የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - የትርጉሞች ማዉጫ


የይዘት ትርጉም አንቀጽ: (115) ምዕራፍ: ሱረቱ አን-ነሕል
إِنَّمَا حَرَّمَ عَلَيۡكُمُ ٱلۡمَيۡتَةَ وَٱلدَّمَ وَلَحۡمَ ٱلۡخِنزِيرِ وَمَآ أُهِلَّ لِغَيۡرِ ٱللَّهِ بِهِۦۖ فَمَنِ ٱضۡطُرَّ غَيۡرَ بَاغٖ وَلَا عَادٖ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Аллах силерге адалдап союлбастан өлгөн малды, аккан канды, чочконун бүт мүчөлөрүн, Аллахтан башкага жакындаш максатта курмандыкка чалынган малдын этин арам кылды. Бул арам кылуу – ыктыяры бар болгон абалга гана тийиштүү. Ал эми ким ушул айтылгандарды аргасыз жегенге мажбур болуп, ал арамга көңүлү тартпай, бирок зарылдык чекте гана жеген болсо, анда ал күнөөкөр эмес. Чындыгында Аллах Кечиримдүү, Ал анын жегенин кечирет. Ал ага Ырайымдуу, анткени аргасыз абалда аны жешке уруксат берди.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• الجزاء من جنس العمل؛ فإن أهل القرية لما بطروا النعمة بُدِّلوا بنقيضها، وهو مَحْقُها وسَلْبُها ووقعوا في شدة الجوع بعد الشبع، وفي الخوف والهلع بعد الأمن والاطمئنان، وفي قلة موارد العيش بعد الكفاية.
Сыйлык же жаза – кылынган иш-аракеттин түрүнө жараша болот. Качан шаар жашоочулары жакшылыкты танып кетишкенде аларга анын тескериси болуп калды, тагыраак айтканда ал жакшылык алардан кетти жана тартылып алынды. Жана алар токчулуктан кийин ачарчылыкка, тынчтыктан кийин коркунучка, бакубатчылыктан кийин жокчулукка туш болушту.

• وجوب الإيمان بالله وبالرسل، وعبادة الله وحده، وشكره على نعمه وآلائه الكثيرة، وأن العذاب الإلهي لاحقٌ بكل من كفر بالله وعصاه، وجحد نعمة الله عليه.
Аллахка жана пайгамбарга ыйман келтирүүнүн, жалгыз Аллахка сыйынуунун жана Анын көптөгөн жакшылыктарына шүгүр кылуунун парздыгы. Ал эми Аллахка каапырлык кылып, Ага баш ийбегендер жана Анын жакшылыктарын танып кеткендер Аллахтын азабына дуушар болушат.

• الله تعالى لم يحرم علينا إلا الخبائث تفضلًا منه، وصيانة عن كل مُسْتَقْذَر.
Аллах таала Өз жакшылыгы менен жана бардык жийиркеничтүү нерселерден коргоо максатта бизге ыпылас нерселерди гана арам кылды.

 
የይዘት ትርጉም አንቀጽ: (115) ምዕራፍ: ሱረቱ አን-ነሕል
የምዕራፎች ማውጫ የገፅ ቁጥር
 
የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - የትርጉሞች ማዉጫ

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

መዝጋት