የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - የትርጉሞች ማዉጫ


የይዘት ትርጉም አንቀጽ: (108) ምዕራፍ: ሱረቱ አን-ነሕል
أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ طَبَعَ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ وَسَمۡعِهِمۡ وَأَبۡصَٰرِهِمۡۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡغَٰفِلُونَ
Ыйманга келип кайра динден кайтып кеткендер — Аллах жүрөктөрүнө мөөр баскандар. Алар насааттарды түшүнүшпөйт. Алардын кулактарына да мөөр басылган, алар насааттарды угуп пайда алышпайт. Алардын көздөрүнө да мөөр басылган, алар ыйманды билдирген аят-белгилерге көз салышпайт. Мына ошолор бактылуулук менен бактысыздыктын себептеринен жана Аллахтын аларга даярдаган азабынан бейкапар жүргөндөр.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• الترخيص للمُكرَه بالنطق بالكفر ظاهرًا مع اطمئنان القلب بالإيمان.
Жүрөгүндөгү ыйманы өзгөрбөгөн абалда сыртынан каапырлык сөздү айтууга мажбурланган адамга аны айтуу уруксат.

• المرتدون استوجبوا غضب الله وعذابه؛ لأنهم استحبوا الحياة الدنيا على الآخرة، وحرموا من هداية الله، وطبع الله على قلوبهم وسمعهم وأبصارهم، وجعلوا من الغافلين عما يراد بهم من العذاب الشديد يوم القيامة.
Динден кайтып кеткендер Аллахтын каарына жана азабына татыктуу болушту. Анткени алар бул дүйнөнү акыреттен артык көрүштү. Ошондуктан алар Аллахтын туура жолунан куру калышты, Аллах алардын жүрөктөрүнө, кулактарына жана көздөрүнө мөөр басты жана алар кыяматта аларга даярдалган катуу азаптан бейкапар калышты.

• كَتَبَ الله المغفرة والرحمة للذين آمنوا، وهاجروا من بعد ما فتنوا، وصبروا على الجهاد.
Аллах таала ыйман келтиргендерге, азапталууга туш болгондон кийин көчкөндөргө жана Аллах жолундагы согушка сабыр кылгандарга Өзүнүн кечиримин жана ырайымын жазды.

 
የይዘት ትርጉም አንቀጽ: (108) ምዕራፍ: ሱረቱ አን-ነሕል
የምዕራፎች ማውጫ የገፅ ቁጥር
 
የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - የትርጉሞች ማዉጫ

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

መዝጋት