ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية * - فهرس التراجم

PDF XML CSV Excel API
تنزيل الملفات يتضمن الموافقة على هذه الشروط والسياسات

ترجمة معاني آية: (2) سورة: النساء
وَءَاتُواْ ٱلۡيَتَٰمَىٰٓ أَمۡوَٰلَهُمۡۖ وَلَا تَتَبَدَّلُواْ ٱلۡخَبِيثَ بِٱلطَّيِّبِۖ وَلَا تَأۡكُلُوٓاْ أَمۡوَٰلَهُمۡ إِلَىٰٓ أَمۡوَٰلِكُمۡۚ إِنَّهُۥ كَانَ حُوبٗا كَبِيرٗا
(О, ыймандуулар!) Жетимдерге өз малдарын бергиле. Ыпылас нерсени тазага алмаштырбагыла жана алардын малын өз малыңарга кошуп жебегиле. Анткени, ал - чоң күнөө![1]
[1] Бул аят ата-энелери өлүп, бирөөнүн аталык (опекундук) карамагында калган жетимдердин укугун коргоп, аталык милдетин өз мойнуна алган момундарга, кол астындагы жетимдердин мурас мүлкүн алар эрезеге жеткенде өз колдоруна тапшырууну буюруп, жетимдин малын кыянаттык менен жегендикти ыпыластык деп жарыялап, өздөрүнүн адал - пакиза мүлкүн кыянаттык менен булгап албагыла деп эскертүүдө жана өзүңөрдүн малыңарды гана жегиле бирок, жетимдердин малын кошуп жебегиле деп таалим берүүдө. “Ыпыласты пакизага алмаштырбагыла” деген сөздүн дагы бир мааниси, өзүңөрдүн төмөн, сапаты начар мүлкүңөрдү жетимдердин асыл-таза буюмдарына алмаштырып койбогула дегенди да түшүндүрөт. Кыскасы, бул аят жетимдерге, айрыкча, тарбиясы кол астында болгон жетимдерге адилет менен мамиле кылууга буюрат.
التفاسير العربية:
 
ترجمة معاني آية: (2) سورة: النساء
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية - فهرس التراجم

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

إغلاق