قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: سۈرە قەلەم   ئايەت:

Калам

سۈرىنىڭ مەقسەتلىرىدىن:
شهادة الله للنبي بحسن الخُلق، والدفاع عنه وتثبيته.
Пайгамбарынын кулк-мүнөзү жакшы экендигине Аллахтын күбөлүк берүүсү, андан жамандыкты кайтаруусу жана аны динде бекем кылуусу (баяндалган).

نٓۚ وَٱلۡقَلَمِ وَمَا يَسۡطُرُونَ
Нуун. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген. Аллах калем менен ант берди жана адамдар калемдери менен жазган нерселерге ант берди.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
مَآ أَنتَ بِنِعۡمَةِ رَبِّكَ بِمَجۡنُونٖ
Оо, пайгамбар! Сен Аллахтын жакшылык кылып берген пайгамбарчылыгы себептүү жинди эмессиң. Тескерисинче, сен мушриктердин жинди деп айткан жалаасынан тазасың.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَإِنَّ لَكَ لَأَجۡرًا غَيۡرَ مَمۡنُونٖ
Сен пайгамбарчылыкты адамдарга жеткирип түйшүк тартканың үчүн сага түгөнгүс сыйлыктар бар жана сага аны эч ким милдет кыла албайт.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَإِنَّكَ لَعَلَىٰ خُلُقٍ عَظِيمٖ
Чындыгында сен Куранда келген улуу кулк-мүнөздөсүң жана андагы боюнча эң сонун сыпаттасың.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَسَتُبۡصِرُ وَيُبۡصِرُونَ
Жакында сен дагы көрөсүң, ал жалганчылар да көрүшөт.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بِأَييِّكُمُ ٱلۡمَفۡتُونُ
Чындык ачыкка чыкканда, кимиңер жинди экениңерди билип аласыңар.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعۡلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِۦ وَهُوَ أَعۡلَمُ بِٱلۡمُهۡتَدِينَ
Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң Анын жолунан чыгып кеткендерди билет жана ага түшкөндөрдү жакшы билет. Алардан ким адашып кетсе, сен ага карай жол баштарыңды да билет.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَلَا تُطِعِ ٱلۡمُكَذِّبِينَ
Оо, пайгамбар! Сен алып келгенди жалганга чыгаргандарга моюн сунба!
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَدُّواْ لَوۡ تُدۡهِنُ فَيُدۡهِنُونَ
Алар дин тууралуу эсептешкени келгенде аларга жумшак жана сылык мамиле кылууңду жана өздөрү дагы сага жумшак жана сылык болууну каалашат.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَلَا تُطِعۡ كُلَّ حَلَّافٖ مَّهِينٍ
Сен баш ийбегин, жалган касам иче берген, жек көрүндү адамдарга,
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
هَمَّازٖ مَّشَّآءِۭ بِنَمِيمٖ
Адамдарды бөлүш үчүн аларды ушактай бергендерге жана чагымчылык кылып жүргөндөргө,
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
مَّنَّاعٖ لِّلۡخَيۡرِ مُعۡتَدٍ أَثِيمٍ
Жакшылыкты тоскондорго, адамдардын мал-мүлкүнө, абийирине жана өздөрүнө шек келтиргендерге, жаман иштерди жана күнөөлөрдү кылгандарга,
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
عُتُلِّۭ بَعۡدَ ذَٰلِكَ زَنِيمٍ
Орой жана катаал, өз элинде тексиз алдамчы.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
أَن كَانَ ذَا مَالٖ وَبَنِينَ
Ал бай жана бала-чакалуу болгону үчүн Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирүүдөн текеберленди.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
إِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِ ءَايَٰتُنَا قَالَ أَسَٰطِيرُ ٱلۡأَوَّلِينَ
Ага аяттарыбыз окулганда: «Бул байыркылардын уламыштарынан» – деп айтты.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
سَنَسِمُهُۥ عَلَى ٱلۡخُرۡطُومِ
Жакында Биз анын мурдуна көркүн бузган жана андан кетпеген белгини басабыз.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• اتصاف الرسول صلى الله عليه وسلم بأخلاق القرآن.
Пайгамбардын Курандагы адеп-ахлактар менен сыпатталуусу.

• صفات الكفار صفات ذميمة يجب على المؤمن الابتعاد عنها، وعن طاعة أهلها.
Каапырлардын сыпаттары – жаман сыпаттар. Ыймандуу адам андан жана ошондой сыпаттары адамдарга баш ийүүдөн алыс болуусу керек.

• من أكثر الحلف هان على الرحمن، ونزلت مرتبته عند الناس.
Көп касам ичкен адам Ырайымдууга жеңил карап калат жана адамдардын алдында кадыр-баркы түшөт.

إِنَّا بَلَوۡنَٰهُمۡ كَمَا بَلَوۡنَآ أَصۡحَٰبَ ٱلۡجَنَّةِ إِذۡ أَقۡسَمُواْ لَيَصۡرِمُنَّهَا مُصۡبِحِينَ
Биз бакча ээлерин сынаганыбыз сыяктуу мушриктерди да кургакчылык жана ачкачылык менен сынадык. Бир кезде алар анын мөмөлөрүн кедей-кембагалдар жебеш үчүн таңга маал батыраак терип алабыз деп касам ичишти.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَلَا يَسۡتَثۡنُونَ
Алар касам ичишкенде «Аллах кааласа» деген сөздү айтышпады.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَطَافَ عَلَيۡهَا طَآئِفٞ مِّن رَّبِّكَ وَهُمۡ نَآئِمُونَ
Анан ээлери уктап жатканда Аллах ага от жиберип, ал аны жалмады. Алар аны оттон сактап кала алышпады.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَأَصۡبَحَتۡ كَٱلصَّرِيمِ
Ошондо ал караңгы түндөй капкара болуп калды.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَتَنَادَوۡاْ مُصۡبِحِينَ
Анан алар таң заарда бири-бирин чакырышты.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
أَنِ ٱغۡدُواْ عَلَىٰ حَرۡثِكُمۡ إِن كُنتُمۡ صَٰرِمِينَ
«Эгерде түшүмдү жыйнай турган болсоңор, кедей-кембагалдар келгиче, жериңерге эртерээк баргыла» – деп айтышты.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَٱنطَلَقُواْ وَهُمۡ يَتَخَٰفَتُونَ
Ошентип алар бири-бири менен акырын сүйлөшүп, шашылган бойдон жерлерине жөнөштү.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
أَن لَّا يَدۡخُلَنَّهَا ٱلۡيَوۡمَ عَلَيۡكُم مِّسۡكِينٞ
Алар бири-бирине: «Бүгүн бакчаңарга эч бир кембагал кирбейт» – деп жатышты.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَغَدَوۡاْ عَلَىٰ حَرۡدٖ قَٰدِرِينَ
Алар таң эрте мөмөлөрдү бербейбиз деген ойдо баратышты.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَلَمَّا رَأَوۡهَا قَالُوٓاْ إِنَّا لَضَآلُّونَ
Качан алар анын күйүп калганын көрүшкөндө, бири-бирине айтышты: «Биз жолдон адашып калдык окшойт.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بَلۡ نَحۡنُ مَحۡرُومُونَ
Жок! Биз кедей-кембагалдарга бербейбиз деп жатып, өзүбүз түшүмдөн куру жалак калыптырбыз».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
قَالَ أَوۡسَطُهُمۡ أَلَمۡ أَقُل لَّكُمۡ لَوۡلَا تُسَبِّحُونَ
Алардын жакшыраагы айтты: «Силер андан кедей-кембагалдарга бербейбиз деп чечим кылганыңарда мен силерге: «Аллахты аруулап, Ага тообо кылсаңар болбойбу?» – деп айткан элем го» – деди.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
قَالُواْ سُبۡحَٰنَ رَبِّنَآ إِنَّا كُنَّا ظَٰلِمِينَ
Айтышты: «Раббибиз Аруу! Биз бакчабыздын мөмөсүнөн кедей-кембагалдарга бербейбиз деп чечип, өзүбүзгө зыян кылгандардан болдук».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَأَقۡبَلَ بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖ يَتَلَٰوَمُونَ
Анан алар бири-бирине карап, жеме сөздөрдү айтып башташты.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
قَالُواْ يَٰوَيۡلَنَآ إِنَّا كُنَّا طَٰغِينَ
Алар өкүнүп мындай дешти: «Куругур экенбиз го! Биз кедейлердин акысын бербей, чектен чыгып кетиптирбиз.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
عَسَىٰ رَبُّنَآ أَن يُبۡدِلَنَا خَيۡرٗا مِّنۡهَآ إِنَّآ إِلَىٰ رَبِّنَا رَٰغِبُونَ
Балким Раббибиз бизге бакчанын ордуна андан да жакшысын берет. Чындыгында биз Аллахты гана каалайбыз, Андан кечиримди үмүт кылабыз жана жакшылыкты сурайбыз».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
كَذَٰلِكَ ٱلۡعَذَابُۖ وَلَعَذَابُ ٱلۡأٓخِرَةِ أَكۡبَرُۚ لَوۡ كَانُواْ يَعۡلَمُونَ
Бизге баш ийбестик кылгандарды мына ушинтип ырыскыдан куру жалак калтыруу менен азаптайбыз. Ал эми акырет азабы мындан да чоң, эгер алар анын катаалдыгын жана узактыгын билишкен болсо.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
إِنَّ لِلۡمُتَّقِينَ عِندَ رَبِّهِمۡ جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ
Чындыгында Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондор үчүн Раббисинин алдында жыргалчылык бейиштери бар. Алар ал жакта түбөлүк жыргалчылыкта ырахаттанышат.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
أَفَنَجۡعَلُ ٱلۡمُسۡلِمِينَ كَٱلۡمُجۡرِمِينَ
Биз Мекке мушриктери ойлогондой, жазалоодо мусулмандарды каапырлардай кылып коёт бекенбиз?
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
مَا لَكُمۡ كَيۡفَ تَحۡكُمُونَ
Эй, мушриктер! Силерге эмне болду, бул адилетсиз жана бурмаланган өкүм менен кантип өкүм чыгарып жатасыңар?
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
أَمۡ لَكُمۡ كِتَٰبٞ فِيهِ تَدۡرُسُونَ
Же силерде баш ийген адам менен күнөөкөрдү бирдей деп окуган китебиңер барбы?
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
إِنَّ لَكُمۡ فِيهِ لَمَا تَخَيَّرُونَ
Ал китепте силер үчүн акыретте өзүңөр каалаганды тандаган нерселер барбы?
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
أَمۡ لَكُمۡ أَيۡمَٰنٌ عَلَيۡنَا بَٰلِغَةٌ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ إِنَّ لَكُمۡ لَمَا تَحۡكُمُونَ
Же силерде өзүңөр өкүм кылган нерселер болот дегендей талаптагы анттар менен тастыкталган убадаларыбыз барбы?
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
سَلۡهُمۡ أَيُّهُم بِذَٰلِكَ زَعِيمٌ
Оо, пайгамбар! Бул сөздү айткандардан: «Ким буга кепилдик бере алат?» – деп сурачы.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
أَمۡ لَهُمۡ شُرَكَآءُ فَلۡيَأۡتُواْ بِشُرَكَآئِهِمۡ إِن كَانُواْ صَٰدِقِينَ
Же жаза берүүдө аларды мусулмандар менен бирдей кылган алардын Аллахтан башка шериктери бар бекен? Эгерде алар жаза алууда мусулмандар менен бирдейбиз деген сөзүндө чынчыл болушса, анда ошол шериктерин алып келишсин.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
يَوۡمَ يُكۡشَفُ عَن سَاقٖ وَيُدۡعَوۡنَ إِلَى ٱلسُّجُودِ فَلَا يَسۡتَطِيعُونَ
Кыямат күнү коркунуч пайда болуп, Раббибиз Балтырын ачык көргөзөт жана адамдар сажда кылууга чакырылганда, ыймандуулар сажда кылышат, ал эми каапырлар менен эки жүздүүлөр сажда кыла алышпайт.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• منع حق الفقير سبب في هلاك المال.
Кедейдин акысын бербестик – мал-мүлктүн кыйрашына себеп болот.

• تعجيل العقوبة في الدنيا من إرادة الخير بالعبد ليتوب ويرجع.
Жазанын дүйнөдө эрте келүүсү – пенде тообо кылып кайтуусу үчүн ага жакшылык каалоого жатат.

• لا يستوي المؤمن والكافر في الجزاء، كما لا تستوي صفاتهما.
Ыймандуу адам менен каапыр адам сыпаттарында бирдей болбогондой эле алардын жазасы да бирдей болбойт.

خَٰشِعَةً أَبۡصَٰرُهُمۡ تَرۡهَقُهُمۡ ذِلَّةٞۖ وَقَدۡ كَانُواْ يُدۡعَوۡنَ إِلَى ٱلسُّجُودِ وَهُمۡ سَٰلِمُونَ
Көздөрү жер карап, аларды кордук жана өкүнүч басты. Алар дүйнөдө бүгүнкү күндөгүдөн сак-саламатта болгон кезде Аллахка сажда кылууга чакырылган эле.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَذَرۡنِي وَمَن يُكَذِّبُ بِهَٰذَا ٱلۡحَدِيثِۖ سَنَسۡتَدۡرِجُهُم مِّنۡ حَيۡثُ لَا يَعۡلَمُونَ
Оо, пайгамбар! Сага түшкөн бул Куранды жалган дегендерди Мага ташта. Биз аларды акырындык менен азапка алып барабыз, алар бул айла-амал жана аз-аздан жазалоо аларга каршы колдонулганын билишпейт.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَأُمۡلِي لَهُمۡۚ إِنَّ كَيۡدِي مَتِينٌ
Мен аларга күнөөлөрүн кылып алганга мөөнөт берем. Чындыгында каапырларга жана жалганчыларга карата Менин амалкөйлүгүм күчтүү. Алар Менин жазамдан аман калышпайт.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
أَمۡ تَسۡـَٔلُهُمۡ أَجۡرٗا فَهُم مِّن مَّغۡرَمٖ مُّثۡقَلُونَ
Оо, пайгамбар! Сен чакырган нерсең үчүн алардан акы сурап, алар ушундан улам оор ишти көтөрүп жатышабы, алардын сенден баш тартуусунун себеби ушулбу? Чынында андай эмес. Сен алардан акы сураган жоксуң. Анда алардын сени ээрчишине эмне тоскоол болуп жатат?
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
أَمۡ عِندَهُمُ ٱلۡغَيۡبُ فَهُمۡ يَكۡتُبُونَ
Же аларда кайып илими барбы жана алар сени менен талашып-тартышкан өздөрүнө жаккан далилдерди жазышабы?
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَٱصۡبِرۡ لِحُكۡمِ رَبِّكَ وَلَا تَكُن كَصَاحِبِ ٱلۡحُوتِ إِذۡ نَادَىٰ وَهُوَ مَكۡظُومٞ
Оо, пайгамбар! Раббиңдин аларга мөөнөт берип, акырындык менен жазалайм деген өкүмүнө сабыр кыл. Коомунан тажоодо киттин ээси Юнустай болбо. Ал деңиз караңгылыгы менен киттин курсагындагы караңгылыкта кыйынчылык абалда турганда Раббисине чакырык салды.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
لَّوۡلَآ أَن تَدَٰرَكَهُۥ نِعۡمَةٞ مِّن رَّبِّهِۦ لَنُبِذَ بِٱلۡعَرَآءِ وَهُوَ مَذۡمُومٞ
Эгерде ага Аллахтын ырайымы жетпегенде, кит аны жемеге калган абалда ээн жерге таштап коймок.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَٱجۡتَبَٰهُ رَبُّهُۥ فَجَعَلَهُۥ مِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ
Анан Раббиси аны тандап, такыба пенделеринен кылды.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَإِن يَكَادُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَيُزۡلِقُونَكَ بِأَبۡصَٰرِهِمۡ لَمَّا سَمِعُواْ ٱلذِّكۡرَ وَيَقُولُونَ إِنَّهُۥ لَمَجۡنُونٞ
Аллахка каапырлык кылып, Анын элчисин жалганга чыгаргандар, сага түшкөн Куранды уккан кезде сени акырая тиктеп, көздөрү менен сени көтөрө чаап жиберейин дешет жана алар өз каалоолорун ээрчип, акыйкаттан баш тарткан абалда: «Чындыгында муну алып келген пайгамбар анык жинди» – деп айтышат.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَمَا هُوَ إِلَّا ذِكۡرٞ لِّلۡعَٰلَمِينَ
Сага түшүрүлгөн Куран – адамзат менен жиндер үчүн гана болгон эскертме жана насаат.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• الصبر خلق محمود لازم للدعاة وغيرهم.
Сабырдуулук – даават кылгандарга жана башкаларга зарыл болгон мактоого татыктуу сыпат.

• التوبة تَجُبُّ ما قبلها وهي من أسباب اصطفاء الله للعبد وجعله من عباده الصالحين.
Тобо кылуу мурунку күнөөлөрдү жок кылат жана Аллахтын пендени тандоосуна, аны такыба пенделеринен кылуусуна себеп болот.

• تنوّع ما يرسله الله على الكفار والعصاة من عذاب دلالة على كمال قدرته وكمال عدله.
Аллах каапырларга жана күнөөкөрлөргө жиберген азаптын ар түрдүүлүгү – Анын кудуреттүүлүгү менен адилеттүүлүгүнүн кемчиликсиз экендигин билдирет.

 
مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: سۈرە قەلەم
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

تاقاش