Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: مۇمتەھىنە   ئايەت:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ إِذَا جَآءَكَ ٱلۡمُؤۡمِنَٰتُ يُبَايِعۡنَكَ عَلَىٰٓ أَن لَّا يُشۡرِكۡنَ بِٱللَّهِ شَيۡـٔٗا وَلَا يَسۡرِقۡنَ وَلَا يَزۡنِينَ وَلَا يَقۡتُلۡنَ أَوۡلَٰدَهُنَّ وَلَا يَأۡتِينَ بِبُهۡتَٰنٖ يَفۡتَرِينَهُۥ بَيۡنَ أَيۡدِيهِنَّ وَأَرۡجُلِهِنَّ وَلَا يَعۡصِينَكَ فِي مَعۡرُوفٖ فَبَايِعۡهُنَّ وَٱسۡتَغۡفِرۡ لَهُنَّ ٱللَّهَۚ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Оо, пайгамбар! Эгерде сага Меккени багынткан күндөгүдөй ыймандуу аялдар келип, Аллахка эч нерсени шерик кылбастан, жалгыз Ага сыйынууга, уурулук жана зына кылбоого, караңгылык доордогу адамдардын үрп-адаттарына ылайык балдарды өлтүрбөөгө, зынадан төрөлгөн балдарын күйөөлөрүнө таандык кылбоого жана өлүккө өкүрүп ыйлоо, чачты кыруу, кийимин тытуу сыяктуу тыюу салынган жакшылык иштерде сага каршы чыкпоого ант беришсе, анда алардын антын кабыл кыл жана алар сага ант беришкенден кийин күнөөлөрү үчүн Аллахтан кечирим сура. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَتَوَلَّوۡاْ قَوۡمًا غَضِبَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِمۡ قَدۡ يَئِسُواْ مِنَ ٱلۡأٓخِرَةِ كَمَا يَئِسَ ٱلۡكُفَّارُ مِنۡ أَصۡحَٰبِ ٱلۡقُبُورِ
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Аллахтын каарына калган коом менен достук мамиледе болбогула. Алар акыретке ишенишпейт. Тескерисинче, алар кайра тирилүүгө ишенбегендик себептүү өлүктөрдүн кайтып келүүсүнөн үмүтсүз болгон сыяктуу андан үмүт үзүшкөндөр.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• مشروعية مبايعة ولي الأمر على السمع والطاعة والتقوى.
Унчукпастан угууга, баш ийүүгө жана такыбалыкка негизделген деңгээлде башчыга ант берүү шариятта бар.

• وجوب الصدق في الأفعال ومطابقتها للأقوال.
Иш-аракеттерде чынчылдыктын милдеттүүлүгү жана алардын айтылган сөздөргө дал келүүсү.

• بيَّن الله للعبد طريق الخير والشر، فإذا اختار العبد الزيغ والضلال ولم يتب فإن الله يعاقبه بزيادة زيغه وضلاله.
Аллах пендеге жакшы жана жаман жолду ачык көргөзгөн. Эгерде пенде адашууну жана четтөөнү тандап, кийин тообо кылбаса, анда Аллах аны адашуусун жана четтөөсүн күчөтүп жазалайт.

 
مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: مۇمتەھىنە
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش