да сыйынуудан тыйган эле. Ошондо сенин коомуң кыйкырып чуу чыгарып: «Биздин кудайларыбыз да Исадай болуусуна ыраазыбыз» дешкенде, Аллах аларга жооп кылып: «Ал эми Биз кимге алдын ала жакшылык жазсак, мына ошолор андан алыс болот» – деп айтты.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَقَالُوٓاْ ءَأَٰلِهَتُنَا خَيۡرٌ أَمۡ هُوَۚ مَا ضَرَبُوهُ لَكَ إِلَّا جَدَلَۢاۚ بَلۡ هُمۡ قَوۡمٌ خَصِمُونَ
Алар: «Биздин кудайларыбыз жакшыбы же Исабы?» – деп айтышты. Ибн Аль-Зибаара жана ага окшогондор сага бул мисалды акыйкатка жетүүнү жакшы көрүшкөнү үчүн эмес, талаш-тартышты жакшы көрүшкөнү үчүн келтирди. Алар табиятынан талашып-тартышкан адамдар.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
إِنۡ هُوَ إِلَّا عَبۡدٌ أَنۡعَمۡنَا عَلَيۡهِ وَجَعَلۡنَٰهُ مَثَلٗا لِّبَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ
Мариямдын уулу Иса – Аллахтын пенделеринин бири. Биз ага жакшылык кылып пайгамбарчылык менен элчиликти бердик. Биз аны Исраил урпактарына Аллахтын кудуреттүлүгүн далил кылуулары үчүн мисал кылдык. Анткени Аллах Адамды ата-энесиз жараткан сыяктуу аны атасыз жаратты.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَلَوۡ نَشَآءُ لَجَعَلۡنَا مِنكُم مَّلَٰٓئِكَةٗ فِي ٱلۡأَرۡضِ يَخۡلُفُونَ
Эй, Адам балдары! Эгер Биз силерди жок кылууну каалаганда, силерди жок кылып коймокпуз жана силердин ордуңарга периштелерди жер бетинде орун басар кылып коймокпуз. Алар Аллахка эч нерсени шерик кылбастан сыйынышмак.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• نَكْث العهود من صفات الكفار.
Убаданы бузуу каапырлардын сыпаттарынан.

• الفاسق خفيف العقل يستخفّه من أراد استخفافه.
Бузуку адам акылы тайкы болот. Каалаган адам ага жеңил ойлуу карайт.

• غضب الله يوجب الخسران.
Аллахтын каары кыйроого алып келет.

• أهل الضلال يسعون إلى تحريف دلالات النص القرآني حسب أهوائهم.
Адашкандар өз каалоолоруна жараша Курандагы сөздөрдүн маанилерин бурмалоого аракет жасашат.

 
مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: زۇخرۇپ
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش