Check out the new design

የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የቁርአን አጭር ማብራርያ ትርጉም በቂርጊዝኛ ቋንቋ * - የትርጉሞች ማዉጫ


የይዘት ትርጉም ምዕራፍ: አል ዐለቅ   አንቀጽ:

Алак

ከመዕራፉ ዓላማዎች:
الإنسان بين هدايته بالوحي وضلاله بالاستكبار والجهل.
Инсанда эки иштин бирин тандоо ыктыяры бар: аян-кабарга ишенип туура жолго түшүү, же текеберлик жана билбестик кылып адашуу.

ٱقۡرَأۡ بِٱسۡمِ رَبِّكَ ٱلَّذِي خَلَقَ
Оо, пайгамбар! Бүткүл макулуктарды жараткан Раббиңдин ысымы менен баштап, Аллах сага вахий кылган нерсени оку.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
خَلَقَ ٱلۡإِنسَٰنَ مِنۡ عَلَقٍ
Ал инсанды бел суу болгондон кийин уюган бир бүртүк кандан жаратты.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ٱقۡرَأۡ وَرَبُّكَ ٱلۡأَكۡرَمُ
Оо, пайгамбар! Аллах сага вахий кылган нерсени оку. Сенин Раббиң эң Жоомарт. Анын жоомарттыгына эч бир жоомарт тең келбейт, Анын берешендиги жана айкөлдүгү чексиз.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ٱلَّذِي عَلَّمَ بِٱلۡقَلَمِ
Ал инсанга кол жазманы жана калем менен жазууну үйрөттү.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
عَلَّمَ ٱلۡإِنسَٰنَ مَا لَمۡ يَعۡلَمۡ
Ал инсанга билбегенин үйрөттү.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
كَلَّآ إِنَّ ٱلۡإِنسَٰنَ لَيَطۡغَىٰٓ
Акыйкатта, бузуку адам Аллахтын чектеринен чыгууда Абу Жахл сыяктуу чектен чыгып кетет.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
أَن رَّءَاهُ ٱسۡتَغۡنَىٰٓ
Анткени ал колундагы мал-мүлк жана бийлик себептүү өзүн беймуктажмын деп көрөт.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِنَّ إِلَىٰ رَبِّكَ ٱلرُّجۡعَىٰٓ
Эй, инсан! Кыямат күнү Раббиңе гана кайтуу болот. Ошондо Ал ар бирине өзүнө жараша сыйлыгын же жазасын берет.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
أَرَءَيۡتَ ٱلَّذِي يَنۡهَىٰ
Тыйып жаткан Абу Жахлдын ишинен да таң калыштуу нерсени көргөн белең?!
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
عَبۡدًا إِذَا صَلَّىٰٓ
Ал Биздин кулубуз Мухаммадды Каабанын жанында намаз окуудан тыйып жатат.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
أَرَءَيۡتَ إِن كَانَ عَلَى ٱلۡهُدَىٰٓ
Кандай ойлойсуң, ошол тыйылган адам Раббиси тараптан акыйкат жолдо жана туура аңдоодо болсочу?!
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
أَوۡ أَمَرَ بِٱلتَّقۡوَىٰٓ
Же ал адамдарды Аллахтын буйругун аткарып, тыйгандарын таштоо менен Андан коркууга чакырып жаткан болсо, ушундай кылган адамды тыйган болобу?
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• رضا الله هو المقصد الأسمى.
Аллах Тааланын пайгамбарынын атын даңазалап урмат кылуусу

• أهمية القراءة والكتابة في الإسلام.
Аллахтын ыраазылыгын табуу – бул, эң бийик максат.

• خطر الغنى إذا جرّ إلى الكبر والبُعد عن الحق.
Исламда окуунун жана жазуунун маанилүүлүгү.

• النهي عن المعروف صفة من صفات الكفر.
Байлык адамды текеберликке түртүп, акыйкаттан алыстатса, анда ал коркунучтуу.

• إكرام الله تعالى نبيه صلى الله عليه وسلم بأن رفع له ذكره.
Жакшылыктан тыюу – каапырларга тиешелүү сыпаттардын бири.

 
የይዘት ትርጉም ምዕራፍ: አል ዐለቅ
የምዕራፎች ማውጫ የገፅ ቁጥር
 
የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የቁርአን አጭር ማብራርያ ትርጉም በቂርጊዝኛ ቋንቋ - የትርጉሞች ማዉጫ

ከቁርአን ተፍሲር ጥናት ማዕከል የተገኘ

መዝጋት