(Аллах) айтты: “Силерден мурунку (каапыр) инсандар жана жиндерден турган үммөт менен бирге тозокко киргиле! Ар качан тозокко бир жамаат кирсе (өзүн ушул жолго баштаган) шерик-башчыларына каргыш айтышат. Эми, качан бардыгы тозокто чогулушканда кийинкилери (ээрчигендер) абалкыларына (башчыларына) карап, (Аллахка жалбарып): “О, Рабби! Ушулар бизди жолдон чыгарган. Аларга тозокто ашыгыраак азап бере көр!” дешет. (Аллах) айтат: “Ар бириңерге ашыкчасы бар. Бирок, силер билбейсиңер!”
Ал эми, абалкылары (башчылары) кийинкилерине карап: “Силерге биздин үстүбүздө эч кандай абзелдик жок! Жасаган жоругуңарга жараша (биз менен бирдей эле) азап тарта бергиле!” - дешет.[1]
[1] Бирок, жолбашчыларга алардан көбүрөөк азап берилиши маалым. Анткени, Аллах таала дагы бир аятта мындай деген: “Каапыр болуп, Аллахтын жолунан тоскондор.., Биз аларга кылмыштарына жараша, азап үстүнө кошумча азап беребиз”.
Биздин аяттарыбызды “жалган” деп, текеберленген адамдарга асман эшиктери ачылбайт.[1] Алар төө ийненин тешигинен өтмөйүнчө бейишке кире алышпайт. Биз кылмышкерлерди ушинтип жазалайбыз.
[1] Өлүмдөн соң, ыймандуу адамдардын рухтары (жандары) асмандардан-асмандарга көтөрүлүп, эң жогорку ааламга жетип, Аллах каалаган ырахаттуу орундарда болушат. Ал эми, аятта сыпатталган каапырлардын рухтарына жогорку асмандардын эшиктери ачылбайт.
Ал эми, ыйман келтирип жакшы иштерди жасаган адамдар бейиш ээлери болуп, анда түбөлүк калышат.[1] Биз эч бир жанды күчү жетпеген ишке буюрбайбыз.
[1] Бул аятта айтылып жаткан бактылуулардын катарына оозу менен эле “ыймандуубуз” деп, Шарият буюрган парыздарды аткарбай жүргөндөр кирбейт. Ыйман менен амалды кошо алып жүргөн чыныгы момун-мусулмандар кирет.
Биз алардын жүрөктөрүнөн (бири-бирине болгон) таарынычтарын сууруп алабыз. Астыларынан дарыялар агып турат. Анан алар: “Бизди ушуга баштаган Аллахга мактоо болсун! Эгер Аллах көргөзбөсө, биз түз жолду тапмак эмеспиз. Бизге Раббибиздин пайгамбарлары акыйкатты алып келген тура!” - дешет. Кийин аларга (мындай деген) добуш угулат: “Ушул – силердин бейиш! Силер (сооп) ишиңер себептүү буга мураскор болдуңар!”
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
የፍለጋ ዉጤቶች:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".