የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - የትርጉሞች ማዉጫ


የይዘት ትርጉም አንቀጽ: (257) ምዕራፍ: ሱረቱ አል-በቀራህ
ٱللَّهُ وَلِيُّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ يُخۡرِجُهُم مِّنَ ٱلظُّلُمَٰتِ إِلَى ٱلنُّورِۖ وَٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ أَوۡلِيَآؤُهُمُ ٱلطَّٰغُوتُ يُخۡرِجُونَهُم مِّنَ ٱلنُّورِ إِلَى ٱلظُّلُمَٰتِۗ أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ
Аллах Өзүнө ыйман келтиргендерге кам көрөт, алардын жолун ачат, аларга жардам берет жана аларды каапырлыктын жана наадандыктын караңгылыгынан ыйман жана илим нуруна чыгарат. Ал эми каапырлык кылгандардын камкорчулары – аларга каапырлыкты кооз көргөзүп, аларды ыйман жана илим нурунан каапырлык жана наадандык караңгылыктарына чыгарган жалган кудайлар жана шериктер. Ошолор тозокто түбөлүк калуучу адамдар.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• من أعظم ما يميز أهل الإيمان أنهم على هدى وبصيرة من الله تعالى في كل شؤونهم الدينية والدنيوية، بخلاف أهل الكفر.
Ыймандуулардын эң чоң өзгөчөлүктөрдүн бири – алар каапырлардан айырмаланып, динге жана дүйнөгө байланыштуу бардык иштеринде Аллах таала тараптан болгон туура жолдо жана аң-сезимдүүлүктө болушат.

• من أعظم أسباب الطغيان الغرور بالقوة والسلطان حتى يعمى المرء عن حقيقة حاله.
Зомбулуктун эң чоң себептеринин бири – күчкө жана бийликке алдануу. Мындай учурда адам өзүнүн чыныгы абалын көрбөй калат.

• مشروعية مناظرة أهل الباطل لبيان الحق، وكشف ضلالهم عن الهدى.
Чындыкты баяндап жана жалган жолдогулардын акыйкаттан адашуусун ачык көрсөтүп берүү үчүн алар менен талашып-тартышуу шариятта уруксат.

• عظم قدرة الله تعالى؛ فلا يُعْجِزُهُ شيء، ومن ذلك إحياء الموتى.
Аллах тааланын кудуретинин улуулугу. Аны эч бир нерсе алсырата албайт. Ошолордун бири – өлүктөрдү кайра тирилтүү.

 
የይዘት ትርጉም አንቀጽ: (257) ምዕራፍ: ሱረቱ አል-በቀራህ
የምዕራፎች ማውጫ የገፅ ቁጥር
 
የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - የትርጉሞች ማዉጫ

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

መዝጋት