Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: مۇناپىقۇن   ئايەت:

Мунафикун

سۈرىنىڭ مەقسەتلىرىدىن:
بيان حقيقة المنافقين والتحذير منهم.
Мунафык эки жүздүүлөрдүн анык жүзү жана алардан сактануу тууралуу баяндалган

إِذَا جَآءَكَ ٱلۡمُنَٰفِقُونَ قَالُواْ نَشۡهَدُ إِنَّكَ لَرَسُولُ ٱللَّهِۗ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ إِنَّكَ لَرَسُولُهُۥ وَٱللَّهُ يَشۡهَدُ إِنَّ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ لَكَٰذِبُونَ
Оо, пайгамбар! Эгерде сен олтурган жайга сыртынан Исламды көргөзүп, ичинде каапырлыкты жашырган эки жүздүүлөр келип: «Биз сенин чыныгы Аллахтын элчиси экениңе күбөлүк беребиз» – деп айтышты. Аллах сен Анын чыныгы элчиси экениңди билет. Аллах эки жүздүүлөрдүн жүрөк түпкүрүнөн «Сен Аллахтын элчисисиң» деп күбөлүк берип айткан сөздөрүндө жалганчы экендигине күбөлүк берет.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
ٱتَّخَذُوٓاْ أَيۡمَٰنَهُمۡ جُنَّةٗ فَصَدُّواْ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِۚ إِنَّهُمۡ سَآءَ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Алар ыймандуубуз деп касам ичип айткан анттарын өлтүрүүлүүдөн жана туткундалуудан коргонуч жана калкан кылып алышты жана адамдарга шек салуу жана жалган ушактарды таркатуу менен аларды ыймандан бурушту. Алардын кылып жаткан эки жүздүүлүгү жана жалган анттары кандай жаман!
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ ءَامَنُواْ ثُمَّ كَفَرُواْ فَطُبِعَ عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ فَهُمۡ لَا يَفۡقَهُونَ
Мунун себеби, алар эки жүздүүлүк менен ыйман келтиришти, алардын жүрөгүнө ыйман кирген жок. Кийин жашыруун түрдө Аллахка каапырлык кылышты. Ошондо Аллах алардын каапырлыктары себептүү жүрөктөрүнө мөөр басып, ага ыйман кирген жок. Алар мына ошол мөөр басылганы себептүү кайсы нерсе алар үчүн пайдалуу же жакшы экенин түшүнүшпөйт.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
۞ وَإِذَا رَأَيۡتَهُمۡ تُعۡجِبُكَ أَجۡسَامُهُمۡۖ وَإِن يَقُولُواْ تَسۡمَعۡ لِقَوۡلِهِمۡۖ كَأَنَّهُمۡ خُشُبٞ مُّسَنَّدَةٞۖ يَحۡسَبُونَ كُلَّ صَيۡحَةٍ عَلَيۡهِمۡۚ هُمُ ٱلۡعَدُوُّ فَٱحۡذَرۡهُمۡۚ قَٰتَلَهُمُ ٱللَّهُۖ أَنَّىٰ يُؤۡفَكُونَ
Оо, назар салуучу! Эгерде сен аларды карасаң, аларда сымбаттуулук жана бакубатчылык болгону себептүү келбеттери жана турпаттары сени суктандырат. Алар сүйлөгөндө, сен алардын чечен сөздөрүн угасың. Оо, пайгамбар! Алар сени менен олтурганда сүйөлгөн дөңгөчтөргө окшош. Алар эч нерсени түшүнбөйт жана аңдашпайт. Алар коркоктугу себептүү ар бир добушту аларга карай багытталган деп ойлошот. Мына ошолор – анык душмандар. Оо, пайгамбар! Алардан сак бол, алар сенин сырыңды жайып же сага каршы айла-амал кылышпасын. Аллах аларга каргыш айтты. Аларга ыймандын далилдери ачык-айкын көрүнүп турса да, алар кантип андан бурулуп кетишет?
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• وجوب السعي إلى الجمعة بعد النداء وحرمة ما سواه من الدنيا إلا لعذر.
Азандан кийин жумага шашылуунун парздыгы жана кечиримдүү себеп гана болбосо, андан башка дүйнө иштери менен алек болуунун арамдыгы.

• تخصيص سورة للمنافقين فيه تنبيه على خطورتهم وخفاء أمرهم.
Эки жүздүүлөр үчүн атайын бир сүрөөнү кылууда алардын кооптуулугу жана иштери бүдөмүк экенин эскертүү камтылган.

• العبرة بصلاح الباطن لا بجمال الظاهر ولا حسن المنطق.
Сырткы сулуулук же кооз сүйлөө эмес, ички дүйнөнүн тазалыгы маанилүү.

 
مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: مۇناپىقۇن
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش