የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - የትርጉሞች ማዉጫ


የይዘት ትርጉም አንቀጽ: (80) ምዕራፍ: ሱረቱ አን-ነሕል
وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُم مِّنۢ بُيُوتِكُمۡ سَكَنٗا وَجَعَلَ لَكُم مِّن جُلُودِ ٱلۡأَنۡعَٰمِ بُيُوتٗا تَسۡتَخِفُّونَهَا يَوۡمَ ظَعۡنِكُمۡ وَيَوۡمَ إِقَامَتِكُمۡ وَمِنۡ أَصۡوَافِهَا وَأَوۡبَارِهَا وَأَشۡعَارِهَآ أَثَٰثٗا وَمَتَٰعًا إِلَىٰ حِينٖ
Аллах таала силер таштардан жана башка нерселерден курган үйлөрүңөрдү силер үчүн эс алуу жана турак-жай кылды. Жана силерге шаардагы үйлөргө окшош кылып төөнүн, уйдун, койдун терилеринен чөлдөрдө чатырларды кылды. Бир жерден экинчи жерге көчкөн сапарларыңарда аларды ташууну жана конгондо аны орнотууну жеңил кылды. Ошондой эле белгилүү бир убакка чейин пайдаланууңар үчүн койдун, төөнүн, эчкинин жүндөрүнөн үйлөрүңөргө керектүү буюмдарды, кийимдерди, жамынчыларды кылды.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• دلت الآيات على جواز الانتفاع بالأصواف والأوبار والأشعار على كل حال، ومنها استخدامها في البيوت والأثاث.
Бул аяттар бардык абалда малдын жүндөрүн, тыбыттарын жана кылдарын пайдаланууга уруксат экендигине далил болот. Ошондой эле үй ичинде жана эмеректерде пайдаланууга да уруксат.

• كثرة النعم من الأسباب الجالبة من العباد مزيد الشكر، والثناء بها على الله تعالى.
Жакшылыктардын көптүгү пенделерден ашыкча шүгүр кылууну жана ал үчүн Аллахка мактоолорду айтууну талап кылган себептерден.

• الشهيد الذي يشهد على كل أمة هو أزكى الشهداء وأعدلهم، وهم الرسل الذين إذا شهدوا تمّ الحكم على أقوامهم.
Бардык үммөткө күбөгө өткөн адам – эң таза жана адилеттүү күбө. Алар - күбөгө өткөндө коомуна толук өкүм чыгарыла турган пайгамбарлар.

• في قوله تعالى: ﴿وَسَرَابِيلَ تَقِيكُم بِأْسَكُمْ﴾ دليل على اتخاذ العباد عدّة الجهاد؛ ليستعينوا بها على قتال الأعداء.
Аллахтын «соккуңардан сактай турган соот кийимдерди» деген сөзү – пенделер согушка курал-жарактарды камдап жана алардын жардамы менен душмандарга каршы согушууга колдонуусу керектигине далил болот.

 
የይዘት ትርጉም አንቀጽ: (80) ምዕራፍ: ሱረቱ አን-ነሕል
የምዕራፎች ማውጫ የገፅ ቁጥር
 
የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - የትርጉሞች ማዉጫ

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

መዝጋት