Check out the new design

የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የቁርአን አጭር ማብራርያ ትርጉም በቂርጊዝኛ ቋንቋ * - የትርጉሞች ማዉጫ


የይዘት ትርጉም ምዕራፍ: ኑህ   አንቀጽ:
يُرۡسِلِ ٱلسَّمَآءَ عَلَيۡكُم مِّدۡرَارٗا
Эгерде силер муну аткарсаңар, Аллах силер муктаж болгон сайын нөшөрлөгөн жамгыр жаадырат жана силерде кургакчылык болбойт.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَيُمۡدِدۡكُم بِأَمۡوَٰلٖ وَبَنِينَ وَيَجۡعَل لَّكُمۡ جَنَّٰتٖ وَيَجۡعَل لَّكُمۡ أَنۡهَٰرٗا
Жана силерге көп мал-мүлк жана бала-чака берет, силер мөмө-жемишинен жеген бакчаларды кылат жана силер ичүү үчүн жана жерлериңерди, малдарыңарды сугаруу үчүн дарыяларды кылат.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
مَّا لَكُمۡ لَا تَرۡجُونَ لِلَّهِ وَقَارٗا
Оо, элим! Эмне үчүн силер эч нерсеге карабай Аллахка баш ийбестик кылып, Анын улуулугунан коркпой жатасыңар?
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَقَدۡ خَلَقَكُمۡ أَطۡوَارًا
Ал силерди бел суудан, кийин уюган кандан, кийин үзүм эттен этап-этабы менен жаратты.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
أَلَمۡ تَرَوۡاْ كَيۡفَ خَلَقَ ٱللَّهُ سَبۡعَ سَمَٰوَٰتٖ طِبَاقٗا
Аллах жети асманды, асман үстүнө асман кылып кантип жаратканын көрбөй жатасыңарбы?
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَجَعَلَ ٱلۡقَمَرَ فِيهِنَّ نُورٗا وَجَعَلَ ٱلشَّمۡسَ سِرَاجٗا
Дүйнө асманына Айды жайгаштырды, андан жердин жашоочуларына нур чачырайт. Ал эми Күндү жарык кылды.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَٱللَّهُ أَنۢبَتَكُم مِّنَ ٱلۡأَرۡضِ نَبَاتٗا
Аллах түпкү атаңар Адамды топурактан жаратуу менен силерди жерден жаратты. Кийин силер ал өстүрүп чыгарган нерселер менен азыктанасыңар.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ثُمَّ يُعِيدُكُمۡ فِيهَا وَيُخۡرِجُكُمۡ إِخۡرَاجٗا
Андан соң силерди өлүмдөн кийин кайра ага кайтарат. Кийин андан кайра тирилтип чыгарат.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُمُ ٱلۡأَرۡضَ بِسَاطٗا
Аллах силер үчүн жерди жашоого ылайыктуу тегиз кылды.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
لِّتَسۡلُكُواْ مِنۡهَا سُبُلٗا فِجَاجٗا
Балким силер адал ырыскы издеш үчүн андагы кенен жолдордо жүрөсүңөр.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
قَالَ نُوحٞ رَّبِّ إِنَّهُمۡ عَصَوۡنِي وَٱتَّبَعُواْ مَن لَّمۡ يَزِدۡهُ مَالُهُۥ وَوَلَدُهُۥٓ إِلَّا خَسَارٗا
Нух айтты: «Оо, Раббим! Чындыгында коомум жалгыз Сага сыйынуу жана Өзүңө гана ибадат кылуу сыяктуу мен аларды буйруган нерселерге баш ийбестик кылышты жана арасыңдагы төмөн адамдар Сен байлык жана бала-чака берген башчыларын ээрчип кетишти. Алар болсо Сенин берген жакшылыктарың менен алардын адашууларын кайра күчөттү.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَمَكَرُواْ مَكۡرٗا كُبَّارٗا
Алардын чоңдору төмөн адамдарды Нухка каршы тукуруп, чоң айла-амал кылышты.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَقَالُواْ لَا تَذَرُنَّ ءَالِهَتَكُمۡ وَلَا تَذَرُنَّ وَدّٗا وَلَا سُوَاعٗا وَلَا يَغُوثَ وَيَعُوقَ وَنَسۡرٗا
Аларды ээрчигендерге айтышты: «Кудайларыңарга сыйынганды таштабагыла жана силердин айкелдериңер Вадды, Сувааны, Ягусту, Яукту жана Насрды таштабагыла».
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَقَدۡ أَضَلُّواْ كَثِيرٗاۖ وَلَا تَزِدِ ٱلظَّٰلِمِينَ إِلَّا ضَلَٰلٗا
Алар бул айкелдери менен көптөгөн адамдарды адаштырды. Оо, Раббим! Каапырлыктан жана күнөөлөрдөн баш тартпай өздөрүнө зулумдук кылгандардын акыйкаттан адашуусун көбөйт.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
مِّمَّا خَطِيٓـَٰٔتِهِمۡ أُغۡرِقُواْ فَأُدۡخِلُواْ نَارٗا فَلَمۡ يَجِدُواْ لَهُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ أَنصَارٗا
Алар кылган күнөөлөрү себептүү дүйнөдө топон сууга чөктүрүлдү. Анан өлүмдөн кийин түз тозокко киргизилип, аларды чөгүүдөн жана тозоктон куткарганга Аллахтан башка эч бир жардамчы табышпады.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَقَالَ نُوحٞ رَّبِّ لَا تَذَرۡ عَلَى ٱلۡأَرۡضِ مِنَ ٱلۡكَٰفِرِينَ دَيَّارًا
Качан Аллах Нухка буга чейин ыйман келтиргендерден башка эч ким ыйман келтирбейт деп кабар бергенде, ал айтты: «Оо, Раббим! Жер бетинде айланган же кыбыр эткен бир да каапырды калтырба.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِنَّكَ إِن تَذَرۡهُمۡ يُضِلُّواْ عِبَادَكَ وَلَا يَلِدُوٓاْ إِلَّا فَاجِرٗا كَفَّارٗا
Раббибиз! Эгерде Сен аларды таштап, аларга мөөнөт берсең, ыймандуу пенделериңди адаштырышат жана Сага моюн сунбаган, жакшылыктарыңа шүгүр кылбай, каапырлыкты катуу карманган бузуку адамдарды төрөшөт.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
رَّبِّ ٱغۡفِرۡ لِي وَلِوَٰلِدَيَّ وَلِمَن دَخَلَ بَيۡتِيَ مُؤۡمِنٗا وَلِلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِۖ وَلَا تَزِدِ ٱلظَّٰلِمِينَ إِلَّا تَبَارَۢا
Раббим! Менин күнөөлөрүмдү кечир, ата-энемдин күнөөлөрүн кечир, менин үйүмө ыймандуу болуп киргендерди кечир жана ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды кечир».
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• الاستغفار سبب لنزول المطر وكثرة الأموال والأولاد.
Кечирим суроо – мал-мүлктүн, бала-чаканын жана жамгырдын көп болушуна себеп болот.

• دور الأكابر في إضلال الأصاغر ظاهر مُشَاهَد.
Кичүүлөрдү адаштырууда чоңдордун ролу айдан ачык көрүнүп турат.

• الذنوب سبب للهلاك في الدنيا، والعذاب في الآخرة.
Күнөөлөр – дүйнөдө кыйроого жана акыретте азапка себеп болот.

 
የይዘት ትርጉም ምዕራፍ: ኑህ
የምዕራፎች ማውጫ የገፅ ቁጥር
 
የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የቁርአን አጭር ማብራርያ ትርጉም በቂርጊዝኛ ቋንቋ - የትርጉሞች ማዉጫ

ከቁርአን ተፍሲር ጥናት ማዕከል የተገኘ

መዝጋት