የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - የትርጉሞች ማዉጫ


የይዘት ትርጉም አንቀጽ: (150) ምዕራፍ: ሱረቱ አል-አዕራፍ
وَلَمَّا رَجَعَ مُوسَىٰٓ إِلَىٰ قَوۡمِهِۦ غَضۡبَٰنَ أَسِفٗا قَالَ بِئۡسَمَا خَلَفۡتُمُونِي مِنۢ بَعۡدِيٓۖ أَعَجِلۡتُمۡ أَمۡرَ رَبِّكُمۡۖ وَأَلۡقَى ٱلۡأَلۡوَاحَ وَأَخَذَ بِرَأۡسِ أَخِيهِ يَجُرُّهُۥٓ إِلَيۡهِۚ قَالَ ٱبۡنَ أُمَّ إِنَّ ٱلۡقَوۡمَ ٱسۡتَضۡعَفُونِي وَكَادُواْ يَقۡتُلُونَنِي فَلَا تُشۡمِتۡ بِيَ ٱلۡأَعۡدَآءَ وَلَا تَجۡعَلۡنِي مَعَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ
Муса Аллах Таала менен сүйлөшүп коомуна келгенде, музоого сыйынып кетишкенин көрүп, аларга ачууланып, кайгырып: "Эй, коом, мен жокто кыйроону жана бактысыздыкты шаштырган турган өтө жаман иш кылыпсыңар, мени күтпөй, музоого сыйынууга бет алдыңарбы?!" - деди. Ачуусунун жана кайгысынын катуулугуан колундагы тактайларын жерге таштап, бир тууганы Харундун чач-сакалынан силкилдетип, музоого сыйынып кеткен коомду өзгөрпөй, алар менен бирге жүргөнүнө айыптай баштады. Харун Мусадан кечирим сурап, ага жагынып: "Эй, апмадын уулу, булар мени алсыз санап, кордошту, аз жерден өлтүрүп коёюн дешти, мени душмандарыма ылайык жаза менен жазалаба, аччуң менен мени Аллахтан башкага ибадат кылган коомдогу залымдардын катарына кошпо" - деди.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• في الآيات دليل على أن الخطأ في الاجتهاد مع وضوح الأدلة لا يعذر فيه صاحبه عند إجراء الأحكام عليه، وهو ما يسميه الفقهاء بالتأويل البعيد.
Аяттарда, ачык далилдер менен өкүм кылганда ката кетирген адам ал өкүмдөр аткарылганда кечирилбейт, муну аалымдар "тавиил ал-баид" деп аташат.

• من آداب الدعاء البدء بالنفس، حيث بدأ موسى عليه السلام دعاءه فطلب المغفرة لنفسه تأدُّبًا مع الله فيما ظهر عليه من الغضب، ثم طلب المغفرة لأخيه فيما عسى أن يكون قد ظهر منه من تفريط أو تساهل في رَدْع عَبَدة العجل عن ذلك.
Дуба кылганда биринчи өзүнө дуба кылуу жакшы, Муса пайгамбар дуба кылганда сылыктык менен алгач өзүнүн ачууга алдырганына кечирим тилеп, андан соң бир тууганы аларды музоого ибадат кылуудан тыюуда алсыздык кылып, кош көңүл болгону үчүн ага кечирим тиледи.

• التحذير من الغضب وسلطته على عقل الشخص؛ ولذلك نسب الله للغضب فعل السكوت كأنه هو الآمر والناهي.
Ачуудан жана анын адамдын акылын кетире турган козутуусунан сактануу зарыл, ошон үчүн Аллах бул учурда унчукпай калууну милдет кылган, ал буйруучу да, тыюучу да.

• ضرورة التوقي من غضب الله، وخوف بطشه، فانظر إلى مقام موسى عليه السلام عند ربه، وانظر خشيته من غضب ربه.
Аллахтын ачуусунан сактануу, анын күч-кубатынан коркуу зарыл. Муса пайгамбардын Раббисинин алдындагы абалын, Раббисинин ачуусунан коркконун карап көр.

 
የይዘት ትርጉም አንቀጽ: (150) ምዕራፍ: ሱረቱ አል-አዕራፍ
የምዕራፎች ማውጫ የገፅ ቁጥር
 
የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - የትርጉሞች ማዉጫ

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

መዝጋት