የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - የትርጉሞች ማዉጫ


የይዘት ትርጉም አንቀጽ: (115) ምዕራፍ: ሱረቱ አል-በቀራህ
وَلِلَّهِ ٱلۡمَشۡرِقُ وَٱلۡمَغۡرِبُۚ فَأَيۡنَمَا تُوَلُّواْ فَثَمَّ وَجۡهُ ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ وَٰسِعٌ عَلِيمٞ
Чыгыш менен батыштын жана алардын ортосундагы бийлик Аллахка гана таандык, Ал пенделерине Өзү каалаганын буйруйт. Кайсы тарапка жүздөнбөгүлө, Аллах таалага бет алган болосуңар. Ал силерди Кудуска же Каабага жүздөнүүнү буйруса же силер кыбыладан адашып калсаңар же ага жүздөнүү силерге оорчулукту жаратса, анда силерге эч кандай күнөө жок. Анткени бардык тараптар Аллахка таандык. Чындыгында Аллах Өз ырайымы жана жеңилдетүүсү менен бардык макулуктарды камтыган Кенен Зат, алардын ниеттерин жана иш-аракеттерин Билүүчү.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• الكفر ملة واحدة وإن اختلفت أجناس أهله وأماكنهم، فهم يتشابهون في كفرهم وقولهم على الله بغير علم.
Эли, жери ар башка болсо дагы каапырлык бир агым. Алар каапырлыктарында жана илимсиздиктен Аллахка каршы айткан сөздөрүндө бири-бирине окшош.

• أعظم الناس جُرْمًا وأشدهم إثمًا من يصد عن سبيل الله، ويمنع من أراد فعل الخير.
Аллахтын жолунан тосуп, жакшылык кылууну каалагандарды тыюу – адамдардын ичинен эң чоң күнөөкөр.

• تنزّه الله تعالى عن الصاحبة والولد، فهو سبحانه لا يحتاج لخلقه.
Аллах таала аялы жана баласы бар болуудан аруу. Ал макулуктарга муктаж эмес.

 
የይዘት ትርጉም አንቀጽ: (115) ምዕራፍ: ሱረቱ አል-በቀራህ
የምዕራፎች ማውጫ የገፅ ቁጥር
 
የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - የትርጉሞች ማዉጫ

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

መዝጋት