Check out the new design

የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የቁርአን አጭር ማብራርያ ትርጉም በቂርጊዝኛ ቋንቋ * - የትርጉሞች ማዉጫ


የይዘት ትርጉም አንቀጽ: (31) ምዕራፍ: ዩሱፍ
فَلَمَّا سَمِعَتۡ بِمَكۡرِهِنَّ أَرۡسَلَتۡ إِلَيۡهِنَّ وَأَعۡتَدَتۡ لَهُنَّ مُتَّكَـٔٗا وَءَاتَتۡ كُلَّ وَٰحِدَةٖ مِّنۡهُنَّ سِكِّينٗا وَقَالَتِ ٱخۡرُجۡ عَلَيۡهِنَّۖ فَلَمَّا رَأَيۡنَهُۥٓ أَكۡبَرۡنَهُۥ وَقَطَّعۡنَ أَيۡدِيَهُنَّ وَقُلۡنَ حَٰشَ لِلَّهِ مَا هَٰذَا بَشَرًا إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا مَلَكٞ كَرِيمٞ
Вазирдин аялы алардын жамандагандарын жана ал жөнүндө ушактагандарын укканда алар өздөрү Юсуфту көрүшсүн, анан аны жемелегенин токтотушат деп аларга адам жиберип чакыртты. Алар үчүн төшөктөрдү салып, жаздыктарды коюп атайын жай даярдады да келген аялдардын ар бирине мөмө-жемиш кесип жесин деп бирден бычак берип: «Булардын алдына чык!» – деп Юсуфка айтты. Алар аны көрүшөрү менен ушунчалык улуктап, анын сулуулугуна акыл-эстен тана таңданышып, акыры ушунчалык суктангандарынан мөмө-жемиш кесиш үчүн берилген бычактар менен колдорун кесе башташты. Алар: «Аллах аруу! Бул бала адамзаттан эмес. Бул анык эле кереметтүү периштелердин бири го!» – дешти.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• بيان جمال يوسف عليه السلام الذي كان سبب افتتان النساء به.
Аялдардын азгырылышына себеп болгон Юсуф пайгамбардын сулуулугун баяндоо.

• إيثار يوسف عليه السلام السجن على معصية الله.
Юсуф пайгамбардын Аллахка баш ийбесттик кылуудан зынданга түшүүнү артык көрүүсү.

• من تدبير الله ليوسف عليه السلام ولطفه به تعليمه تأويل الرؤى وجعلها سببًا لخروجه من بلاء السجن.
Аллахтын Юсуф пайгамбарга түш жорууну үйрөтүүсү жана аны зындандагы балээлерден кутулуп чыгуусуна себеп кылуусу – Анын ага кылган мээримдүүлүгүнөн жана чечимдеринен.

 
የይዘት ትርጉም አንቀጽ: (31) ምዕራፍ: ዩሱፍ
የምዕራፎች ማውጫ የገፅ ቁጥር
 
የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የቁርአን አጭር ማብራርያ ትርጉም በቂርጊዝኛ ቋንቋ - የትርጉሞች ማዉጫ

ከቁርአን ተፍሲር ጥናት ማዕከል የተገኘ

መዝጋት