Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (38) سۈرە: ئەنپال
قُل لِّلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ إِن يَنتَهُواْ يُغۡفَرۡ لَهُم مَّا قَدۡ سَلَفَ وَإِن يَعُودُواْ فَقَدۡ مَضَتۡ سُنَّتُ ٱلۡأَوَّلِينَ
Оо, элчи, коомуңдагы Аллахка жана Анын элчисине каапыр болгондорго айт: "Эгер Аллахка жана Анын элчисине каапырлыгыңарды токтотуп,Аллахка ыйман келтиргендерди Аллахтын жолунан тоспосоңор, Аллах силердин мурда кылган күнөөңөрдү кечирет. Ислам мурда жасалган күнөөлөрдү жок кылып жиберет. А эгер каапырлыгыңарды уланта берсеңер, мындай адамдарды Аллах эмне кылары мурдагы коомдордо болуп өткөн. Алар динди жалганга чыгарып, каапырлыгын уланта бергенде тез арада азапка кабылышкан.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• الصد عن المسجد الحرام جريمة عظيمة يستحق فاعلوه عذاب الدنيا قبل عذاب الآخرة.
Харам мечитинен тосуу - чоң кылмыштуулук, мындай кылган адамдар акыретке чейин эле бул дүйнөдө азапталат

• عمارة المسجد الحرام وولايته شرف لا يستحقه إلّا أولياء الله المتقون.
Харам мечитине ээлик кылуу чоң кадыр-барк, буга Аллахтын достору гана татыктуу

• في الآيات إنذار للكافرين بأنهم لا يحصلون من إنفاقهم أموالهم في الباطل على طائل، وسوف تصيبهم الحسرة وشدة الندامة.
Аяттарда, байлыгын жалганга иштеткен каапырларга эскертүү берилген, анткени алар кийин зыянга учурап, катуу өкүнүшөт

• دعوة الله تعالى للكافرين للتوبة والإيمان دعوة مفتوحة لهم على الرغم من استمرار عنادهم.
Тоң моюн, кежирликтерин улантканына карабастан, каапырларды тобого жана ыйманга чакырган Аллахтын дааваты дайыма ачык

• من كان الله مولاه وناصره فلا خوف عليه، ومن كان الله عدوًّا له فلا عِزَّ له.
Кимдин башчысы жана жардамчысы Аллах болсо, ага эч коркунуч жок. Ал эми кимдин душманы Аллах болсо, анын эч кубаты болбойт.

 
مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (38) سۈرە: ئەنپال
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش