Check out the new design

የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የቁርአን አጭር ማብራርያ ትርጉም በቂርጊዝኛ ቋንቋ * - የትርጉሞች ማዉጫ


የይዘት ትርጉም ምዕራፍ: ጣሃ   አንቀጽ:
فَتَعَٰلَى ٱللَّهُ ٱلۡمَلِكُ ٱلۡحَقُّۗ وَلَا تَعۡجَلۡ بِٱلۡقُرۡءَانِ مِن قَبۡلِ أَن يُقۡضَىٰٓ إِلَيۡكَ وَحۡيُهُۥۖ وَقُل رَّبِّ زِدۡنِي عِلۡمٗا
Аллах баарынан бийик, баарынан ыйык жана баарынан улук. Ал – бүткүл мүлк Ага гана таандык болгон Падыша. Ал Өзү Акыйкат, Анын сөзү да акыйкат. Аллах ар кандай нерслерге сыйынуучулар айтып жаткан сыпаттардан аруу. Оо, пайгамбар! Сага Жебрейил толук жеткирип бүтө электе эле Куранды аны менен кошо окуганга шашылба! Жана «Оо, Раббим! Мага үйрөткөн илимди көбөйткүн» – деп айт!
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَلَقَدۡ عَهِدۡنَآ إِلَىٰٓ ءَادَمَ مِن قَبۡلُ فَنَسِيَ وَلَمۡ نَجِدۡ لَهُۥ عَزۡمٗا
Биз мурун Адамга бул дарактан жебегин деп тыюу салып, анын акыры эмне болорун айтып осуят кылганбыз. Ал осуятты унутуп, ал дарактан жеп алды, ага сабыр кыла албады. Биз андан осуятыбызды бекем карманууга болгон туруктуулукту көрө албадык.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَإِذۡ قُلۡنَا لِلۡمَلَٰٓئِكَةِ ٱسۡجُدُواْ لِأٓدَمَ فَسَجَدُوٓاْ إِلَّآ إِبۡلِيسَ أَبَىٰ
Оо, пайгамбар! Биз периштелерге: «Адамга саламдашып сажда кылгыла!» – деп айтканыбызды эстегин. Ошондо Иблистен башка баарысы сажда кылышты. Ал ошол кезде алар менен бирге эле, бирок алардан эмес болчу. Ал текеберленип сажда кылбай койду.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَقُلۡنَا يَٰٓـَٔادَمُ إِنَّ هَٰذَا عَدُوّٞ لَّكَ وَلِزَوۡجِكَ فَلَا يُخۡرِجَنَّكُمَا مِنَ ٱلۡجَنَّةِ فَتَشۡقَىٰٓ
Биз айттык: «Оо, Адам! Чындыгында Иблис сага жана аялыңа душман. Ал силерди азгыруу менен өзүнө баш ийдирип аялың экөөңөрдү бейиштен чыгарып жибербесин. Ошондо сен машакат тартып кыйналып каласың».
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِنَّ لَكَ أَلَّا تَجُوعَ فِيهَا وَلَا تَعۡرَىٰ
Чындыгында сен бейиште ач калбайсың, Аллах сени тоюндурат. Жылаңач калбайсың, Ал Аллах сени кийиндирет.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَأَنَّكَ لَا تَظۡمَؤُاْ فِيهَا وَلَا تَضۡحَىٰ
Чаңкабайсың, Ал суусунуңду кандырат. Күндүн ысыгы өтпөйт, Ал сени күндүн ысыгынан калкалайт.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَوَسۡوَسَ إِلَيۡهِ ٱلشَّيۡطَٰنُ قَالَ يَٰٓـَٔادَمُ هَلۡ أَدُلُّكَ عَلَىٰ شَجَرَةِ ٱلۡخُلۡدِ وَمُلۡكٖ لَّا يَبۡلَىٰ
Шайтан Адамды азгырып мындай деди: «Мен сага бир даракты көргөзөйүнбү, ким андан жесе эч качан өлбөйт, түбөлүк тирүү жашайт жана түгөнгүс мүлккө ээ болот?!».
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَأَكَلَا مِنۡهَا فَبَدَتۡ لَهُمَا سَوۡءَٰتُهُمَا وَطَفِقَا يَخۡصِفَانِ عَلَيۡهِمَا مِن وَرَقِ ٱلۡجَنَّةِۚ وَعَصَىٰٓ ءَادَمُ رَبَّهُۥ فَغَوَىٰ
Ошондо Адам менен Хава жегенге тыйылган дарактан жеп алышты. Анан алардын жабылган авраттары ачылып калды. Ошондо алар бейиштеги дарактардын жалбырактарын үзүп авраттарын жаап башташты. Адам дарактан жебөөгө болгон Аллахтын буйругун аткарбай жана да ага уруксат болбогон ишти кылды.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ثُمَّ ٱجۡتَبَٰهُ رَبُّهُۥ فَتَابَ عَلَيۡهِ وَهَدَىٰ
Кийин Аллах аны тандап, тообосун кабыл кылды жана ага туура жолго түшүүгө ийгилик берди.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
قَالَ ٱهۡبِطَا مِنۡهَا جَمِيعَۢاۖ بَعۡضُكُمۡ لِبَعۡضٍ عَدُوّٞۖ فَإِمَّا يَأۡتِيَنَّكُم مِّنِّي هُدٗى فَمَنِ ٱتَّبَعَ هُدَايَ فَلَا يَضِلُّ وَلَا يَشۡقَىٰ
Аллах Адам менен Хавага айтты: «Экөөңөр Иблис менен кошо бейиштен түшкүлө! Эми ал силерге, силер ага душмансыңар. Эми силерге Менин жолума багыттаган жолдомо келсе жана силерден ким аны ээрчисе, аны аткарса жана андан бурулбаса, анда ал акыйкаттан адашпайт, акыретте азапталып бактысыз калбайт. Аллах аны сөзсүз бейишке киргизет».
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَمَنۡ أَعۡرَضَ عَن ذِكۡرِي فَإِنَّ لَهُۥ مَعِيشَةٗ ضَنكٗا وَنَحۡشُرُهُۥ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ أَعۡمَىٰ
Ал эми ким Менин эскертмемден баш тартып кабыл албаса, ага жооп бербесе, анда ага бул дүйнөдө жана кабырда тар жашоо болот жана кыямат күнү аны далилсиз жана сокур абалда сурак майданына алып барабыз.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
قَالَ رَبِّ لِمَ حَشَرۡتَنِيٓ أَعۡمَىٰ وَقَدۡ كُنتُ بَصِيرٗا
Эскертмеден баш тарткан адам: «Оо, Раббим! Эмнеге мени сокур кылып тирилттиң? Дүйнөдө менин көзүм көрчү эле го?» – дейт.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• الأدب في تلقي العلم، وأن المستمع للعلم ينبغي له أن يتأنى ويصبر حتى يفرغ المُمْلِي والمعلم من كلامه المتصل بعضه ببعض.
Илим алуудагы адептерден – илимди угуп жаткан адам мугалим сөзүн толук айтып бүткөнгө чейин сабыр кылып, шашылбоо керек.

• نسي آدم فنسيت ذريته، ولم يثبت على العزم المؤكد، وهم كذلك، وبادر بالتوبة فغفر الله له، ومن يشابه أباه فما ظلم.
Адам унутту, анын урпактары да унутту. Ал бекем чечимге туруктуулук кыла албады, анын урпактары да ошондой. Ал тообо кылууга шашылды, ошондо Аллах аны кечирди. Ким Адам атага окшошсо, анда ал зулумдукка кабылбайт.

• فضيلة التوبة؛ لأن آدم عليه السلام كان بعد التوبة أحسن منه قبلها.
Тообо кылуунун артыкчылыгы. Анткени Адамдын тообо кылгандан кийинки абалы ага чейинки абалынан жакшыраак болду.

• المعيشة الضنك في دار الدنيا، وفي دار البَرْزَخ، وفي الدار الآخرة لأهل الكفر والضلال.
Каапырлардын жана туура жолдон адашкандардын бул дүйнөдө да, кабырда да, ал тургай акыретте да жашоосу тар болот.

 
የይዘት ትርጉም ምዕራፍ: ጣሃ
የምዕራፎች ማውጫ የገፅ ቁጥር
 
የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የቁርአን አጭር ማብራርያ ትርጉም በቂርጊዝኛ ቋንቋ - የትርጉሞች ማዉጫ

ከቁርአን ተፍሲር ጥናት ማዕከል የተገኘ

መዝጋት