ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (7) سورة: الفاتحة
صِرَٰطَ ٱلَّذِينَ أَنۡعَمۡتَ عَلَيۡهِمۡ غَيۡرِ ٱلۡمَغۡضُوبِ عَلَيۡهِمۡ وَلَا ٱلضَّآلِّينَ
Ал жол – Өзүң жакшылыктарыңды берип, туура жолго баштаган пайгамбарлар, чынчылдар, шейиттер, тууралыкты карманган адамдар сыяктуу пенделериңдин жолу. Алар кандай гана сонун жолдоштор! Акыйкатты билип туруп, аны ээрчибеген, Сенин каарыңа калган жөөттөр сыяктуу жана ошондой эле акыйкатты жана туура жолго түшүүнү талаптагындай издебегени үчүн акыйкаттан адашкан христиандар сыяктуулардын жолуна баштаба.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• افتتح الله تعالى كتابه بالبسملة؛ ليرشد عباده أن يبدؤوا أعمالهم وأقوالهم بها طلبًا لعونه وتوفيقه.
Пенделери бардык иштерин жана сөздөрүн «бисмиллах» менен баштап, Андан ийгилик тилеп, жардам суроолору үчүн Аллах Таала аларга багыт берүү максатта Китебин «бисмиллах» менен баштады.

• من هدي عباد الله الصالحين في الدعاء البدء بتمجيد الله والثناء عليه سبحانه، ثم الشروع في الطلب.
Алгач Аллахты улуктап, Ага мактоо айтып, андан кийин муктаждыгын суроо – салих адамдардын дуба кылуудагы тутунган жолдорунан болуп эсептелет.

• تحذير المسلمين من التقصير في طلب الحق كالنصارى الضالين، أو عدم العمل بالحق الذي عرفوه كاليهود المغضوب عليهم.
Адашкан христиандар сыяктуу туура жолду издөөдө кемчилик кетирүүдөн жана каарга калган жөөттөр сыяктуу туура жолду билип туруп, аны иш жүзүндө аткарбай коюудан мусулмандарды эскертүү.

• دلَّت السورة على أن كمال الإيمان يكون بإخلاص العبادة لله تعالى وطلب العون منه وحده دون سواه.
Бул сүрөө, ыймандын толуктугу жалгыз Аллах Таалага чын ыкылас менен ибадат кылуу жана Андан гана жардам суроо менен болорун билдирет.

 
ترجمة معاني آية: (7) سورة: الفاتحة
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق