የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - የትርጉሞች ማዉጫ


የይዘት ትርጉም አንቀጽ: (110) ምዕራፍ: ሱረቱ አል-በቀራህ
وَأَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتُواْ ٱلزَّكَوٰةَۚ وَمَا تُقَدِّمُواْ لِأَنفُسِكُم مِّنۡ خَيۡرٖ تَجِدُوهُ عِندَ ٱللَّهِۗ إِنَّ ٱللَّهَ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرٞ
Намазды өзүнүн парздары, важиптери жана сүннөттөрү менен толук аткаргыла, тиешелүү адамдарга мал-мүлкүңөрдөн зекет бергиле. Жашоодо кандай жакшылык иш кылсаңар да, аны өлүмдөн алдын өзүңөр үчүн камылга катары кылгыла. Мына ошондо кыямат күнү анын сообун Раббиңердин алдынан табасыңар, Ал силерге анын сыйлыгын берет. Чындыгында Аллах эмне кылып жатканыңарды көрүп турат жана ар бирине кылган иштерине жараша сыйлыгы берет.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• أن الأمر كله لله، فيبدل ما يشاء من أحكامه وشرائعه، ويبقي ما يشاء منها، وكل ذلك بعلمه وحكمته.
Бардык иштер Аллахка таандык. Ошондуктан Ал өкүмдөрдүн жана шарияттардын каалаганын өзгөртүп, каалаганын калтырат. Мурун баары Анын илими жана даанышмандыгы менен болот.

• حَسَدُ كثيرٍ من أهل الكتاب هذه الأمة، لما خصَّها الله من الإيمان واتباع الرسول، حتى تمنوا رجوعها إلى الكفر كما كانت.
Китеп ээлеринин көпчүлүгү Аллах бул үммөткө ыйманды жана пайгамбарды ээрчүүнү ыйгарганы үчүн аларга көрө албастык кылышты. Жадагалса аларды мурунку каапырлыгына кайтууларын каалашты.

 
የይዘት ትርጉም አንቀጽ: (110) ምዕራፍ: ሱረቱ አል-በቀራህ
የምዕራፎች ማውጫ የገፅ ቁጥር
 
የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - የትርጉሞች ማዉጫ

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

መዝጋት