የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - የትርጉሞች ማዉጫ


የይዘት ትርጉም አንቀጽ: (36) ምዕራፍ: ሱረቱ ሙሀመድ
إِنَّمَا ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَا لَعِبٞ وَلَهۡوٞۚ وَإِن تُؤۡمِنُواْ وَتَتَّقُواْ يُؤۡتِكُمۡ أُجُورَكُمۡ وَلَا يَسۡـَٔلۡكُمۡ أَمۡوَٰلَكُمۡ
Чындыгында дүйнө жашоосу оюн жана көңүл ачуу. Андыктан акылы бар адам акырет ишин таштап дүйнө менен алектенбейт. Эгерде силер Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирсеңер жана Аллахтын буйруктарын аткарып, Анын тыйгандарын таштасаңар, анда Ал иш-аракеттериңердин сообун кемитпестен толук берет. Ал силердин мал-мүлкүңөрдүн баарын талап кылбайт. Чындыгында Ал силерден зекетке милдеттүүсүн гана талап кылат.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• سرائر المنافقين وخبثهم يظهر على قسمات وجوههم وأسلوب كلامهم.
Эки жүздүүлөрдүн ички дүйнөсү жана кара ниеттиги жүздөрүнөн жана сүйлөгөн сөздөрүнөн билинип турат.

• الاختبار سُنَّة إلهية لتمييز المؤمنين من المنافقين.
Сыноо – ыймандууларды эки жүздүүлөрдөн айырмалаш үчүн Аллахтын карманган жолу.

• تأييد الله لعباده المؤمنين بالنصر والتسديد.
Аллахтын ыймандуу пенделерине аларды колдоо жана түз жолго салуу менен жардам берүүсү.

• من رفق الله بعباده أنه لا يطلب منهم إنفاق كل أموالهم في سبيل الله.
Аллахтын Өз пенделеринен бардык мал-мүлктөрүн сарптоолорун талап кылбоосу – Анын аларга болгон мээримдүүлүгүнөн.

 
የይዘት ትርጉም አንቀጽ: (36) ምዕራፍ: ሱረቱ ሙሀመድ
የምዕራፎች ማውጫ የገፅ ቁጥር
 
የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - የትርጉሞች ማዉጫ

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

መዝጋት