Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: ئەھقاپ   ئايەت:
۞ وَٱذۡكُرۡ أَخَا عَادٍ إِذۡ أَنذَرَ قَوۡمَهُۥ بِٱلۡأَحۡقَافِ وَقَدۡ خَلَتِ ٱلنُّذُرُ مِنۢ بَيۡنِ يَدَيۡهِ وَمِنۡ خَلۡفِهِۦٓ أَلَّا تَعۡبُدُوٓاْ إِلَّا ٱللَّهَ إِنِّيٓ أَخَافُ عَلَيۡكُمۡ عَذَابَ يَوۡمٍ عَظِيمٖ
Оо, пайгамбар! Ааддын туугандашы Худду эстечи. Ал Араб жарым аралынын түштүгүндөгү кум дөбөлөрдө жайгашкан турак-жайлардагы өз коомун Аллахтын азабынан эскертти. Худга чейин жана андан кийин да өз коомдорун эскерткен пайгамбарлар өтүшкөн. Алар коомдоруна айтышкан: «Аллахка гана сыйынгыла! Аны менен катар башкага сыйынбагыла! Оо, элим! Чындыгында мен силер үчүн улуу кыямат күндөгү азаптан коркомун».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
قَالُوٓاْ أَجِئۡتَنَا لِتَأۡفِكَنَا عَنۡ ءَالِهَتِنَا فَأۡتِنَا بِمَا تَعِدُنَآ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ
Эли ага айтты: «Сен бизди кудайларыбызга сыйынуудан кайтарганы келдиңби? Эч качан андай болбойт! Эгерде айткан сөзүң чын болсо, бизге убада кылган азапты алып келчи».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
قَالَ إِنَّمَا ٱلۡعِلۡمُ عِندَ ٱللَّهِ وَأُبَلِّغُكُم مَّآ أُرۡسِلۡتُ بِهِۦ وَلَٰكِنِّيٓ أَرَىٰكُمۡ قَوۡمٗا تَجۡهَلُونَ
Ал айтты: «Азаптын убактысын Аллах гана билет. Мен ал тууралуу билбеймин. Мен силерге жиберилген нерсени гана жеткирүүчү пайгамбармын. Бирок силер наадандык кылып пайдалууну таштап жатасыңар, зыяндууну кылып жатасыңар».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَلَمَّا رَأَوۡهُ عَارِضٗا مُّسۡتَقۡبِلَ أَوۡدِيَتِهِمۡ قَالُواْ هَٰذَا عَارِضٞ مُّمۡطِرُنَاۚ بَلۡ هُوَ مَا ٱسۡتَعۡجَلۡتُم بِهِۦۖ رِيحٞ فِيهَا عَذَابٌ أَلِيمٞ
Качан аларга өздөрү шаштырган азап келгенде, асмандан алардын өрөөнүн көздөй бет алган булуттарды көрүп: «Бул бизге жамгыр жаадыруучу кара булут» – дешти. Худ аларга айтты: «Бул силер ойлогондой жамгырлуу булут эмес. Ал силер шаштырган азап. Ал жан кыйноочу азаптуу шамал».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
تُدَمِّرُ كُلَّ شَيۡءِۭ بِأَمۡرِ رَبِّهَا فَأَصۡبَحُواْ لَا يُرَىٰٓ إِلَّا مَسَٰكِنُهُمۡۚ كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلۡمُجۡرِمِينَ
Аллах ага жок кыл деп буйруган кайсы нерсени жандап өтпөсүн, алардын бүт баарынын таш-талканын чыгарды. Алар кырылып калышты. Алардын бир кезде жашап өткөнүнө күбө болгон үйлөрүнөн башка эч нерсе көрүнбөй калды. Биз каапырлыктан жана күнөөлөрдөн көөшөрүп кайтпаган күнөөкөрлөрдү мына ушундай кыйноочу жаза менен жазалайбыз.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَلَقَدۡ مَكَّنَّٰهُمۡ فِيمَآ إِن مَّكَّنَّٰكُمۡ فِيهِ وَجَعَلۡنَا لَهُمۡ سَمۡعٗا وَأَبۡصَٰرٗا وَأَفۡـِٔدَةٗ فَمَآ أَغۡنَىٰ عَنۡهُمۡ سَمۡعُهُمۡ وَلَآ أَبۡصَٰرُهُمۡ وَلَآ أَفۡـِٔدَتُهُم مِّن شَيۡءٍ إِذۡ كَانُواْ يَجۡحَدُونَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ وَحَاقَ بِهِم مَّا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ
Биз Худдун коомуна силерге бербеген кубаттуулук себептерин бердик. Жана аларга угуш үчүн кулактарды, көрүш үчүн көздөрдү, акыл жүгүртүш үчүн жүрөктөрдү бердик. Бирок аларга кулактары, көздөрү жана акылдары эч пайда келтирген жок жана аларды Аллахтын азабы келгенде коргой алган жок. Анткени алар Аллахтын аяттарына каапырлык кылышты. Аларга пайгамбары Худ эскерткенине карабастан шылдыңдап жатышкан азап баштарына түштү.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَلَقَدۡ أَهۡلَكۡنَا مَا حَوۡلَكُم مِّنَ ٱلۡقُرَىٰ وَصَرَّفۡنَا ٱلۡأٓيَٰتِ لَعَلَّهُمۡ يَرۡجِعُونَ
Оо, Мекке эли! Биз силердин айланаңардагы шаарларды кыйраттык. Аад, Самуд, Лут коомун жана Мадиян ээлерин жок кылдык. Алар каапырлыктан кайтышат деген үмүттө аларга түрдүү далилдерди келтирдик.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَلَوۡلَا نَصَرَهُمُ ٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِ ٱللَّهِ قُرۡبَانًا ءَالِهَةَۢۖ بَلۡ ضَلُّواْ عَنۡهُمۡۚ وَذَٰلِكَ إِفۡكُهُمۡ وَمَا كَانُواْ يَفۡتَرُونَ
Алар жакындайбыз деп кудай тутуп сыйынган жана курмандык чалган Аллахтан башка кудайлары аларга жардам беришпейби?! Алар эч качан жардам беришкен эмес. Тескерисинче алар өтө муктаж болуп турган учурда жок болуп кетишти. Бул алардын ошол айкелдери жардам берет жана Аллахтын алдында шапаат кылат деп өздөрүн тынчтантып жүргөн жалгандары жана дооматтары.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• لا علم للرسل بالغيب إلا ما أطلعهم ربهم عليه منه.
Пайгамбарлар кайыптан Аллах билдирген нерселерди гана биле алышат.

• اغترار قوم هود حين ظنوا العذاب النازل بهم مطرًا، فلم يتوبوا قبل مباغتته لهم.
Худдун коому аларга келген азапты жамгыр деп ойлоп азгырылып, ал капыстан келгенге чейин тообо кылышкан жок.

• قوة قوم عاد فوق قوة قريش، ومع ذلك أهلكهم الله.
Аад коому курайштан да кубаттуу болгон. Бирок ага карабастан Аллах аларды кыйратып жок кылды.

• العاقل من يتعظ بغيره، والجاهل من يتعظ بنفسه.
Акылдуу адам башкалардан сабак алат, наадан адам өзүнөн сабак алат.

 
مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: ئەھقاپ
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش